Кожогелди Култегин

 

Кожогелди Култегин (Кулуев Кожогелди Калакунович) 1960-жылы 18-февралда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Алайку өрөөнүнүн Көгарт кыштагында туулган. 1977-жылы айылдагы Андрей Сидоров атындагы орто мектепти аяктаган соң эмгек жолун Оштогу текстиль комбинатында  жумушчу болуп иштөө менен баштаган.

1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналисттик бөлүмүн, 1993-жылы Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтунун эки жылдык Жогорку адабий курсун бүтүргөн.

“Кыргызстан”, “Адабият” басмаларында редактор, Кыргызстан жазуучулар союзунда чыгармачыл жаштар менен иштөө секциясынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппаратында референт, өкмөттүк “Эркин Too” гезитинде башкы редактордун 1-орун басары болуп иштеген.

2010-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министринин орун басары, 2014-жылдан Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙдогу өкүлү дипломатиялык кызматын аткарууда.

Кожогелди Култегиндин алгачкы чыгармалары 1976-жылдан – мектеп жашынан баштап гезиттерге жарыялана баштайт. Поэзия дүйнөсүнө эртелеп аралашып, 1982-жылы “Ала-Too поэзиясы” фестивалынын, 1986-жылы Чыгармачыл жаштардын республикалык III Жумалыгынын лауреаты болгон. 1989-жылы Бүткүл союздук жаш акын-жазуучулардын Москвада өткөн семинар-кеңешмесине катышып, ошол семинар-кеңешменин жолдомосу менен СССР жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Ал “Жолчырак” (1985), “Шамалдагы үн” (1989), “Дарбаза жолго ачылат” (1993), “Бал ууртам” (2001), “Жүрөк конуш” (2008), “Бир чөнтөк ыр” (2009), “Салам менен аликтин ортосунда” (2010), “Тамырдан канатка чейин” (2014), “Каламдын учу – ааламдын учу” (2017), “Атчан китеп” (2019) аттуу ыр жыйнактарынын автору. 2020-жылы Чыгармаларынын 5 томдугу кыргыз тилинде Түркиянын Анкара шаарында жарык көргөн.

Түркиядан ошондой эле түрк тилинде 2018-жылы “Köklerden Kanatlara Kadar”, 2020-жылы “Bursa Çınarı” аттуу ыр китептери басылган.  Ушул эле жылы казак тилинде “Жүрек қоныс” деген ат менен,  Түрк дүйнөсүнүн 7 тилинде – азербайжан, түрк, якут, өзбек, казак, кыргыз, башкырт тилдеринде “Avuçtaki Dünya”деген ат менен китептери жарык көрүп, адабий коомчулукта кызыгуу жаратты.

Кожогелди Култегиндин орошон эргүү менен жазылган “Контаажынын сүйүүсү”, “Шыпыргы өмүр”, “Каректе калган жай”, “Мөөркан апа”, “Башка чабылган скрипка” поэмалары, “Курманбек” дастаны – акындын  эпикалык жанрларда дагы ийгиликтүү иштеп келе жаткандыгынын далили. Султан Ибраимов атындагы Ош кыргыз улуттук драма театры тарабынан 2001-жылы анын “Түндүктү ким көтөрөт?» аттуу драмасы боюнча спектакль коюлган. Ал эми 2021-жылы акындын «Шыпыргы өмүр» поэмасынын негизинде М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры ошол аталышта спектакль даярдап чыгарышты.

Кожогелди Култегиндин Кожо сөздөрү (Таамай сөздөрү) эл оозуна арбын алынып келаткандыгы ырас. Ошондой эле «Ыр маанилүү кара сөз» эсселер түрмөгү дагы анын чебер калемине таандык.

Кожогелди Култегин көп жылдардан бери көркөм котормо жаатында жемиштүү эмгектенип келет. Орус акындары Афанасий Феттин, Сергей Есениндин, Арсений Тарковскийдин, Андрей Вознесенскийдин, Роберт Рождественскийдин, Евгений Евтушенконун, Юрий Кузнецовдун, испан акыны Xуан Рамон Xименестин, түрк акындары Каражаогландын, Назым Xикметтин, Нежип Фазылдын, балкар акыны Кайсын Кулиевдин, болгар акыны Любомир Левчевдин, Азербайжан акындары Имадеддин Насиминин, Хүсейин Жавиддин, казак акындары Магжан Жумабаевдин, Мухтар Шахановдун, Мукагали Макатаевдин, Темирхан Медетбектин көптөгөн ырларын кыргыз тилине которуп, китептеринде жарыялап келүүдө. Жакында Азербайжан драматургу Хүсейин Жавиддин «Азезил», «Аксак Темир», «Хайям» аттуу көлөмдүү драмаларын окумуштуу Калмамат Куламшаев менен бирге түрк тилинен кыргыз тилине которуп, китеп басылып  бүттү.

Кожогелди Култегиндин бир катар ырларына Исирадин Аманбаев, Адылбек Кыязов, Кубанычбек Осмонов, Сардарбек Жумалиев, Атайбек Бөдөшев, Болот Токтобаев, Сыймык Бейшекеев, Арзыбек Бедияров, Нуркан Турсунбаев, Абас Чикеев, Кенжекул Мендебаиров, Юсуф Гүл (Түркия) сыяктуу обончу-композиторлор обон чыгарышып, алар эл оозунда ырдалып жүрөт.

Кожогелди Култегинге 1995-жылы “Дарбаза жолго ачылат” аттуу ыр жыйнагы үчүн Алыкул Осмонов атындагы сыйлык, 2002-жылы “Бал ууртам” китеби үчүн Жолон Мамытов атындагы сыйлык берилген. Ошол эле жылы Кара-Кулжа районунун ардактуу атуулу болгон. 2017-жылы Казакстан Республикасынын маданият жана спорт министрлигинин “Маданияттын мыктысы” төш белгисине татып, 2019-жылы Чыңгыз Айтматов Академиясынын академиги болуп шайланган.

Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2004-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы, 2016-жылы Кыргыз Эл акыны жогорку наамы ыйгарылган. 2020-жылы акындын 60 жаш мааракеси Түркиянын Анкара шаарында эл аралык деңгээлде белгиленип,  ТҮРКСОЙдун “Ардак” алтын медалы менен сыйланган.

 

 

 

 КОЖОГЕЛДИ КУЛТЕГИН
Кыргыз эл акыны

1-БӨЛҮМ. АРЗУУ ЫРЛАРЫ

ШАРФ

Узун бойлуу, жаркын жан,
учуп түшкөн шарфыңдан!
Так эңкейип алперип –
таанышалбай жанчылгам.

Көргөн сымал калк камын,
көлбөөрүтө тарткамын –
убап-чубап бир өмүр,
узундугун айтпагын!

Ынтаа менен жалт карап,
ырахматты кайталап,
серпип койдуң мойнуңа
сен ансайын кайкалап!

Жарк эткениң көз көрүп,
жандым жапырт өзгөрүп –
менде болчу шарф учу
мээримиңди өткөрүп!

Келкел кешик жансыңбы?!
Кемитпедим баркыңды –
шактадың-ов, гүлдөдүң
шар-арт алперсем шарфыңды!

Керип колтук – шаттандым,
кең дүйнөдө нак бармын –
милдетимди атуулдук
миң эсе көп аткардым!

