Көлдөгү мүрөк суу, же эки кылым карыткан “жаш келин”

Кыргыздар менен кытай ортосунда XIX кылымдын аягында ХХ кылымдын башында соода иштери жакшы жүрүп турган экен. Ошол убакта менин бир тууган агам Жээналы Серкебай уулу эки жолдошу менен Кытайга аттанат.

Бул үч соодагер Ысык-Көл районуна караштуу Жаркынбаев айылынын мурдагы орду болгон “Ийгилик” айылынын тургундары эле. Үч соодагер Кытайга барышып, Кулжа тарабынан соодаларын бүтүрүшүп, кайра тартышканда – агамдын атынын буту сынып, жөө калат. Алар ошол аймакта эс алышып, ат сатып алууну ойлонушат.

Кыргызча тигилген боз үй, кыргызча кийинген адамдарды көрүшүп, ал жерге түшүшөт. Кудайы конокторго арналып мал союлат. Соодагерлер аларды кыргыз экен дешсе, кыргыз эмес калмактар болуп чыгат. Эт бышып калган маалда, мына чыгарабызга келгенде коломтого келе калган күйкүл күчүк казанга башын салып иет. Калмак жигит күчүктү чөмүч менен башка “чаңга” деп бир салып, кайра чөмүчтү сорпого салат.

Ошол замат төрдө катталган мамык төшөктө жаткан 18-20 жаш чамасындагы ак жүздүү, ай чырайлуу келин калмакчасынан калмак жигитке күңк этет. Бат эле этти чыгарып салышып, башка мал союлуп, казан таптаза жуулуп, эт кайрадан асылат.

Жээналы агамдар айраң таң калышып, көз кыйыктары ал келинде. Эмнегедир аксакалы жайкалган чалдар, чач учтуктары теңселген байбичелер, алардан жаштары деле ал келиндин көзүн карашып имерчиктешет.
Бул келин оорулуу го же башка себеби барбы дешип, үчөө бирин-бири карашат. Экинчи жолу асылган эт орто бышып калган кезде, ошол жаш келин төшөгүнө отурат, келиндери эки жагына куш жаздыктарды тиреп коюшат. Ошондо гана ал келин кыргызча сурайт:
– Кыргыз жергесинин кайсы жеринен болосуңар?

Анда Жээналы агамдар:
– Ысык-Көлдөнбүз. Элибиз Чиркей, тегерегибизде Байсоорун, Өрүктү, Карал-Дөбө, Көк-Дөбө, Кырчын деген жерлер бар, – дешет.

Көзүнөн жаш кылгыртып келин башынан өткөн окуяны оор дем алып айтып баштайт:
– Турмушка чыгып, жыйырма жашымда болсо керек, Карал-Дөбө тоосунун күн чыгышында жайгашкан Ачык-Таш деген жайлоодо мал бакчу элек. Жаздын күнү козу кайтарып, гүл терип ойноп жүрүп, бир тунук булакка тушуктум. Суусап чаңкаганыман чуркап жетип, сууну кочуштап ууртагым келип, бирок, кандайдыр бир күч токтотконсуйт. Булак суусунун муздактыгына кол чыдабайт, тунуктугуна көз тойбойт. Эркиме ээ боло албай жата калып суусунум кангыча ичтим.

Булак кара жалпак таштын астынан чыгып муздак, тегереги кооз, үнү башкача шыңгыр. Ошол боюнча ал булакка кайра барганым жок. Бат эле Кытайга көчүп келдик. Мен ошол булактан шектенип калгам. Бир нерсени сезгендей ал булакка кара жалпак таш салып белгилеп койгом. Анткени, ал булактан суу ичкени өзүм эч качан оорубачудай, карыбачудай, өлбөстөй сезим пайда болуп, өзүмдү жапжаш, сергек, сулуу сезип калгам. Андан бери эки кылым өттү.

