“Манас-2010” аттуу сынак өтөт

Жакында «Айтыш» кому Бишкекте манасчылык өнөрдү көтөрүү максатында фестиваль өткөргөнү жатат. Анын уюштуруучулардын бири – журналист Шайырбек Абдрахманов “Азаттыкка” маек курду.

Жакында «Айтыш» кому Бишкекте манасчылык өнөрдү көтөрүү максатында фестиваль өткөргөнү жатат. Анын уюштуруучулардын бири – журналист Шайырбек Абдрахманов “Азаттыкка” маек курду.

– “Башканы коюп “Манасты” айт” дегендей, азыр кыргыз коомчулугунда “Манас” эпосу эң башкы талаш-тартыштуу темага айланды окшойт. Сиздер да ЮНЕСКОнун тегерегиндеги талаштардан улам фестивалды дал ушул азыр өткөргөнү жатасыздарбы?

Шайырбек Абдрахманов: Быйылкы жылды президентибиз Мурас жылы деп жарыялады. Мына ушул Мурас жылында “Манастан” башка кайсы мурасыбыз бар деген ойго келип, анан манасчылардын “Манас-2010” деген сынакты уюштуруунун үстүндө иштеп баштадык. Мүмкүн сиз айткандай чынында эле ЮНЕСКОнун айланасындагы окуялар ушуга түрткү болгондур.

– Сынак кандай шартта өтөт? Манасчылар кандай сапаты боюнча тандалып жатат?

Шайырбек Абдрахманов: Манасчыларды эзелтеден эле элибиз иргеп, “бул манасчы, бул семетейчи” деп баа берип келишкен. Мына ошол адаттагыдай эле таризде манасчылардын баарын топтоп, анан тандоо турун өткөрүп, андан өткөн манасчыларга 12 саатка чейин убакыт бөлүп, азыркы замандын үлкөн манасчысын тандап алалы деген ниетибиз бар.

Мамлекет тараптан колдоо, жардам барбы?

Шайырбек Абдрахманов: Кудай буйруса, мамлекет тарабынан колдойт болуш керек деп биз күтүп атабыз. Анткени буга чейин биз акындардын сынактарын өткөрүп келгенде да президенттин байгеси арналып, акындардын айтыштары өтүп келген.

Азыр “Айтыш” коомдук фонду, “Манас-мурас” коомдук фонду, ошондой эле “Замандаш” ассоциациясы тарабынан байге куржуну топтолуп атат. “Айтыш” коомдук фонду 500 миң сом, “Манас-мурас” 500 миң сом, “Замандаш” ассоциациясы 100 миң сом бөлүп, 1 млн. 100 миң сом акча топтолуп калды.

– Рахмат маегиңизге.

Венера Сагындык кызы, «Азаттык», 13.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.