Ансайын да каны ысып,
ак, сары түс жарышып –
катар жолду шарфтагы
катар бассак арытып?!

Суйкайганың – бал сымал!
Суйсалганың – тал сымал!
Олтургузуп бизди бир,
оросунчу шарфың ал…

ЖООШ  СУЛУУ

Шер жарашып турган сымал доорума,
сен жарашып турган сымал жолума –
тоголоктоп түйүп койчу чачтарың
толкуп түшүп – толтурду көрк сооруңа!

Чачың чалкып жаткан менен жанатан,
чарчап бүттү чала-бучук тамашам –
карабайсың, сүйлѳбѳйсүң, күлбѳйсүң,
карап коймок сүрѳт деле – карасам.

Бийге тартып ийсемби дейм тарсылдап,
бирок колду cуутабы дейм калчылдап.
Чырпыйт сени чыканак да, чыпалак,
чырпыйт сени галстугум ал турмак?

Сѳз жѳнѳттүм – сѳѳлѳт менен кашкаяар,
ыр жѳнѳттүм – ымдап туруп каш кагаар.
Ойда-а сонун кызытышты кечени
орто жолдо күнүн кѳрүп башкалар.

Оң жагымды ордо кылган жоош сулуум,
отпускеге кеткен беле ооз-мурун?
Дамаскдай талып-эрип тиктедиң
дасторкондун гүлдѳрүнүн кооздугун.

Бул кечени бирок курук ѳткѳрбѳй,
будуң-чаңда турган кезде кѳз кѳрбѳй,
мени акырын чымчып койдуң каруумдан –
мелжеп келип эрин менен ѳпкѳндѳй!

Ык-к эттим-ов тайый жаздап эбимден,
ыйык сөздү сездирдиңби дениңден?
Ың-жыңы жок эрип-көлкүп түшмөкмүн,
ырас, бир аз мелүүн экен эринден.

Анткен менен (айтсам, балким, коркосуң)
аспиеттеп жүрөгүмдүн толтосун,
балтайып мен алдым дароо мекендеп
бармак менен сөөмөйүңдүн ортосун…

 

ЧАЧЫҢ СЕНИН…

Чачыңда нарк бардай жогорку
чачыла жаздап – шарт оңолчу.
Ичиңе каткын бүт сырды деп
ич жакка ийилчү, оролчу.

Кайрыгы баштанчу ырлардын,
кайталап сен аны ыргалдың.
И-ий, жүзүң жарк этчү чач жарып –
ичинен чыккандай ыймандын.

Кылчайсаң – чачтарың жалт берип,
кызыкты сүрөткө тарт дедик.
Ойондор артыңдан селейчү
оозуна шерт келип, ант келип!

Сезимдин сиңдиси – чач-жалын
серпилтип кооздочу жаш чагың.
Чабагы баштанып опокшош
чабаган атуучу каштарың!

Бакыттын жайнаткан чачыла
байланган баштанчу чачыңа.
Сүлкүлдөп турган ал кезиңди
сүрөттөп туруучу ашыра.

Оң бетиң астына салынып,
сол бетиң үстүнө жамынып,
кырыңдан жатканда – кетчүсүң
кылымдар кыйрына агылып.

Бир учу кайрылып эрдиңде…

 

КЕЧКЕ ТАЯП СУУГА СЕН БАРГАНЫҢДА

Кечке таяп сууга сен барганың айт!
Керемети жашоонун жанганын айт!
Атайылап – өзүңдү тиктесин деп,
атам үйдү кашатка салганын айт!

Алайкунун тоготпой кара суугун,
алоолонуп алганга жарачумун.
Отун жарып атып да, отун жарып,
ортосунда шилтемдин – карачумун!

Адамды да, малды да илээлеген,
ары жогол тоспой деп кинелегем.
Даана, таза көргөнгө дал өзүңдү
там үстүндө чөп кыркып кирер элем.

Ийниңдеги бакандын дал учунда
илинген кош чакадай намысың да…
Толгон намыс-арыңды төкпөш үчүн
токтоо, майин, маанилүү – арышың да!

Өйдөлүшкө жеткенде – демим санап,
өзүңө же баралбай…  эрин жалап…
катып тиктеп турчумун – каңтарылган
Карагердин жалына ээгим таяп.

Түздөгү да, сайдагы, өрдөгүсүн
түгөл сактап көздөрүм – өргөө бүтүн!
Күпайкемди толтура кудуңдайм-ов
курган жаным өзүңдү көргөн үчүн!

 

МҮЙМҮЙГӨН

Мүнөтү, сааты гүлгүн, мөл,
мүймүйгөн сулуу, мүймүйгөн!
Утурлап бизди тоскондо
узактан сага үйрүлгөм!

Башчыбыз болдуң коштогон,
баратып бизди кооздогон!
Баш ийкеп эмне десең да,
башка сөз чыкпай – топтолом.

Сен билген тилди мен билбей,
мен билген тилди сен билбей,
тикелей баарын көзгө айткан
тилим бар бирок – телмирмей!

Жарадым ишке – күлдүрүп!
Жаңылбай-нетпей мүймүйүп,
иретке дароо келдиң сен
интернет сымал үлгүрүп.

Жылмайсам а мен жай, ылдам,
жыкжыйма сенден айырмам –
беш тынып ууртум жыйнаймын
белестен ары жайылган.

Мүнөзү, пейли гүлгүн, мөл,
мүймүйгөн пери, мүймүйгөн!
Катарлаш басып келатсаң,
капталдан сага үйрүлгөм!

“Мындай сөз жок…”– деп, ой, ушу,
мыңкылдайт кыргыз добушу.
Мүймүйгөн кызы болбосо
мүмкүнбү сөздүн болушу?

Корейде тура андай жан!
Королдор көрсө – шалдайган!
Балмуздак жечү кашыктай
баскан бир изи шаң жайган!

Кашында үч-төрт күн жүрүп,
кайтканда ичке муңду үйүп,
учакта Сеул-Стамбул
он бир саат келдим чүйрүйүп…

 

ЭСТЕЧИ ЭМИ

Жалбырттап сен, сен элең – оюм баары!
Жалгыз саа баштап баскан жолум дагы!
Шилиден ылдый карап турсам – нак мен
шилтенип аткан калем колумдагы!

Кызгантып – иттер карап үргөн багыт,
кыналдың кыналгандай күйгөн жарык!
Дүп этип сени сүзүп алычудай
дүмүргө мүдүрүлсөм – дүйнөм тарып…

Бир-бирин Чыгыш, Батыш беттеп айда-а(!),
бир күүнү Түндүк, Түштүк черткен анда!
Чырактар жарк эткенсип – киргенде сен
чырайга чыга түшчү ресторан да!

Кароодон талбайт элем кечке сени,
калганы кунарсыз деп… эстечи эми –
катыра карап күндү… күндөн кийин
карайлап көрбөгөндөй эчтекени…

Жалбырттап сен, сен элең – оюм баары!
Жалгыз саа баштап баскан жолум дагы!
Шилиден ылдый карап турсам – нак мен
шилтенип аткан калем колумдагы…

БАЛАЛЫКТЫН БАЛ-КЫЯЛ

Окуу эле биздин дүйнөбүз,
олжо эле бизге үйрөнүш.
Бирөө бар… коңшу турсак дейм
“Ф” тамга сымал үйдө биз.

Балалык деген алтын чак
бал кыял менен талпынтат –
“Т”нын дейм эки жагында
турникке катар тартылсак.

