Султанбек Макашов, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, “Кыял” бирикмесинин жетекчиси: “Койдун жүнүн чет өлкөдөн алып калдык”

Кыргыз элинин байыртадан бери башкалардан өзгөчөлөнгөн өзүнүн улуттук кийим-кечеси, буюм-тайымы, жабдыктары болуп келген. Саймаланган чепкен-кемселин, Ала-Тоодой элес берген ак калпагын, энелердин элечегин, кыз-келиндердин шөкүлө-такыясын, аппак бозүйүн, өзгөчө жасалгасы бар ат жабдыктарын бүгүнкү күндө “Кыял” бирикмесинин колунан көөрү төгүлгөн чебер усталары, уздары менен эл талабына жооп берерлик кылып жаратып, нукура кыргыз колоритинин жоголбой сакталып калышына чоң салымын кошуп келет.

Улуттун жүзүн унуткарбай келген бирикменин түзүлүшү жөнүндө айтып өтсөңүз?
“Кыял” бирикмесинин түзүлгөнүнө туптуура кырк жыл болду. 1969-жылы декабрь айында улуттук өнөрдү сактаган ишкана болуш керек деген токтом чыккан. Анткени совет убагында улуттук өнөр дегенди эч ким колдочу эмес, калпак кийген адам деле чанда болчу. Ошол кезде Москвадагы чоң окумуштуулар Нестерова, Алпатов дегендер ЦК КПССге Брежневдин наамына “СССР көп улуттан куралганы менен улуттук өнөрдү кармаган бир да ишкана жок. Ушуну партия колго алып токтом чыгарып берсеңиздер жакшы болот эле. Атайын ишкана болушу керек, болбосо улут бара-бара жоголуп, жоюлуп кетиши мүмкүн. Бизди ушул маселе ойлондурат”деп кат жазышкан. Партия бул маселени колдоп ар бир он беш республикага “Кыялга” окшогон ишканаларды ачышкан.

“Кыял” деген өзгөчө аталышка кандайча ээ болуп калган?
1937-жылы репрессия күчөп, эл душмандары чыкпады беле, ошондо Москвадан Антипина Клавдия Ивановна деген тарыхчы эмчектеги баласы менен Кыргызстанга айдалып келген. Күйөөсү орустардын “Гудок” деген гезитинин башкы редактору экен, эл душманы деп атууга өкүм чыгарышкан. Кыш сүрөөдө көрбөгөн азабы калбай биздин жерге жеткен. Өзү тарыхчы болгондуктан кыргыз өнөрүнө абдан кызыккан. Кыргыздын улуттук кийимдери, саймалары, алакийиз-шырдактары, улуттук музыкалык аспаптары жана башка өнөрлөрү боюнча ал кишинин жыйырмадан ашык китептери чыккан.1969-жылы “Кыял” уюшулуп жатканда Клавдия Антипина Илимдер Академиясында тарых инстититунда иштечү. Ал учурда жергиликтүү өнөр-жай министерствосу болчу, “Кыял” ошол министрликтин астында түзүлгөн.Ишкананын атын “Кыял” деп койбойлубу деп ошол киши сунуш кылган экен. Кыял деген оюу кыргызда көп кездешет, кыял деген мүнөз, фантазия.

