Булбулдар сайрайт жакында

Азыркы күндө бири-бирине коендой окшош, эстрадалык оюн-зоок концерттери көп кайталанып, көңүлгө көк таштай тийип турган чагы. Ал эми кыргыздын нукура баалуулуктарына басым жасап, төкмөлүк, манасчылык, акындык өнөрлөрүнө көңүл буруп, аларды сахнага алып чыккандар чанда гана. Ошондой болсо да уучубуз куру эмес экен. Кыргыздын нукура өнөрлөрүн элге алып чыгууга бел байлап, баш-оту менен бул ишке киришкен “Бакдөөлөт” коомдук фондунун президенти Мелис МУРАТАЛИЕВге жолугуп баарлаштык.

Кыргыздын көөнө өнөрүн өргө сүрөп, жакшы иш-чара баштаган экенсиздер. Ар бир башталган иштин багыты болот эмеспи. Көздөгөнүңөр эмне?
“Бакдөөлөт” коомдук фонду 2002-жылы уюшулган. Биздин негизги багытыбыз элибиздин көркөм мурастарын сактоо, калыбына келтирүү, өнүктүрүү.

Былтыркы жылдын аягында “Элибиздин келечеги – касиетинде” аттуу чоң долбоор иштеп чыкканбыз. Ошол долбоордун алкагында Кыргызстандын ар бир дубанында “Акындар акты сүйлөсө” деген аталыштагы өнөр аземдерин баштаган элек. Буга чейин Ысык-Көлдүн Каракол шаарында өткөрүлдү. Эми, 18-19-февралда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөрүү планыбыз бар. Максатыбыз эле кыргыздын салттуу баалуулуктарына көңүл бурдуруу. Төкмөлүк, манасчылык, комузчулук өнөрлөрүбүздү көтөрсөк, каныбыздагы мекенчил жана атуулдук аруу сезимдерди курчутсак дейбиз. Аземди акындар алып барат. Алар бири-бири менен айтышпай биздин ата-бабадан келаткан салтты, мурастарды белгилеп, тарых-тамырыбызга кайрылып, санат-насыят ырларын ырдап,төгүшөт.

Бул өнөр аземи, сынакпы же фестивалбы?
Жок, бул сынак да, фестиваль да эмес. Биздин нукура өнөрлөрүбүздүн деңгээлин бийиктетели деген ой. Себеби, буга чейин бир топ эле иш-чаралар жасалып келди. Мына, ХХI кылымдын башында туруп, ааламдашуу артып бара жаткан шарттарда, кыргыз эли өзүнүн маданиятын, ордун жоготпой, ким экенибизди таанып, алдыга татыктуу кадам шилтесекпи деген тилек. Ошон үчүн элибизге гана таандык болгон төкмөлүк, манасчылык, комузчулук өнөрдү көтөрүп чыгып атабыз.

Ага Кыргызстандын бардык аймагындагы өнөр адамдары катышабы?
Долбоор абдан кеңири. Алгач элдик чыгармачылыкты асырап, аздектеп келаткан мыкты өнөрпоздорду тартуу менен баштайбыз. Бирок, жер-жерлерде, дубандарда өткөрүү учурунда, ал жердеги жаш, чыгып келаткан таланттарды тандап алабыз. Кийинчерээк өнөрпоздордун же ышкыбоздордун мектебин ачсак, аларды окутат элек. Бул колдон келчү иш. Анткени бизди түшүнгөн демөөрчүлөр чыгып жатат. Манасчылыкты, төкмөлөрдү, комузчуларды окутуп, тарбия берчү мыкты адистерди чакырып, сабак иретинде өткөрүп, андан сырткары кыргыздын салтына тиешелүү кандай маселелер болсо ошолорду акырындап көтөрүү максатыбыз бар. Келечекте ушул жүрүштүн аркасы менен кыргыздын тарыхый пьесаларын жандандырып, сахна аркылуу да жайылтууну көздөп атабыз. “Кыргыздын келечеги касиетинде” деген аталыштагы “Манас руху” театры бар эле, ошону кайра жандандыралы деген ой бар.

Бардык маселе каражатка келип такалат эмеспи. Каржы маселесин кантип чечип атасыңар?
Азыркы иштелип аткан чоң долбоордун “Акындар акты сүйлөсө” деген иш чарасы бул биринчи кадамы. Ал эми мектеп ачуу боюнча чоң демөөрчүлүктү белгилүү бир жабык акционердик коом жардам берип, чыгымын көтөрүп атат. Бул ишти баштагандан бери кыргыздын мыктылары, ишкерлери көңүл кош карабай, кээ бирлери азыртадан эле колдоо көрсөтөбүз деген жакшы ойлорун айтып, кызматташалы деген таризде баарлашуу болуп атат.

Мектеп ачуу тууралуу жакшы ой-максаттар бар экен, каалоочулардын жаш курагы чектелеби же?..
Мектеп боюнча долбоор азыр иштелип жатат. Ошон үчүн жаш курактары, кандай принциптер тандалып, кандай ыкма менен окутулат, азырынча айтуу эрте.

Жакында филармонияда боло турган аземиңерге кимдер катышат?
Кыргыздын белгилүү төкмөлөрү З.Үсөнбаев, Т.Актанов, Э.Иманалиев, Р.Козукеев, А.Туткучев, М.Кулуев, Ж.Алыбаев сыяктуу акындар, манасчылардан Таланталы Бакчиев, Дөөлөт Сыдыков, комузчулардан Нурак Абдрахманов, Самара Токтакунова, Намазбек Уралиев, Асылбек Насирдиновдор катышышат.
Биз буга чейин комузчуларды, акындарды, манасчыларды чоң концерттерде толуктоочу, кошумча номер катары эле катышканын көрүп келгенбиз. Ал эми ушул өнөргө өзүнчө басым жасап, чоң аземдерди, концерттерди арнаганын көрө элекпиз. Концерт деп калыптанып калган аң-сезимден чыгалы деген кыязда өнөр деген кандай, аны ошол жерден көрсөтөлү, эстрада же батыштын маданиятын аралаштырбай тек гана кыргыздын тектүү, салттуу нукура мурастарын көтөрүп чыгалы деп атабыз. Эгерде ушул өнөрлөрүбүздү өсүп келаткан жаш муундарга жүрөгүнөн түнөк алгыдай кылып өткөрө алсак, келечектеги жаштар биздин маданиятыбызга, тамырыбызга кайдыгер карабай бааласа деген тилек.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.