“Талант тагдыры”: Көп кырдуу талант – Молдобасан

moldobasan“Күлүк күнүндө, тулпар тушунда” дегендей кезегинде кыргыз калкына ырдаган ырлары, черткен күүлөрү, чыгарган обондору, айткан дастандары, манасы менен дүңгүрөгөн Молдобасан Мусулманкулов көзү өткөндөн кийин “өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп” 49 жылдан бери бейитине эстелик тургузулбай айылдагы, шаардагы көчөлөргө ысымы берилбей комузчулук, дастанчылык, ырчылык, обончулук, манасчылык чыгармачылыктары да иликтенбей көз жаздымда калып келүүдө.

Молдобасан акын, комузчу, ырчы эле

Молдобасан Мусулманкулов комузчу, ырчы, обончу, баянчы, төкмө акын, дастанчы, эл артисти болгон. Анын ар тараптуу шыгынын жанышына, комуз чертишине, созолоно обон созуп ырдашына, күпүлдөтө Манас айтышына агасы Карагулдун төкмөчүлүгү, Манас айтуусу күчтүү таасир этет. “Ага өнөрү иниге” дегендей он жети жашынан Молдобасан агасынын өнөрүн улап айыл арасына комузчу, төкмө акын, баянчы катары таанылат. Ал ырларын комуз эле эмес, баяндын коштоосунда ырдаган Молдобасан кыргыз комузчуларынан мазмуну, баяндаган окуяларынын кызыктуулугу, кайрыктарынын мукамдуулугу менен айырмаланган. “Барым күү”, “Култепер”, “Абышканын арманы”, “Кемпир”, “Ак байтал”, “Саланат” аттуу элдик күүлөрдү черткен.

Молдобасандын комузчулук, обончулук, ырчылык, аткаруучулук, төкмө акындык шыгы алгач 1933-жылдан Кыргызстан мамлекеттик драма театрында 1936-жылдан ардактуу эс алууга 1952-жылга чейин Т.Сатылганов атындагы мамлекеттик Кыргыз филармониясында иштей баштаган күндөн жалбырттай жанат. Ал көп жактуу тунук мукам үндүү, ар тараптуу өнөрүн кыргыз эле эмес бейтааныш угуучуларга да тартуулайт. Эл аспаптар оркестринде комузда ойнойт.

1928-жылдын сентябрь айында Москвалык музыка изилдөөчү Александр Викторович Затаевич Молдобасандын чертүүсүнөн “Кербез”, “Такмаза”, “Кертолгоо”, “Мамыр шыңгырма”, “Беш кайруу” аттуу күүлөрүн, “Нагима”, “Ак жоолук” деген ырларын өзүнүн ырдоосунан нотага түшүрөт.

Автордун нотага жазып алынган күүлөрү менен обондору 1971-жылы Москвадан Бүткүн союздук “Советтик композитор” басмасынан “Кыргыздын аспаптык күүлөрү жана обондору” деген жыйнакка басылып чыгат. Ал эми “Мамыр шыңгырамасы” Бүткүл союздук радионун алтын казынасына тасмага жазылат.

Тилекке каршы, өз учурунда Кыргыз радиосунун жетекчилери Мусулманкуловдун айтуусундагы чыгармаларды тасмага жазып алышпагандыгына, баа беришпегенине таң каласың.

Молдобасан ата менен он жыл ата- баладай бирге жүргөн, күүлөрүн, ырларын уккан академик Жамин Акималиев залкардын комузчулук өнөрү жөнүндө мындай эскерүүсүн бөлүштү:

Ж. Акималиев: – Молдобасан ата комузду абдан жакшы чертүүчү. Үйдө отурганда, мейманга барганда ар кандай маңыздагы күүлөрдү чертүүчү. Тилекке каршы алардын баары эсимде жок. Алардын ичинен “Какей”, “Кайгылуу Какей” аттуу обон күүлөрү эсимде калыптыр.

“Азаттык”: – Жамин мырза, бүтүндөй жан дүйнөсүн күүгө, ырга, аткаруучулук акындык манасчылыкка арнаган Молдобасан ата кандай инсан, кандай шайыр эле? Ырчылык, обончулук, акындык өнөрүнөн да билсең угармандарга айта кетсең?

Жамин Акималиев: – Ыракмат. Он жылдай башкача айтканда өткөн кылымдын 50 жылынан көзү өткөнгө 1961-жылдын 17-июнуна чейин чогуу жүрдүм. Айыл чарба институтуна өтүп студент болгон күндөн, андан кийин дыйканчылык институтунун аспирантурасында окуп жүргөндөн дайыма үйүнө барып турдум.