Болбосо… көңүл желептеп,
боор ооруп качан келет деп –
кыйналам тиктеп кыз жакты
“Г” болуп колду  серептеп.

“Р” тамга – колдо желек да,
ырдасак – бүтпөш керек да!
“К” (ка) болуп ага баратсам,
“Я” болуп мага келатса!

Арнашып белек – “Н” (эн) болсок,
кармашып колду – “М” (эм) болсок.
Батынбай тике карашка,
бактыга бирок тең болсок!

Кыял-ой күчөйт булактап:
кыналып түтүн булатсак –
“Ө” деген кызык тамганын
өйдөкү каатын турактап…

 

ТҮШКӨ КИРДИҢ

Күтүүсүздөн бир бутакка конгонсуп,
күтүүсүздөн бир учакта болгонсуп –
кырк жылдан соң неге кирдиң түшүмө
кыйшайттыра, кылжыйттыра ойлонтуп?

Карап көрсөм ортобузду ой чулгап:
канча деңиз толкуп-таарып олтур, кап!
Таарып-бөлүп тоолор, чөлдөр араа тиш,
таянычы – жер, көк кошо солкулдап!

Канча өлкөлөр аралоодо араны-ай
кармап алып саясатын араадай.
Токой болуп сансыз күндөр ортодо
тосуп турат кол кармашып тарабай.

Оттук сымал сезим жанып дүрт эле,
оо, ал кездин атаманы күлкү эле!
Канат-сүйүүм жайылганда сен үчүн –
канчаларга калка болуп турчу эле!

Ашыглык ал – айкөлүм да, урматтуум!
Айыпсыздан мезгилге аны уурдаттым…
Уурдатсам да акмактыктан сактады ал –
узун-туура бул өмүрдө нур бактым!

Ашыглык ал – айкөлүм да, урматтуум!
Асыл нурду бакканымда тур бактым –
чыгарбастан чеңгелимден чымчыкты,
чындап кантип бир нерсени урмакмын?..

Кыянатты кимибизге-кимибиз
кылмак элек башталаарда бийибиз?
Уйкашындай элек жазаар ырымдын –
уя болуп бирибизге-бирибиз.

Кырк жылдан соң уланды бий түшүмдө…

 

АЛАКАНЫҢ АЛАКАНЫМДА

Алаканың алаканымда –
алоо каның алоо канымда!
Сунуп турсам сурнай-ырды мен,
сундуң мөлтүр  ага кайырма.

Билектериң билектеримде –
тилектериң тилектеримде!
Тике карай албай мен дагы,
титирегем дир-р эткениңде!

Салааларың салааларымда –
санааларың санааларымда!
Сап-сап ырдай сага өтүп тур
зарары жок кара жаным да!

Жалынычың жалынычымда –
жагылышың жагылышымда!
Жалын-оту сактап сөздөрдүн
жалаңкатчан калдык кышында!

Эриндериң эриндеримде –
эриир жериң эриир жеримде!
Эзилишип… эпчип… бүлбүлдөп…
эки миң жыл бердик кеминде…

ЖАЛДЫРАП ТИКТЕЙ ТУРГАН ЖАН ЭКЕНСИҢ

Чачымды Сталинче тарап алып,
жаагымды алаканга таяп алып,
жалдырап тиктей турган жан экенсиң –
жа-ай сүйлөп… жашылданып… жараланып…

Капташпай – эки кадам ыраак болуп,
карегим жүзүңө урган чырак болуп,
эзилип тиктей турган жан экенсиң –
ээгимди утуру уучтап-сылап коюп…

Тетири, олтургучту, коюп алып,
тетири карай андан орун алып,
үшкүрүп тиктей турган жан экенсиң
үлүң көз кумдуу чөлдөй оюуланып…

Чыдайбы кош дешке анан эт жүрөгүм?
Чынында көйгөй ошол деп билемин.
Тиктээрге сен жок болсоң – сөзсүз дароо
тиштелген алма сымал эскиремин…

 

ЧҮРӨК

Оо, мен билген сулуулар,

он беш тыйын кунуңар…

Нагыз чүрөк мынаке –

наркы дүйнө бурулаар!!!

 

Кел-кел доорго чыракпы?!

Кетпесеңер уят бу –

күн чыкканда жылдыздар

күм-жам болгон сыяктуу.

 

Баскан изи – башка тең,

бак-таалайга накта кен!

«Бар» деп айткан бир сөзү –

бардыгы өскөн бакча экен.

 

Жыргал-туусу бүктөлбөй,

жылмаюудан бүткөндөй.

Мөлтүр көзү ирмелсе

мөмө үзүлүп түшкөндөй.

 

Карай калса – бүгүлүп,

Хандар – жетим жүгүрүк.

Томуйтуптур чекесин

тоолор толук жүгүнүп.

 

Жамгыр сымал, ой сымал

жан сергитет доошу улам.

Ит үрсө да чүрөккө –

гүл атылат оозунан!..

 

МУШТУМ

Автотыгын айламды кетирип бир,

алтыныма мынаке кечигипмин.

Түйө коюп муштумун кезеди эле –

тормуз бастым ичинде кесилиштин.

Күдөр үзгөм – учурдай өлө турган,

күндөрүм көп турбайбы көрө турган –

өзү сымал муштуму супсулуу экен,

өбө турган нерсе экен, өбө турган!

Калптын-чындын баарысын азыр аңдап,

газды бассам – машинем адыраңдап…

Түйүп алган муштумун сулуу, мөлтүр

түгөтө албай кезейт ал бажыраңдап.

Айткылачы, аруу бир нерсе менен

агайына муш кезеп эркелеген –

эмне деген ишеним, эмне деген,

эмне деген эркиндик, эмне деген!

…Кучагымда жалынчка муюп-калкып,

кумарлана өбүштү уюп-балкып.

Абай салсам, муштуму тирүү дале –

айдалыма нап-назик уруп… тартып…

Куштарлантпас анчалык – көнүк нерсең,

кумардын зор куту бар – чөгүп жеңсең.

Тимеле бир ырахат, лаззат болмок

тигил муштум тийгенде өлүп берсең.

 

 

 

2-БӨЛҮМ. ЗАМАН ЫРЛАРЫ

КЫРГЫЗСТАН

Кыргызстан, кызыл жүзүң сыйырдың,
кыйкырык-чуу түштүң далай, чыңырдың!
Аңылдаса саясатчы – шиш болуп
алкымына келет азыр тыгылгың…

Ожалышып… жетип алтын ачкычка,
оолжугандар арбын жаңы баскычта.
Кыргызстан, пачкеленип – бөлүнүп,
кыйрап турсуң чөнтөктө да, капчыкта…

Сен ишенген төбөлдөрдүн не дарты?
Жете албадың чекке – желип жете алчу.
Кайран калкты атышканда Ак үйдөн
кан аарчып сен – болдуң бырыш бетарчы.

Ойдо жокко, Кыргызстан, жанаштың,
орус, казак аймагында талашсың –
көчөлөрүн келесиң эх-х шыпырып
көккө сунган колу менен Манастын…

Чийбаркыттай жупунусуң ыраңы аз,
чыкчырылган төбөлдөрүң чыдабас…
Шайлоолордо – байлоолордо шайтанча
жайлоолорго безгиң келет жылаңач.

