Боз үй

boz_yi

Турак-жай, үй адамдардын жашоосунун негизги шарты болуп, отурукташып жашоосунда, үй-бүлө куруусунда, дегеле, адам катары күн кечирүүсүндө негизги ролду аткарат. Ошол себептүү адамзаттын аң-сезимдүү жашоонун алгачкы этаптарында эле турак-жай маселесине өзгөчө маани берилген.

Тарых барактарында кыргыздырдын боз үйү тууралуу маалыматтар биздин заманга чейинки мезгилге таандык экендиги белгилүү. Ал эми «Манас» эпосунда кыргыздардын негизги турагы катары сүрөттөлөт. XX кылымдын Гомери аталган улуу манасчы Саякбай Каралаев боз үйдүн жасалышын, тигилишин, жасалгасын күн-түн айткан деп аңыз менен эскерилип жүрөт.

Биздин эрага чейинки экинчи миң жылдыкта көчмөн турмушта жашаган кыргыздар, казактар, монголдор, татарлар, башкырлар жана башка түрк тилдүү элдер тегерек формадагы боз үйдүн конструкциясын пайдаланып келишкен. Мындай үйлөр башка формадагы үйлөрдөн ички сыйымдуулугу, геометриялык жактан тактыгы, кооздугу жана табияттын түрдүү шарттарына ыңгайлуулугу менен айрымаланган.

Алгачкы мезгилде турак табияттын ар кандай катаалдыктарынан коргонуу үчүн колдонулганы менен, бара-бара анын мааниси улам артып, аткара турган функциясы кеңейип отурган. Адамдар барган сайын өз жашоосуна кам көрүп, ыңгайлуу шарт түзүп, улам турмуш ылайыгына жараша турактын түзүлүшү татаалданып бара берген. Адам чөйрөсү үй курууга керектүү табийгый таш, топурак, өсүмдүктөрдөн тургандыктан, ал материалдар кеңири пайдаланылган.

Көчмөн элдердин турмушуна ылайыкталган турактын түрү алгач үч бурчтуу, андан кийинчерээк көп бурчтуу, тегерек формага ээ болуп, алар жашаган жердин климатына ылайыкташтырылып, жогоруда айтылгандай, табийгый жана колдо бар, өздөрү баккан малдан, өстүргөн өсүмдүктөрдөн алынган материалдардан жасалган.

«Үй» деген сөздүн этимологиясына кайрылсак, сөздүн пайда болуш тарыхында эң алгачкы уңгу сөздөр аз гана муундан туруп, байланыштын куралы катары эң жөнөкөй маанини билдиргени менен, ошол уңгу сөздөр кийинки жаңы сөздөрдүн пайда болушуна, жасалышына негиз болгондугу окумуштуулардын изилдөөлөрүнөн белгилүү. «Үй» сөзү эне тилибиздеги «үйө берүү, жыйноо, топтоо» деген маанини берген этиш сөздөн алынып, жашоого керектүү нерселер үйүлгөн жер «үй» (турак маанисинде) деп аталып, анын айланасына пикирлеш адамдардын тобу чогулуп, семантикалык жол менен «үй» деген зат атооч сөз пайда болгон. Улам барган сайын коом жаңыланып, аң-сезим байып, ошону менен бирге мурда жөнөкөй түшүнүктү билдирген сөздөрдүн мааниси кеңейип, колдонулушу жагынан да өстү, өнүктү. Натыйжада «үй» байыркы мезгилде тар маанисинде үйүү түшүнүгүн билдирсе, азыркы мезгилде үй улуттук турак, турак жайдын ар кандай түрлөрү, ал эми боз үй кыргыз элин башка элдерден айрымалап турган символдук белги катары да колдонулуп калды.

Ырас, совет доорунда кыргыз элинин улуттук турагы болгон боз үйгө жасалган мамиле солгундап, жамандыкта гана тигилип, анан өсүп-өнүгүү процесси токтоп да калды. Анысы аз келгенсип, бирөөнүн эшигине боз үй тигилсе, жамандык болгон турбайбы деген түшүнүк калыптанып, андан алиге чейин арылбай келебиз. Боз үйгө жасалган мамиле эгемендүүлүк жылдарында жанданып, ошондон бери анын түзүлүшү, жасалгасы өркүндөтүлүп келе жаткандыгы бир жагынан ата мурасынын кайра жаралышын туюнтса, экинчи жагынан элибиздин улуттук сезими кайра жаралууга дуушар болуп, боз үйдү мурунку ата-бабалар кандай барктап-бааласа ошондой даражага жетип калгандыгы кубанарлык көрүнүш. «Манас» эпосунун миң жылдыгына арналып тигилген боз үйлөр, андагы 12 канаттуу, 3 кабатуу үй не деген гана керемет. Аларды карап туруп, кыргыздардын фантазиясына, кол өнөрчүлүгүнүн чексиздигине баа бересиң.

Кыргыз эли боз үйдө жылдын төрт мезгилинде тең жашап, өз жашоосуна ыңгайлаштырып ар түрдүүчө жасашкан. Боз үй кыштын ызгаардуу суугунда тегереги бекитилип, коломтого от жагылып адамды сууктан сактаса, жазгы жааган жаандан, күндүн аптабынан, күзгү шамалдан сактануу үчүн шарт түзүлгөн. Ал эми боз үйдүн ичиндеги түзүлгөн микроклимат адамдын ден-соолугу үчүн абдан пайдалуу келет.