Сиз бул жерде канча убакыттан бери эмгектенесиз?
Мен аскерден келгенде жаңыдан уюшулуп бутунан тура элек экен, иштегениме отуз сегиз жыл болду. Ишкана түзүлгөндөн кийин жер-жерлерден чеберлерди издеш керек болду.Укканыбыз боюнча Амантур Акматалиев деген аксакалыбызды алып Таластын Арал деген жерине ээр чаап, камчы өргөн темирчи Апышов Рысбай деген кишиге бардык. Ал кишини “Кыялга” иште десек колхоздун башкармасы бербейм деп чыкты. Ал жакка иштей турган болсо буга суу, дагы бир нерселерди бербейм деп чыкты. Ал кетип калса колхоздун атын ким такалап, арабасын ким оңдойт дейт. Ошентип райисполкомго чейин барып жатып айылында жашап бизде иштесин деген уруксат алдык. Рысбай ага азыр деле бар,бизде иштеп, ушул жерден пенсияга чыкты. Бул бир эле мисал, чеберлерди ушинтип жүрүп топтогонбуз. Көлдүн Ак-терек айылына бозүй чаба турган цех уюштурдук.Бозүй чаба турган талды турпан тал деп коет.Турпан талдын башка талдарга караганда ичиндеги өзөгү таза болот. Биздин аксакалдардын акылдуулугун караңыз, 16-жылы үркүндө Кытайга качып барып кайра келатканда турпан талдын көчөтүн ала келишкен.Боз үйгө жарай турган турпан тал Жети-Өгүз, Түп, Тоң райондорунда гана өсөт.

Калпак, такыялардын кийизи да өзүңүздөрдөн жасалабы?
Калпактын кийизинин түрлөрү аябай көп.Бир түрү Сосновкадагы чакан ишканадан, экинчиси Токмоктон, үчүнчүсү колго жасалып аны биз чыгарабыз. Базар шартына өткөндөн кийин кардарга биз бир нерсенин ар кайсы баанын деңгээлиндеги түрлөрүн көрсөтөбүз. Акчаңызга жараша калпактын түрүн кийе аласыз, базардын закону ушундай экен. Баары эле суусар тебетей , миң сомдук калпак кийе албайт да. Мисалы бозүйдүн деле беш-алты түрү бар.

Элдик кол өнөрчүлүктүн бүгүнкү абалы сизди канааттандырабы?
Азыр “Айчүрөк” соода түйүнүнө барсаң бир кабат бүтүн кол өнөрчүлүк. Союз учурунда мындай көрүнүш түшкө да кирчү эмес.Ошол эле “Айчүрөктө” кичинекей бөлүмчө бар болчу, ошол жерде биздин калпактар, шахматтар турчу.Муну менен эмнени айтайын деп жатам, эгемендүүлүктү алганы улуттук аң-сезимдин өсүшү, экинчиден колхоз-совхоздордун баары жоюлуп кеткени элдин баары өнөрчүлүк менен өнбөсөк болбойт экен деп өнөрдү колго алышты, айыл жеринде мал кармашып, коюң болсо жүнүң бар, жүнүң болсо шырдагың бар деген кеп болуп калды. Малдын саны өсүп келатат, бул кубантат, ал эми бир өкүнүчтүү жери кыргыздын ак уяң жүндүү койлорунун саны азайып баратканы.Биз азыр үйгө кийген чокойдун жаңы түрүн чыгарып жатабыз, аны интернетке салып койгонбуз. Ошону окуп алышып Финляндиядан сансыз өлчөмдө ушул бут кийимди жөнөтүңүздөр деген кат келди. Биз аны жасай албайбыз, себеби жүн жок. Жыйырма миң долларга алар менен келишим түзүп, эми келишимди аткарыш үчүн Москвадан Жаңы Зелландиянын жүнүн алдырып жатабыз. Ал Кыргызстанга келгенде бир киллограммы тогуз доллардан айланып калып жатат.Кою көп кыргыздар жүндү Жаңы Зелландиядан алып жатат деп бирөө укса күлөт да. Акыбал ушундай. Бирок азыр кой өстүрүүчүлөрдүн ассоциациясы түзүлгөн, аларга өзүбүздүн көйгөйлүү маселебизди айтканбыз. Койду өстүрүшүбүз керек, бул Кыргызстандын келечеги.