Сөздө кут бар, Кудай да бар тикчийип,
сөз оңолсо – өзү оңолот итчилик.
Чирик, бузук, сасык сөзгө толдуң бүт –
чыдабай тур таштанды андан жипкирип.

Ажыдаар ооз – солочудай алкымга
акча эле эмес, Ала-Тоосун, калкын да.
Башын, көзүн шишке сайып көтөргөн
“башы кара, буту айрылар” артында.

Капташып эл, кайра дубал сүздүбү?
Канжалаппы? Кантип көрөт жүздү бу?
Кажети не, Кыргызстан, чынында
караңгыда карагандын күзгүнү…

Ырымсың сен! Мен да сенин ырыңмын!
Ыйымсың сен! Кыргызстан, ыйыңмын!
Кыйналдың-ай – калган сымал ичинде 
кыйындарың чегип турган чылымдын…

Кыйналдым-ай – калган сымал ичинде 
кыйындарың чегип турган чылымдын…

СОБОЛ

Көзүн тиктеп адамдын учурашып,

көрдүң нени – барчын же кузгундубу?

Узундугу ирмемдин упуратып,

улгайттыбы күндөрдүн учкулдугу?

 

Баарыбызды бир кайрык боздотту, кап,

бар турбайбы кара доош, кара тыбыш?

Автору бар китепке окшоп турат

адамы жок жерде не жаратылыш?

 

Тириктер көп – тилиңе кийим илет,

тиштешкендер аз эмес алыстыктан.

Кайра неге сабалайт, чимирилет

галстукчан каткырык, галстукчан?

 

Батыштабы турмуштук ченем өзү?

Бабалардын кареги менен кара –

кыргызымдын “келиңиз” деген сөзү

кыйла толук  “алыңыз” менен гана!

 

Кайып жаштык кетти деп демитпесек,

карылыктын алды не алтын мүлдө?

Ар бир күндү сактагым келип кетет

ар бир гүлгө топчулап, ар бир гүлгө!

 

Таңдын-кечтин таптакыр куту качып,

тажаткандыр убакыт туткундугу?

Узундугу күндөрдүн упуратып,

улгайттыбы жылдардын учкулдугу?

 

БУЛ ЗАМАН

Заманың бул – чалды-куйду, чала бейм,

чала жери жан сыздатаар жара бейм.

Атасынын жетпесе да акчасы,

алпергин деп ыйлаган бул бала бейм.

 

Шылуундардын сынган тиши – чөөлөрдөй,

шымга ийне эмес – ийнеге шым төөнөлмөй.

Машинанын антенасы калтылдайт

Жаратканды зекип жаткан сөөмөйдөй.

 

Заман ушул – күчөгөндү күчөткөн,

зар какшатып – жүдөгөндү жүдөткөн.

Кыйындары – карагайдай тоодогу

кыйшык жерде көктү карай түз өскөн!

 

Алдыга азыр жылабыз деп дайыма

айтегерек cаммит бүтпөйт дагы да –

копотту ачып, машинанын бузугун

карап жаткан усталардай жабыла…

 

Бул замандын, спортчулар баштанып,

булчуң-тили жан сабоодо какшанып:

жалгыз гана кулак семиз, кулак бай

жапырса да эгемендүү ачкалык.

 

Гений менен жашаганын тааныбай,

кедей менен жашадым деп наалымай.

Бөлүнбөй түз – кагаз сымал суу болгон

бөлүп алаар энчиң турат жарыбай.

 

Заман ушул – күчөгөндү күчөткөн,

зар какшатып – жүдөгөндү жүдөткөн.

Кыйындары – карагайдай тоодогу

кыйшык жерде көктү карай түз өскөн!

 

КОРКУУ

                Я не могу долго жить с людьми.
                Мне требуется хоть немного
                одиночества, частица вечности.

                              Альбер Камю

Жададым!

Жададым мен баарыңардан,

жалп кулап жатам шамал-жаалыңардан.

А күлүп турсаңар да – көңүлүмдү

араадай тишиңер шарт таарып алган.

 

Чакчайган көзүңөр бүт капкан сымал,

ирмелсе – капкан чакып жаткан сымал.

Шайтандын шапалагы кейиптенген

шалкы тил менен бетке чапкансыңар.

 

Сөзүмдүн колу-бутун жулдуңар да,

сөөмөйдү тапанчадай сундуңар маа.

Уялып жерди тиктеп, баш көтөрсөм

урунуп алчу болдум мурдуңарга.

 

Абасыз кучагыңар думуктурат,

акыл-сөз кулагымды куруштурат.

Баалуураак кийимимди – кыялыңар

базарда «алгыла!» деп сунуп турат.

 

Өсүүдө мени мээлеп тырмагыңар,

өзөктө ур-токмоктун ыргагы бар.

Буурсундай коңторууда жолумду бүт

бут шилтеп ар бир кадам кылганыңар.

 

Жададым!

Жапан тоодо – ээндикте кең

жашоомду кечиргим бар дербишче мен.

Адамдан коркуу – кандай кордук болсо,

а коркуу табигаттан – эрдик белем!

 

Кетемин силерди бүт жеңиш үчүн,

кетемин өзүмдү бүт жериш үчүн –

алактап ары качып, бери качып,

акыры адам издеп келиш үчүн!!!

Корком-ай коркпой койсом не болот деп…    

                                                          

“БААТЫРЛАР”

Кадак толуп калган сымал пакырга,
кашек толуп калган сымал акырга –
кайран өлкө кагырайт да, качырайт
кат-кат толуп жалган-жашык баатырга.

Кадам сайын – жалаң “төшү түктүүлөр”!
Кадам сайын – жалаң ичи күптүүлөр!
Оозу менен оңколотот дүйнөнү,
оозу менен бейиш курат түптүгөл!

Канча бири парламентте карк “баатыр”,
касиет таап микрофондон – заңк “баатыр”!
Патыраткан бойдон өтөт беш жылда
партиядан партияга – танк “баатыр”!

Гезит, теле жакта канча жанч “баатыр”,
кейкелектеп кербезденсе – шаңк “баатыр”!
Камчы болуп көчүк тушка чабылып,
кара шалтак терге шуңгуп – шалп “баатыр”!

Кадак толуп калган сымал пакырга,
кашек толуп калган сымал акырга –
кайран өлкө кагырайт да, качырайт
кат-кат толуп жалган-жашык баатырга.

Бийлик жакта быгып жатат маңк “баатыр”,
бир чөнтөгү билинбеген банк “баатыр”!
Кынык алган – чыкпайт, чыкпайт кынынан,
кызматынан алса – айкырып шарт “баатыр”!

Баш көтөрүү ниетинде тарп “баатыр”!
Баш көтөрүп кирди кайра шалк “баатыр”!
Ак ит менен кара ит ооздо боржоктоп,
атын жаза албагандар – каңк “баатыр”!

Кадак толуп калган сымал пакырга,
кашек толуп калган сымал акырга –
кайран өлкө кагырайт да, качырайт
кат-кат толуп жалган-жашык баатырга.

Жалп этсе экен бул өлкөдөн калп баатыр,
жарк этсе экен бул өлкөгө алп баатыр?!
Алп баатырды коштоп-ээрчип жабыла,
атаганат, атанса экен калк баатыр!!!

 

ЖАБЫГЫП БүтТүМ ДЕБЕ

Жабыгып бүттүм десең – жабыгаарсың,

чамынды болсоң дагы – чабылаарсың.