Жылдын кайсы мезгилинде болбосун табияттын түрдүү шарттарында боз үйдү аман сактап калуунун жолдорун да акыл жаздымында калтырышкан эмес. Боз үйдүн өзүн ар кандай кырсыктардан сактоону да кыргыздар өтө чеберчилик менен ойлонгон. Мисалы, кышында аны кардан арылтып, жаккан оттун табынан жабуусу кургатылган. Туурдукту сыйрып, жерге салынган буюмдарды бийик секилерге коюп селден сактаган. Желбоону ортого кагылган казыкка бекем байлап, өрө кийизди сыйрып салып катуу шамалдан аман алып калышкан.

Пайда болуу, калыптануу мезгилинде боз үй көптөгөн турмуштук сыноолордон өтүп, алымча-кошумчалары менен такталып, толукталып, кыргыз элинин материалдык маданиятынын эң мыкты үлгүсү катары биздин күнгө келип жетти. Боз үй бара-бара жөнөкөй эле жашоо турагы болбостон, ар бир улуттун кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсү катары, кооздукту, сулуулукту тартуулайт. Анткени боз үйдүн жасалышы, тигилиши, чечилиши өзгөчө бир жөрөлгөлөр менен коштолуп, чеберчиликти талап кылат. Алсак, боз үйдүн бөлүктөрүнөн болгон сөөгү (жыгачы) түндүк, уук, кереге, босого таяк, каалга жана ача бакан мыкты жыгач устанын чеберчилигинен жаралса, ал эми калган бөлүктөрү өрө кийизи, боо-чуусу, чийи, аяк кабы, чыны кабы уз айымдардын чебер колдорунан жаралат. Бул буюмдардын жасалышында кол өнөрчөлүктүн жыгач устачылык, узчулук, зергерчилик, сайма, чий чырмоо ж.б. сыяктуу көптөгөн түрлөрүнүн биргелешкен арекети сарп кылынат.

Ар бир улуттун жашоо шартына, жаратылышына, мүнөзүнө, дүйнө таанымына, философиялык көз карашына, рухий байлыгына жараша элдик кол өнөрчүлүк да ар түрдүү болот эмеспи. Мына ушундай ар түрдүүлүк кол өнөрчүлүктө улуттук колоритти жаратып, бир улуттан экинчи улутту айрымалап турат. Кыргыздын боз үйү башка канатташ элдерде тигилген үйлөргө караганда өзүнүн жогорудагыдай белгилери менен өзгөчөлөнөт. Үйдүн формасы, жасалышы, кооздолушу, андагы түшүрүлгөн оймо-чиймелер кыргыз жеринин жаратылышына шайкеш келип, элдин рухий маданияты менен сугарылган нукура улуттук колоритти чагылдырат.

Байыркы ата-бабалардан бери жашап, турмуш кечирип келген боз үй кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнүн мыкты үлгүсү гана эмес, рухий маданиятынан да терең орун алган. Анткени боз үйгө байланышкан буюм-тайымдар салттуулук мүнөзгө ээ болуп, ар биринин колдонулушу өзгөчө жөрөлгө менен коштолот. Мисалы, түндүк – жашоонун, үй-бүлөнүн символун билдирген ыйык буюм катары каралса, босого – таяныч, үйдүн кире бериши, үй-бүлөнүн сырткы чеги сыяктуу түшүнүктөрдү берет. Элибизде түндүк көтөрүү, үй көтөрүү жөрөлгөсүндө эр жигиттин түндүк көтөрүшү, түндүктөн койдун башын ыргытуу, от жагып түтүн булатуу, чачыла чачуу сыяктуу үй ээсинин келечегине каалоо тилектерди билдирген ага тиешелүү ырым-жырымдар аткарылат. «Түндүгүң көтөрүлсүн» – өз алдыңча үйлүү бол, дайыма бар бол, «түндүгүңдөн дайыма түтүн булап турсун» – дайыма аман-эсен бол, барчылыкта жаша, коломтоң өчпөсүн , ал эми босогого байланыштуу «ак босого» – ак тилектүү, ак жолтой болсун, «ак босогону аттоо» – көбүнчө келинге карата айтылып, келген жериңден бак тап, бактылуу бол деген түшүнүктөр жакшы тилекти билдирет. «Түндүгү түштү» – «ак босого бузулду» деген айтымдар адамдын турмушундагы жагымсыз окуя болгонун, кейиштүү жаман жышаананы билдирип турат. Ошондой эле элде түндүктү башка буюмдардан жогору коюу, бут тийгизбөө, босогону жөлөнүп турбоо, босогону таза кармоо сыяктуу ахлактык жакшы жөрөлгөлөр бар.

Боз үй кыргыз элинин ата-бабалардан бери келе жаткан материалдык жана рухий байлыгы, мурасы. Анткени улуттук кол өнөрчүлүктүн мыкты үлгүлөрүнөн жасалган боз үйгө кыргыз элинин рухий байлыгы да сиңирилип, эки багыттагы мурастын синтези катары бааланат. Кыргыз элинин символдук белгилеринин бири катары түндүктүн алынышы мамлекеттин, элдин улуттук сезиминин кайра жаралышын айгинелеп турат.

“Муслим.KG, 05.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.