Алишер Навоинин туулганына 569 жыл толду

navoiЧыгыш жылдыздарынын бири Алишер Навоинин туулганына 9-февралда 569 жыл толду. Улуу акын, атактуу аалым, түрк тилинин кадырын көтөргөн даңазалуу инсан жөнүндө кыскача кеп.

Алишер Навои 1441-жылы 9-февралда жарык дүйнөгө келгендиги тарыхта белгилүү. Тарых илимдеринин доктору, профессор Закирбек Эралиев Чыгыш жылдызы Алишер Навоинин эки улуу сапатын баса белгиледи:

Алишер Навои бир чоң жыйналышта чыгып сүйлөп, бул түркий тил өзүнүн көркөмдүгү боюнча, угумдуулугу-жугумдуулугу боюнча фарсы тилинен ашса ашып түшөт, эч кем калбайт деп жарыя кылган экен. Биз өз чыгармаларыбызды элге жакшынакай жеткирүү үчүн ушул түркий тилде жазышыбыз керек деп үндөгөн. Бул жагынан, чыныгы патриот! Экинчиден, Алишер Навои физика менен химияны таң каларлык деңгээлде өздөштүргөн мыкты окумуштуу! Табият таануу жагына чоң салым кошкон.

Алишер Навоини кыргыз эли менен байланышта караган жазуучу Турусбек Мадылбай үчүн 9-февраль – кош майрам. Анткени бул күнү Курманбек Баянар аттуу 1 жашар уулу менен Алишер Навоинин туулган күндөрүн белгилейт:

Алишер Навоини көбүнчө бизге, кыргыздарга тиешеси жок акын катары карашат. Мына анын “Эки тил жөнүндө ой” деген чыгармасы. Анда тили жагынан түрк элдери абдан бай, кыбыр эткендин баарынын аталыштары бар деп жазып келип,  өзбектер тамак-аштарды да түркчө айтат: каймак, каттама, буламык, курут, олобо, манты, куймак, кымыз, сүзмө, бозо деп. Бул сөздөр бүт кыргызча болуп аткандан кийин Алишер Навоинин кыргызга түздөн-түз тиешеси бар.

Акын Сүйөркул Тургунбаев 1991-жылы Алишер Навоинин Ташкенде, Самаркандда өткөн 550 жылдык мааракесине катышкан, 18 тилде чыгарылган “Өлбөстүк гүлү” аттуу казалдар китебине анын ырларын кыргызча которуп киргизген. Сүйөркул Тургунбаев Алишер Навои жөнүндө буларды айтат:

Ал чыгармаларынын эң мыктыларын – “Лайли менен Мажнунду”, “Фархад менен Ширинди”, “Куштардын тили” деген китебин, улуу-улуу казалдарын, философиялык трактаттарды түрк тилинде жазуу менен ошол заманда түрк тилин, түрк маданиятын өтө бийиктикке көтөргөн.

Алишер Навои кезинде Самаркан шаарынын эмири да болгон, өмүр бою үйлөнбөй жүрүп, 59 жашында көз жумган.

Кожогелди Култегин, «Азаттык», 09.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.