Чакчая тиктеп койсок чогуу туруп –

чачыңан өрт кетери анык азыр.

 

Бул заман келтирбей эч кытыгыңы,

буркурап ыйлайсыңбы ушу күнү?

Үшүбөй суук сезимге, бери киргин –

үймүн мен сырты муздак, ичи жылуу.

 

Тикени жок болсо эле тилегиңдин,

тиреп мен турсам дагы – тирегимсиң.

Жакшылап сыр төгүшсөң – жаным эрип,

жакаңда кылды терип кирээрим чын.

 

БҮГҮНКҮ ЫР

Кандай кез бул – таң-заарында кеч кирген,
алга бассаң – арткы изиңе жеткирген,
үмүтүңдү кыркып-кыркып карматып,
үмүтүңдү тамекидей чектирген?

 

Кандай кез бул – кечте кайра таң аткан,

артка бассаң – алды жак саа жанашкан,

бурулдаган тамекиңдин түтүнү

буладай бир үмүт болуп бараткан?

 

Эски тонуң уулуңа же чак келбей,

эрке кызың жупун жүрсө – бак келбей,

ак ниетиң ак селдедей булганды

ала заман, кара заман бап келбей.

 

Аздектеген ишиң калып сонун бир,

азыр издеп күн көрүүнүн жолун бир,

өзүң мында турган менен – кайдагы

өзгөлөрдүн чөнтөгүндө колуң жүр.

 

А көөдөндө кайдыгерлик колдоюп,

аял тургай, аксакал да – колжоолук.

Аларды бүт эңсеп, күтүп, урматтаар

автобустун орунунча болбодук.

 

Жолдор түгүл, ойлор дагы баткактай,

жок жерден бу күнөөлөмөй, касташмай.

Ичкич болуп кеткендерге – негедир

ичпегендер көрүнгөнсүйт акмактай.

 

Сөздөр… сөздөр… сөздөр… сөздөр – машаяк,

сөздөн чыккан жыттарга жан кашаят.

Желдетели айнекти ачып бөлмө ичин,

жел жок бирок эшикте да тазараак…

 

Кандай кез бул – таң-заарында кеч кирген,

алга бассаң – арткы изиңе жеткирген,

үмүтүңдү кыркып-кыркып карматып,

үмүтүңдү тамекидей чектирген?

 

БОИНГ, СЕН…

2017-жылдын 16-январындагы учак жарылуусунан Манас аэропортуна  жакын жерде жайгашкан Дача-Су кыштакчасындагы кырк чакты адамдын өмүрү кыйылды – канчалаган балдар жетим, канчалаган адамдар жесир, жесил, баласыз калышты.

Караанын, канаттарын кашкаңдаткан
кашы экен таңдын деппиз асман каткан.
Кыйракан турбайсыңбы, Боинг, кокуй,
кыямат салып түшкөн каптал жактан?!

Кайран эл! Кайран кыргыз карааны улук!
Кайгыдан боо түшүүдө кабар угуп.
Боинг, сен, болдуң апаат – талаага урбай,
боюңду ич-белге уруп, алага уруп!

-Апа-аа-а!!! – деп наристенин чаңырганы
артка не алдастатып кайырбады?!
Жүгүңдү көтөрүнгөн бойдон, Боинг,
жүлүндү издедиңби сайылганы?!

Уратып туш келгенди, бардык жагың,
ур-раалап жаткан сымал жалбырттадың!
Кыздарын баса калып – калканч болгон
кыйрайган энеден не айбыкпадың?!

Желмогуз – сен белемсиң күнүм үрккөн!
Жеп-жутуп – отко кошуп күлүн бүрккөн!
Кун ала тургандай не айып таптың
курсакта жаткан байкуш түйүлдүктөн?!

Байлыкты ташый берип – ордуң кемип…
бактыңды арам сезип – койдуң жерип?
Ойрондоп салдың – колу жукаларга
оюнчук болгуң келип… болгуң келип…

Жайрап тур… ата… апасы… жардам сунаар…
жайрап тур… уулу… кызы… майрам кураар…
Күл-ойрон! Күм-жам үйлөр! Күтпөйт жазды
күзүндө шыбап бүтпөй калган дубал…

Кош тартып коңурукту эрке желге,
Гонконгдо конуп жата берсең эмне?!
Кыйналып-кыжынган бар – ур-раалайт шарт
кылмыштын кыргыз болсо ээси эгерде…

Уу ташын улам тагдыр өкчөтпөсүн,
улуттун улан-кызын өксөтпөсүн!
“Жайрады мендей болуп канчалар…” – деп
жанчылган, бели үзүлгөн көрсөтмөсүң –

Боинг, сен!!!

 

ЖОКЧУЛУК, БАЗАР

Жокчулуктан коргон, адам, коргонсоң,

жорудай ал тарпыңды аңдыйт кор болсоң.

Чөнтөктөрдүн жыртыгынан билинбей

чөбөрөлөр түшүп жатат – ойлонсоң…

 

Базар деле – абак тура, каран-күн,

канча кадр, канча сулуу камалдың.

Ала каптар, ала каптар, ала кап…

алар толо жамачысы замандын.

 

Ашып мурут кеткен өңдүү сакалдан

алармандан сатарман көп, сатарман.

И-ий… заманды көзгө сайдым көргөндө

ийне саткан илимпозду катардан.

 

Оролбосо… окшошпосо шарты эч бир –

оору сатып, өлүм сатып – алпкеттиң.

Тазалыгы, тартиби жок базарлар –

таштандысы сымал супермаркеттин.

 

Тарап эл-журт, гүү-гүү күчөйт бурчтагыл,

тапканынын түгөтүшүп бүт-баарын!

Жаны чыгаар малга окшошот кеч базар

жатып алып тыбыраткан буттарын…

 

БУЛБУЛ ЫРЫ

 

Булбул жыл сайын жумурткасын тууган күндөн баштап балапанын учурган күнгө чейин гана сайрайт. Балапанын учурган күнү тили  катат.

 

Булбул сайрайт, булбул сайрайт – бул… бул… бул!

Буулуккан бир көңүлүңдү бур… бур… бур?!

Ооруп жатып, онтоп жатып энеси

оо, баласын эмизгени тур кургур.

 

Элбип-селбип энекеси тур кургур

эмизем деп, эмизем деп уулун бул.

Буулуккан бир көңүл-дитин бурдуруп,

булбул сайрайт, булбул сайрайт – бул-бул-бул!

 

Булбул сайрайт, булбул андан баласаак –

бул мындай деп, ал андай деп карасак.

Жумурткасы туулаар замат баштайт ал,

жуп ошондон безеп-сайрап баратат!

 

Ырдайт булбул башка ырларды тен албай,

ырлары өзүн, өзү ырларын жеңе албай…

Береги эне сакайса да онтоодо

бешик ырдан беш сап айтып бере албай.

 

Булбул гана болсун менин балам деп,

булбул болбой калса – кокуй, арам деп

сайрайт булбул, сайрайт бурбай өз тилин,

салат дилге алыс-жууктан салам-кеп!

 

Ырдап айтса ыйык сөзүн тумардай –

ырасында ким койо алат тил албай!

Ооруп-онтоп жаткандан да оорулуу

онтогондор бешик ырын биле албай…

 

Булбул ырын уккун дайым, ук таңда –

буюгуп бир уккуң келет уксаң да!