Булактан суу ичкенде 20 жашта болсом, ошол калыбымда жашап келем. Булактын пайдасы менен 220 жаштын тамагын ичүүдөмүн. Андан бери канчалаган туугандарыман, балдарыман, неберелеримен айрылдым. Ал эмес чөбөрөлөрүмөн айрылуу мага оңой болбоду. Көрсө ошол булак Мүрөктүн булагы, Мүрөктүн суусу белем. Мүрөк суусунун күчү менен жашымды 20 жаштагыдай сезем. Денем жаш болгону менен акылым 220 жаштагы байбиченикиндей. Анткени, эки кылым ичинде бир топ тарыхка күбө болдум. Ал тарых-баян кийинкиге калсын. Дагы бир келээрсиңер, ошондо баяндап берейин, – деп ал келин чөбөрөм деп тааныштырган аксакал карыяга калмакча кайрылат.

Ал карыя отурган жеринен сыртка ийилип арты менен кетенчиктеп чыгып кетет. Көрсө: “Бешбармак дайын болуудабы?” – деп сураса дайындоо үчүн чөбөрөсү сыртка чыккан экен. Тамак бышып, кыргызча бешбармак тууралып, астыга тартылат. Баягы келин кайра сөз баштайт:
– Эми бир туугандарым, менин балалыгым, жаштыгым, бактылуу күндөрүм өткөн жерден келипсиңер. Жакшылап эс алгыла, эртең тандаган атыңарды алып, жолго чыгасыңар.

Ал келинге да өтө сый мамиле менен тамак берилет. Эртеси үйүрдөн азоо карагер быштыга чалма салынып, ээр токулуп, азоого калмактын мен-мен деген жигити мингизилип, жүгөн тагылбай, салынган чалма кыл арканы атайы жерге сүйрөтүлүп бош коё берилет. Бышты ордунан типтик туруп атырылып мөңкүгөн бойдон алакачып азынап, кырдан-кыр ашып көрүнбөй калат.

Үчөө бул окуяны таң калуу менен байкап турушат. Бир чай кайнам убактан кийин калмак жигит, быштыны жалынан кармап буруп камчыланып закылдаган желе басыш менен баягы үйгө түшөт. Калмак жигит ээр токумун чечип алат. Арканын болсо Жээналы агам пулун берип сатып алган соң, калмак жигит чечип алат. Жээналы агам ноктосун, жүгөнүн быштынын башына катып, ээр токумун токуйт.

Көрсө, алыс жолго жүрө турган чыдамкай жылкыны ушинтип сынашат экен. Ошентип, ал калмак келиндин эмне үчүн кыргызча сүйлөп, кыргызча боз үйдө жашап, укум-тукуму да калмакча сүйлөшкөндөрү менен кыргыз кийим кийишерин толук түшүнө беришпей дагы келээрбиз, ошондо толук сурап түшүнүп алаарбыз дешип, кызыккандары Мүрөк суусунун дайын-дарегин сурап эстеп алгылары келишип, ал калмак келиндин “Мүрөк суусун” ичкенден мурунку жана кийинки жашоосуна, тарыхына кызыгышпайт. Мүрөк булактын дареги Карал-Дөбө тоосунун күн чыгышы – Ачык-Таш жайлоосу деп, таштын түбүнөн чыккан булак суусу деп билишет.

Тезинен Ачык-Ташка жетүүнү ойлошуп, сатып алган быштысын Жээналы агам минип, берки экөө менен үчөө Ысык-Көлгө аттанышат. Ачык-Ташка келишип булакты издешет. Булактын ордун табышат, эбак соолуп калган болот. Нугу бар, айтылган жердин дал өзү, белгилеп коюлган кара жалпак таш да турат. Көп жыл илгери булак агып турганы чындай.

Ошентип, соолуган булактын орду табылат, бирок эки кылымдан ашык жашаган “жаш келин” менен кайра көрүшө албай калат. Анын кыргызча сүйлөгөнү, кыргызча кийингени, боз үйдө жашаганы, ал күбө болгон тарыхый окуялардын сыры чечилбей кала берет.

Карыбай СЕРКЕБАЙ уулунун айткандарын кагазга түшүргөн Байышбек КЫЙШЫКОВ,
«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.02.2010-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on “Көлдөгү мүрөк суу, же эки кылым карыткан “жаш келин”

  • 23.07.2013 at 16:49
    Permalink

    эн жакшы уламыш экен. ушундай уламыштардан кобуроок окуган жаштарга жакшы таалим болоор эле.

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.