Ал турсун бир жыл Молдобасан атанын үйүндө да жашап калдым. Ошондуктан, атабыздын ырдаган ырлары, черткен күүлөрү, айткан “Манасы” кулагым да жаңырыпкелбети көз алдымда элестеп турат. Молдобасан ата ак сөөк, манаптай болгон киши эле. Жалпы турпаты ошондой болгону менен атанын жүзүнөн жакшылыктын оту жанган кең пейил, адамды дароо өзүнө тарткан өтө жылдыздуу адам эле.

Орус жазуучусу А.П.Чехов айткандай, сырткы келбетти кандай гана кийим кийсе куюп койгондой жарашкан улуу инсан болчу. Ошону менен бирге атанын ички дүйнөсү да аябагандай бай эле. Мен бүгүнкү күнгө чейин Молдобасан атанын адамкерчилигиндей адамкерчиликтүү улуу адамды көрө да, жолуктура да элекмин.

Молдобасан атанын үйүнө барып жүрүп, кыргыздын ошол кездеги улуу шайырлары менен тааныштым, өз көзүм менен көрдүм, кызыктуу кептерин, тамашаларын уктум. Бу кишиде кыпындай да ичи тарлык, көрө албастык деген таптакыр жок, аябагандай айкөлдүн айкөлү эле. Ал алынып жулунбаган, өзү үчүн күйүп – бышпаган, “Эл билсе болду” – деген сөзгө ток пейил болчу. Мына, ушундай сапатынын айынан ырларын, күүлөрүн радиого жаздырбай, ырларынын жыйынтыктарын китеп кылып басмадан чыгарбай кетти.

Ырас, өлгөндөн кийин эки кичинекей ырларынын жыйнактары чыкты. Бирок көптөгөн баалу мурастары учурунда жазып алынбай өзү менен кошо кетти. Манасчылардын ичинен Саякбай Каралаевди аябай сыйлоочу, талантын өтө жогору баалоочу, Молдобасан атанын үйүнөн Сакемин Манас айтканын угуп, аябай таң калдым. Ал эми комузчулардын ичинен Карамолдо Орозовду эч бир комузчуга теңөөчү эмес. Молдобасан атанын үйүнөн Карамолдо Орозовдун “Насыйкатын” черткенин угуп, тула боюм бийлеп, жүрөгүм титиреген эле. Молдобасан ата болсо “Насыйкатты” үйрөнүп ал-деп үйрөтүп жүрдү.

“Азаттык”: – Жаке кечиресиң. Сөзүң оозуңда. Анда эмесе, өзүңдү укканда таң калтырган Карамолдонун “Насыйкатынан” автордун чертүүсүнөн угалы. Молдобасан ата манасчылардан Саякбайдын айтуучулугун, комузчулардан болсо Карамолдонун комузчулугун өткөрө жогору баалоочу экен. Ак таңдай төкмө акындардан кимдердин өнөрүн жогору баалачу эле?

Жамин Акималиев: – Ак таңдай төкмөлөрдүн ичинен өзгөчө эки акындын Калык менен Осмонкулдун чыгармаларын өтө жогору баалоочу. Ал эми өзү болсо төкмө акын, ырчы, обончу эле. Молдобасан атанын бир топ ырларын өзүнүн ырдоосунда да угуп калдым. Өзгөчө “Калтар” деген ырын укмуштай чеберчиликте ырдоочу. Тилекке каршы, бул ыры өзучурунда радиого жазылбай калыптыр. Эгерде обону табылса ырдасам деген тилегим бар. Ал эми “Күйгөн” деген махабат ырын ырдаганын угуп калган элем. Арабыздан атабыздын кеткенине 50 жыл болсо да Молдобасан атабызды элестетип көргүм келет.

“Күйгөн”

Сөзү, обону: Молдобасандыкы

Жылдыздар толсо кечинде,
Жалжалым дайым эсимде.
Канчалык сүйдүм жалындап,
Кадырман жаштык кезимде.

Калтардай болуп жаркылдап,
Күлгөнүң сонун шаңкылдап.
Керемет жаштын бирисиң,
Кемедей сүзүп калкылдап.

Жүрөктө сөзүм козголуп,
Жүрөмүн сага дос болуп.
Сезимден чыккан сулуу сөз,
Серпилет экен октолуп.

“Сүрөтүн калып өзүң жок” дегендей,  “Күйгөндөрдөн” башка да жаштардын тунук махабаттарын баяндаган “Калтар”, “Ким сулуу”, “Айылдык келинге”, “Айдайым”, “Сагынуу”, “Алтынай менен Жаркынай” жана башка ондогон ашыктык ырларынын сөздөрү калып, авторлордун ырдоосунда ал турсун эл жер жөнүндөгү термелеринин, санаттарын тасмага жазылбай калганы өтө өкүнүчтүү. Көрсө ар бир нерсенин өз учурунда баалап, барктап алып калсак, келечектин ээлери үчүн алтынга бергис ата мурас болмок.

Балбай Алагушов, «Азаттык», 14.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.