Баары бүтүп – тили катат булбулдун

балапаны канат күүлөп учканда…

 

Айланайы-ын, ырыс ыр бул, кешик ыр,

апкелүүдө сезбегенди сезип ыр!

Бүт ааламды багындырган өзүнө

булбул ыры – бар болгону бешик ыр…

Ырдап айтса ыйык сөзүн тумардай –

ырасында ким койо алат тил албай!

Ооруп-онтоп жаткандан да оорулуу

онтогондор бешик ырын биле албай…

ОШ-АНЖИЯН

Ошо кезде Ош-Анжиян каттамдан

ооздо күйгөн чылым өчпөй-сакталган.

Анжияндан сатып алган кетмен, чот

аздан кийин Ошко келип сапталган.

 

Базар-күндөр баары чогуу, жалпы эле,

башка күндөр түштөнгөнү барчу эле.

Анжиянда аския айтып каткырса –

ала допу Ошко түшүп калчу эле.

 

Балмуздагын ушу шаардын барктап чын,

балдарына тиги шаардын таркаттың.

Анжиянды салкындатып туруучу

көлөкөсү Ошто кийген калпактын.

 

Тикен-зымдуу эгемендик башталып,

тинтип өтмө бекеттер тур как жарып.

Мээрим чачпайт Ош-Анжиян чеги азыр

мээлей кийип учурашкан баштанып.

 

Төбө-бутча аралыкты эми, элим,

төбөлдөрдүн пейли менен ченейим.

Ош, Анжиян эртең учурашабы

оң колуна кийип сол жак мээлейин?..

Wikiwand сайтынан алынды

 

Кожогелди Култегин жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Күлкүңдү барак сымал жая салып,/Күйүттүү ырларды ага жазып келем

 

Ырлар

* * *
Ана шайлоо! Чоң казаттай күтүрөп,
Армиялар ар тараптан күч үрөп,
Армиялар жалаң арак… арактан
Ага адамдар багынууда бүтүн ооп.

Талапкерлер жата албай да ката албай,
таттуу, ачуу окторду атып – бата алмай.
Жарадарлар жайнап жүрөт көчөдө
жан-шериги жөлөп-таяп… баса албай.

 

* * *
Ыштаны тардык кылгандай
ырасы, элим кыйналды ай.
Мыйзам жок окшойт, мыйзам жок
мынабу кыргыз сыйгандай.

 

* * *
Арыбасын даарат алган ак таңдар
арыбасын ат сугарып жаткандар.
Сабиз кейпте самсаалаган муздарды
сабиз сымал жеп жүргөндүр жаш балдар?

 

* * *
Эркек кургур эминесин аянат,
эрип мендей түгөнгүчө жана алат.
Жанын куюп ийген үчүн аялга
жаны бирге жаркын балдар жаралат!

 

* * *
“Ак ичинг…” – десем баары угуучу эле,
а чыгып, апам кымыз сунуучу эле.
Керилген тоо башына ат үстүнөн
кесенин кыры тийип туруучу эле.

 

* * *
Казак жерин барат поюз аралай –
кабырылган, айнеги жок, кара май.
Кыжырландым, поюзуна дал ушул
Кыргызстан окшошконсуп аябай.

 

* * *
Заман ушул – күчөгөндү күчөткөн,
зар какшатып жүдөгөндү жүдөткөн.
Кыйындары карагайдай тоодогу,
Кыйшык жерде көктү карай түз өскөн.

 

* * *
“Кеттим…” дебе, ишенбеймин, жок, досум,
кезигүүнүн башталышы – коштошууң.
Ат үстүндө уктап калсаң эгерде
атың келип, эшигиме токтосун!

 

* * *
Терметишпейт бош турганда бешикти,
теппей ачып үйрөнгөн оң эшикти.
Эңгезердей эки колуң турса да,
эки колго жалгыз камчы жетиштүү.

 

* * *
Кечээги муз, кечээги кар каякта?
Кейип, күлүп өзгөрдү чар тарап да –
Президент түшөөр замат сүрөтү
бирден-бирден алынгандай заматта.

 

* * *
Ким чалынып жыгылса тирдигине
кирет турмуш аны эзүү бийлигине.
Бир жүк дайым ныгырып турган буттар
бир-бирине кайдыгер, бир-бирине.

 

* * *
Ирмем… ирмем… ирмем кыз,
интернетке кирген кыз.
Издегени табылса
ичтен “Есть!” деп ийген кыз!

Кайда болсун жол табат,
каалаганын мол табат –
тиги колдор бошобой,
тизе менен “кол чабат”.

СТАЛИНДИ КӨРГӨН БАЛА
(Юрий Кузнецовдон)

Вокзалга жол турат түптүз сайылып,
Куштар сайрап кубулжутуп туш жагын.
Атасы анын медалдарын тагынып:
– Жүр, көрөбүз. Өтөт, – деди, – Сталин.

Кыла-ак эте түштү Сталин, о, мына,
Кыйгач тиктеп, болор-болбос жылмайган.
Канжа кармап багыт берчү колуна,
Калып жатты түтүндөрү кыйрайган.

Келгенде үйгө – атасы, эмне, көйрөңдүр,
Кемер менен сабады уулун курутуп:
– Уруп жатам Сталинди көргөн булл
Улуу күндү калбаса деп унутуп.

Жаны ачышып, жан соогалап чаңырды,
Апасы да эл чакырып жардамга.
Бир кошуна баланы аяп – жалынды,
Ушак сөздү таратты анан ар кайда…

Түндүккө айдап кетти атасын, катыгүн,
Түк сөз айтпайт баласы аны эскерип.
Бүт унутту – атасын да акыры…
А Сталин тирүү дайым – сес берип…

СЕНЕКМИН

Ушунчалык тебелендим, кордолдум,
уу-тикенек уюктары болду ордум.
Сезимимде оюктар бар, орлор бар,
сел кетсе эле – ага барып толгондур?

Антсем деле баш көтөрүп бир демеп,
албан топко келип алдым илбээлеп.
Молдо куран окуп кирди кафеде,
момоём мен келдим эле кимге деп.

Таптым, ооба, атасы «өтүп» неменин…
тартып бойго: «Кайрат кыл, дос…» – дегемин.
Үнсүз көңүл айтышкансыйт мага не –
үшкүрүнө бергенимди эледим.

Куран узак окулганда, оо, мынча,
кургуйга бой урган тура ой-ынтаа –
опей, жалгыз калыптырмын кашайып
оомийинге колду сунган боюнча.

От-сезими кагыраган сенекмин,
олтурсам да – оркойгон бир терекмин.
Эп келгенин көргүн элдин тамакка,
э-койчу ары, эминесин жемекмин?

Жакпайт жалмаңдагандары эт жулуп,
жарытпаймын же болбосо кепти угуп.
А көрөкчө арак коюп койбойбу,
алып ийет элем «уф-фу!» деп туруп.

Кабыр-күбүр… кайкалайм мен тунжурап…
качантадан канттын түсү муңдуураак?
Катарым не карайт десем –  табака
кашыгымды жатыптырмын ургулап.