Жер-жерлерде “Кыялдын” дүкөндөрү барбы, себеби алыскы дубанда жашагандар атайын келип сиздерден сатып алып кеткенге дайыма эле шарты боло бербесе керек?
Ар бир ишкананын ичинен бөлүнүп чакан ишкана болобуз десе тоскоолдук болбосун деген өкмөттүн токтому чыккан. Ысык-Көл, Нарын, Кочкор, Таластагы биздин ишкерлер өзүбүзчө иштейбиз дегендеринен макул болгонбуз, минип жүргөн машиналарын, тигүү машиналарын бөлүп бергенбиз. Бир жылдан кийин иштерин жүргүзө алышкан жок, азыр кайра биз менен иштешип жатышат.Кочкордон Мусаева Нурбүбү деген кызыбыз музей ачып койду, өзүнүн цехи бар.

Бирикмеде канча адам эмгектенет?
Жер-жерлердегилерди кошуп эсептегенде миңге жакын адам иштейт. Иштегендердин да өзүнчө формасы бар, күндө келип иштегени , сезон менен иштегени да бар. Жайкысын талаачылык жумушуна кетишип, кышында келип иштешет.

Сиздер турган имарат “Кыялдын” өзүнүкүбү?
Бул имараттын тарыхы кызык. КППСтин өтмө Кызыл Туусун беш жолу алганбыз. Ошол кезде биз имаратыбыз жок көрүнгөн үйдүн подвалында, көрүнгөн фабриканын бош калган бөлмөлөрүндө иштеп жүрдүк. Беш жолу Кызыл Тууну алгандан кийин Турдакун Усубалиев бул жамаат жакшы иштейт экен, акыбалдары кандай деп сураганда Коңурбаев деген министр ” Ушуларга убал болду, эч кимден эч нерсе сурабай иштешет, имараты жок жүрүшөт” дептир. Анда акча бөлүп, долбоор иштеп чыгып имарат куруп берели дептир. Биздин имаратка көптөр түшүнбөйт, дубалдары эмнеге кыйгач болуп калган дешип. Негизинен кыргыздын калпагы болчу, үстү айнектен болмок, ал салынбай калган. Имаратка киргенибизге жыйырма жыл болду. Союз тарап менчиктештирүү башталганда көз арткандар көбөйүп, улам бирөө тийишет, баары менен чабышып келип акыры 2003-жылы Танаев ала турган болуп калды. Танаевдин баласы бизнесмен экен, соода үйү кылабыз деп чыгышты. “Кыялдын” имаратын барып ченеп, документтерин карап келгиле, бизге өткөрүп берсин деп комиссия жибериптир. Комиссиянын төрагасы кыргыз экен, ал мага президентке кир деп сунуш кылды, мени президентке ким киргизет. Турдакун Усубалиев Жогорку Кеңеште депутат болчу кат жазып алып кайра ал кишиге бардым. Ал кишинин абдан ачуусу келди. Өзү катка кошумчалап президентке алып барып, биринчи катчы Осмонакун Ибраимовго да айтыптыр. Ал киши биз үчүн тикесинен тик турду.Эмне кылсак менчиктей албайт деди эле закон боюнча Улуттук деген статус болсо менчиктелбейт десем бир жуманын ичинде указ чыгып андан кийин Танаев тийише албай калды.

Кыргыздын бозүйүн казактар патенттеп алышыптыр деп угуп жүрөбүз, ушунун чындыгы барбы?
Патенттеп алыша элек, бирок патенттеп алышы мүмкүн.Мен өзүм бозүй жасаган кишимин. Японияда өткөн көргөзмөгө казактар жүз баш бозүйдү бизден сатып алып барышып казактыкы деп тигишти. Мен барганда бул бизден алган бозүй го десем ” Эми кыз алып беришкен элбиз да” дешет. Биз өзүбүз кыргыз болсок дагы кыргызсың деген документтин эмне кереги бар деп ойлойбуз. Бирок азыркы турмушта кайдыгерликтин кереги жок. Эгер казактар патенттеп алса бир гана казактар жасайт деп туруп алышы мүмкүн. Эртерээк өзүбүздүкүн патенттебесек көп баалуулугубуздан ажырап калабыз. Улуттук тамак-ашты, калпактын бардык түрүн патенттеш керек.

Айзада Көчкөнбаева, «Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.