Жылкычынын даанышмандыгы

Бир күнү молдо шарият жолунан баян этейин деп адаттагыдай эле эл чогулуп жүрчү жерге келет. Караса, жалгыз жылкычыдан башка киши жок. Ичинен: “Жалгыз адамга сүйлөшүм керекпи?” деп ойлонуп, жылкычы менен кеңешет. Анда жылкычы:
– Мен карапайым адаммын, айтканыңызды көп түшүнө бербейм. Бирок, мен ат сарайга келгенде сан жылкынын ичинен бирөө эле калганын көрсөм да, баары бир ага тоютун берем, – деп жооп берет.

Молдо жылкычынын сөзүн угуп, узун сабак кепке түшөт. Эки сааттай убакыт өткөндөн кийин токтоп, жеңилденип калганын сезет да, жылкычыдан:
– Ии, кандай, айтканым сага жактыбы? – дейт.
– Карапайым адам мындайды көп түшүнө бербестигин жана айтпадымбы. Ат сарайда жалгыз ат калганын көрсөм деле мен аны баары бир тоюндурчумун. Бирок, бир үйүр жылкынын чөбүн эмес, жалгыз аттын ченин гана берчүмүн, – деп жооп берген экен малчы.

«Көк асаба» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.