КӨК КӨЗ ДӨӨ
(Назым Хикметтен)

Килейген бир… көзү көк Дөөнү айтайын –
кирбийген бир аялда көөнү ансайын!
Боюнан чоң ойдо аял жүрбөгөндүр –
болсо дечү кичикий үйүм менин,
болсо дечү шилбиси гүлдөгөн бир!
Дөөдөй-Дөөдөй сүйүүсү кабатталып…
тоодой-тоодой иштерди так аткарып…
куурагыр Дөө майда ишти сүйбөгөндүр –
курганы жок кичикий үйүн анын,
кулпурткан жок шилбисин гүлдөгөн бир.
Килейген ал… көзү көк Дөөнү айтайын –
кирбийген бир аялда көөнү ансайын!
Кирбигийи чарчады тең баса албай.
Ким жүрө алат Дөөлөрдүн жолу менен?!
Кичине үйгө кетсем дейт – бирге эс албай.
«Кош!» деди эле…  тоскондой шымаланып
кодойгон бир дарбадар чыга калып…
ээрчитти да, сүйгөндүр-сүйбөгөндүр,
эңсеп жүргөн үйүнө алып кетти
эшигинде шилбиси гүлдөгөн бир.
Дөө түшүнүп мына эми – акмак эмес!
Дөөнүн Дөөдөй сүйүүсү батмак эмес –
баарын ойлоп, күйгөндүр-күйбөгөндүр,
батмак эмес кичикий үйүнө анын
бажырайып шилбиси гүлдөгөн бир!

КЕЛИН КЕЛГЕН ҮЙДӨ

Тасмал башка, тамак башка – коошподу,
таңы дагы башкачараак окшоду.
Кайнатасы “Кандай жаттың, балам?” – деп
капыс сурап ийе жаздап – токтоду.

Учурашса – көргөн өңдүү коноктой…
үндөбөсө – койгон өңдүү тоготпой…
Үйдөгүлөр үчүн келин даңаза
үйдө жүрсө деле оюнан жоготпой.

«Үф-фүү!» десе кулачудай үлбүрөп…
«сүф-фүү!» десе кетүүчүдөй үргүлөп…
калтыраган, жалтыраган бечара
канчаларды какайтканга үлгүрөт:

баштагыча бакыра албай, күлө албай,
байчасы ачык шалбар кийип жүрө албай…
да бирөөсү оонап кечке жата албай,
да бирөөсү жыртык-тешик бүрө албай…

тартип башка боло түштү – кабылда,
тамакка бүт олтурушуп маалында.
Кебетелер турса дагы окшошпой –
келин басыш, келин күлүш баарында!

«Үф-фүү!» десе кулачудай үлбүрөп…
«сүф-фүү!» десе кетүүчүдөй үргүлөп…
Башка чүмкөй салган менен жоолукту
бары-жоктун баарын көрүп үлгүрөт.

Ал тамактын көрүп жатып тузун бу
айтпай эле айтып салды бүтүмдү:
«Уул-кыздарды төрөгөнү келдим мен,
улантканы келдим сиздин тукумду!»

Дене дүргүп(!), тепчип учу кеңдикти –
демейден тыш кайнатаны эргитти!
Эң бир жакын урук-туугандарынан
эч ким жасай албайт тигил эрдикти!!!

Келининен кереметти көрүп тур!
Кең орунду ага андыктан бөлүп тур!
Ушундай бир асыл жандын күйөөсүн
урушкан кез көңүлүн да өйүп тур.

Жүрөт каптап келин жакты “Оомийин!”
жүгүнгөндө жүктү сезет жон… ийин…
Башка ааламды баскан назик-баатырдын
баары-баары көзүн карайт оо-кийин!!!

Тасмал башка, тамак башка – коошподу,
таңы дагы башкачараак окшоду.
Кайнатасы “Кандай жаттың, балам?” – деп
капыс сурап ийе жаздап – токтоду.

ЖИНДИ ЧАЛЫШ ЫРЛАР

* * *
Коңур үнүң бар тура, коңур үнүң –
кой, чайылдай бербегин, токтот десем,
коңуругуң жаңырды, коңуругуң.

* * *
Мертинген көп – сулуунун кырсыгынан!
Мен көп жолу буландым кайгы-муңга
чөнтөгүнүн түшкөнсүп жыртыгынан.

* * *
Семиргенге жүрбөгүн эми кейип –
сени сөгүп жаткандай өтүк-такаң
кетип барат кыйшыйып-кемирейип.

* * *
Кабы сымал уурдаган-катканыңдын
капысынан ачылып, капысынан –
күбүлүүдө шыбагы ак тамыңдын…

* * *
Калпты неге кайталап кыстайсыңар?! –
Калпты көрүп турат калк – машиненин
каалгасынан этегиң чыккан сымал.

* * *
Баарынан да, баарынан, баарынан да
кыйшык кийе көрбөгүн калпагыңды –
кыйшайгансыйт Күн-Чыгыш жагың анда…

* * *
Ойногум ба-ар, ойногум, баса калып –
ошол сени качырып кеткен күндү
ой-даа сонун акчөлмөк жасап алып.

* * *
Ох-х, жаныбар, бозонун кекириги –
бөгүп жатып кыйлага… пар-р! деп учкан
бөксө тоонун сепсемиз кекилиги!

* * *
Керемет бул сүрөттү алдым катып –
кеткиң келип… көз арттың жылдыздарга
кепичиңдин апкытын кайрый басып.

* * *
Саптай албай жатамын ийнеге жип –
сааттан-саатка окулган докладдар
маселенин көзүнө кирбегенсип.

* * *
Асман тиктеп, мынча не кайкалайсың?
Айланайы-ын, чарт этип чагылгандай
айрылса да ыштаның – байкабайсың.

“АДАШКАН ЖАЗ”

«Арабызда тогуз жыл бар, тогуз жыл –
Артын салып тамекисин соруп тур.
Алдап-соолап ата кылып ал сени,
Мени болсо акын кылып коюптур.

Жүрөк дале жүдөп-какап согуп жүр,
Кылмышыбыз – аманыбыз, сообуздур?..
Эң жаманы, эң жаманы, коркконум –
Өлтүргөн жок, өлгөн да жок тогуз жыл».

Алиман Абдыкеримова,
“Адашкан жаз” жыйнагынан.

Кичинекей, кичинекей бактыдай
кирсиз колдо аяр кармайм апчыбай –
Алимандын “Адашкан жаз” жыйнагы
аптыгып тур акын кызды тапчудай…

Бул заманды буйткалардан кургансып –
бурулбасын, адашпасын ким кантип?
Көрүшпөдүк! Тогуз жыл бар ортодо
өлтүрбөй да, өлбөй дагы турган тик.

Аскадан зор тогуз жылдын көбүгү.
Алимандын ыр болчу дем-өмүрү,
торбосунда ырлар эгер жок болсо –
толду дечи тогуз жылдын өлүгү.

Жазбаган ыр – жарылбаган сыздооктур…
жаркын өмүр сүрсө дагы сыздап тур!
Адашса да, жоголбосун жаркын жаз,
жаз болбосо – жай да жоктур, күз жоктур…

Анда Алиман 20 ашкан чоктой кыз,
ар сабында агабыз да токтойбуз.
Агайы – мен! Алты гений – окуучум!
Ак деңизчен… океанчан окшойбуз!

Сүйүү менен кабак ачкан, бүркөгөн
сүрдүү кыздар сүрдөсө ичтен күлчү элем –
караан тутуп, карал тутуп аларды,
кармалып мен ыр-дүйнөдө жүрчү элем.

