Ай – санат

“Календарь” деген түшүнүктү “ай-санат” деп айтууну сунуш кылаар элем. Азыр биз колдонуп жүргөн кыргыз календары “кыргызмын” деген жаранды иренжите турган абдан чаржайыт. Аталыштарын баамдап көрүңүздөрчү, “баш оона, аяк оона” ж. б.

Кыргыз элим үчүн арданып кетем. Бугу, кулжа, теке деп келип, тогуздун айы, жетинин айы, бештин айы деп жыл аяктайт. Айларды антип атасак, койдун “кууту, тууту, кыркын күпкө” деген аттарды деле ылайыктасак болот экен да! .

Кыскасы, бул вариант жарабайт деп эсептеймин. Искусствонун адиси катары мен кыргыздын ай-санатын түздүм. Жаңы ай-санатты түзөөрдө белорусь, украин, казактардын календарларын карап чыктым.

Украиндерде, мисалы, апрелди – зелень (б.а. жалбырактар жашыл түстө дегенди), октябрь айы – жовтень (жалбырактар саргайды дегенди) туюндурат экен. Орусча айтканда, “просто и гениально”!

Казактар жыл которулгандагы, каңтарылгандагы январь айын “каңтар” дешет экен. Абдан туура. Аш-тойдун айы октябрды – “казанас” деп аташыптыр. Туура, жарашат. Орто Азияда, мисалы, мартты – “нооруз” айы десек туура болчудай.

Кыскасы, менин ай-санатым:

январь – алгач ай, февраль – шалбырт, март – нооруз, апрель – көктөм, май – мемир, июнь – бал кымыз, июль – жай чилде, август – берекет, сентябрь – коңур күз, октябрь – казанас, ноябрь – кыш илеп, декабрь – кычыроон.

…Биз, кыргыздар, деги кызыкпыз, Ысык-Көлдү – Ысыккөл, Жалал-Абадды – Жалал- Абад деп бириктирип айталы деп чыкты. Абзацты “тып” дейли, параграфты – “бап” дейли деп чыгышты, депутаттар. Башка маселе түгөнүп калгансып. Албетте, обу жоктук!

Менин ай-санатымды баамдап, талдап, колдоп бериңиздер.

Сарынын Астары, композитор, «Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.