Кырдан өйдө, ырдан ылдый ооматы –
кычайт Ошто чакырык да доолашуу.
Жахан-Көлдө жайнаган көп кайыктай –
жайын-кышын кафе-бары, той-ашы!

Ачкан сымал эл аралык кылмышты
айгай салып издейт дебе бир кызды?
Тогуз жылы дайынсыз не кетти акын?!
Тогуз айда “багынтмак” бүт кыргызды!

Жанарадан окуп калам жакшына ыр,
Нарсулуудан күтүп жүрөм москва-ыр.
Аксым-заман, алып учтуң каякка
Алимандын жаштыгынын баштыгын?..

Укканымда алыска иштеп кетти деп –
убап-чубап… эки китеп… беш китеп…
Кайран гана менин ошол үмүтүм
калабы, эмне, үрбөс иттей тепки жеп?

Сыртта иштейм дейт… билбейт сөздүн ашташын…
“сырттан” китеп… чыгарам дейт башкасын…
Алып алган сымал аны жек көрдүм
Алимандын китеп басаар акчасын.

Батыраак деп, батыраак деп, батыраак,
балдар-кыздар калем кармап тапырап,
Байрон турсун Байдылданы окубай,
баарына өзүн окутууга ашыгат…

Ыр-дүйнөгө ыйманы ысык бак келгей!
Ырдын багы кыргыз-башка чак келгей!..
Отуз жаштан оосо дагы Алиман,
өлтүрбөстөн тогуз жылды апкелгей…

ТЕГЕРАН ТҮШ КӨРҮҮСҮ
(Юрий Кузнецовдон)

Түндүктөгү кыйроолордон сырткары –
Тегеранда тегиз күйүп тур жарык.
– Баарын жакшы айттык, маршал Сталин, –
Баштады сөз Черчилль-чечен кырданып. –

Көп аянга ишенмейим бар эле,
Көргөн түшүм – өзү го дейм кепилдин:
Жер-жүзүндө дайындалдым шар эле
Жетекчиси болуп планетимдин!

Андан ашкан көтөрүлүү барбы эми,
Алибетте, көңүлүңөр чөкпөстүр…
– Карасаңар, кандай укмуш дал келүү! –
Каада менен Рузвельт сырын төкпөспү. –

Унутулгус жолугушуу болду да,
Урматына түштөр кирди олуттуу:
Ай-ааламдын жетекчилик ордуна
Алкап мени олтургузуп коюшту!

Анда Сталин айтты сөзүн түздөнүп
Канжа-несин калбаат соруп тынымга:
– Мен өзүм да чыктым түндө түш көрүп –
Бекитпедим дайындоонун бирин да!..

ТЕҢИРДИН КЫЛЫЧЫ
(Кайсын Кулиевден)

Асан-Үсөн түштү асмандан анаке,
Кандан кызыл, чөптөн жашыл түсү ынайт.
Адамдарды сүйүндүрчү жан экен,
Тоо, деңизди туташтырган күчүн-айт.

Жети түстүү, жети кабат керемет
Баарысын тең кучакка алып турбаспы.
Ашуу, аска, талаа, жалпы тегерек,
Анда иштеген аялдарды нур басты.

Ийгиликке, сүйүнүчкө арналат,
Чынында эле кылычы го Теңирдин!
Балдар аны көргүсү бар кармалап,
Аны менен ойносок дейт кээ бир күн.

Жер үстүндө илинип тур термелбей,
Балдар аны карап суроо салышты:
Артка ийилме мизи кана – шерденген?
Сабы кайда? Бар экени аныкпы?

Кылыч мына – ак жүрөк да зыянсыз,
Жазалоону, өч алууну билбеген.
Үмүт сыңар – эгер болсо ким алсыз,
Сүйүнүшөт, таңданышат миңдеген!

Асан-Үсөн! Жакшылыгы жатталуу,
Жарак да жок андан картаң, эскирген.
Анын мизи бир тал чөптү чаппады,
Алдында анын жүгүнбөдү эч кимдер.

Кандай сонун ушул жарым айлана,
Билбейт эч бир жандын башын кыйышты.
Талкалап бүт куралдарды шар гана,
Калтыргыла жалгыз ушул кылычты!

КЫРГЫЗ-ЫЙМАН

Кыргыз чегин курчап турган тоодо адеп!
Кыргыз жак деп суусап турган жоодо адеп!
Башкалар бүт “ба-а!” деп келсе дүйнөгө,
байкагыла, кыргыз туулат “ооба-а!” деп!

“Ооба-а!” деген сөздүн ошол деминен
орду менен мөңгүлөр да эриген!
Кандай арман – жерди таштап көз жумуу,
андан арман – кетүү кыргыз жеринен!

Конушун көр – коңшу турган айы бар,
комузун көр – жүрөк, жүрөк сабы бар.
Кырдан ойго, ойдон кырга зуу койчу
кыргызга бул кыйын заман багынаар.

Ооз ачылат, эрдигиңе, бир карап –
оорчулукту коштоп шаттуу ыр барат!
Илинсе эгер кыйшыгыраак, чалараак
илгичтеги кийим канча кыйналат?!..

Кыйынчылык басса дагы жол болбой,
кыргыз-ыйман калбасын эч корголбой.
Кам көр ага – диванда жаш баланын
капталына төшөк-таянч койгондой…

КОЖО СӨЗ

* * *
Алар мындан ары эч качан ажырашпас үчүн ажырашып кетишти.

* * *
Алайку менен Алай, ал турсун Чоң-Алай тутумдаш. Андыктан баарын бириктирип, “алай”, “куу”, “чоң” деген сөздөрдү да кошуп, “Чоң Алайку” деп атап койсо болчудай.

* * *
Партияда жоктордун “партиясынан” күчтүү партия эч жерде жок!

* * *
Аялынын жаштыгынын азабын тартып, ого бетер карыгандар көбөйдү.

* * *
Тоодо туулуп-өскөн шаардыктар чогулуп эс алса – тоо таянып, жаратылыш беттеп кетмейи адат. Шаарда туулуп-өскөн шаардыктар эс алса – ресторанга түшүп, кабинада кадалып олтурмайы адат.

* * *
Менин ар бир ырым – окурмандарыма жазган катым.

* * *
Арак – ар ак (оңунан окусаң), арак – кара (тескерисинен окусаң). Тактап айтканда, аз ичип, оң жүрсөң – ак, ашыкча ичип, тескери кетсең – кара.

* * *
Кээде мага жаңы жыл – он эки ай ичинде бирөөлөрдү өлтүрүш үчүн келгендей туюлуп кетет.

* * *
Сүйгөнүңдүн жасап берген тамагы – нак бейиштин тамагы.

* * *
Заман бул – оттогу казан сыңары. Заман алмашканда – казан алмашкандай ичиндеги кайнаган турмуштун үстү астына, асты үстүнө куюлат. Башкача айтканда, баштагы бийик нерсенин төмөнгө түшүп, төмөн нерсенин бийикке чыкмагы бар.

* * *
Азыркы “ыштаны” жок гезит чыгарып оокат кылгандар – илгерки “Төө чечмей” оюнундагы ыштаны жок тоңкоюп, абийирин артындагыларга көрсөткөнчө төөнүн буйласын чечкен, анан ага акча алган катындардын өзү!

* * *
“Ыр жазганды качан баштагансыз?” – деп сурай беришет. Мен билбеймин. Адам түш көргөндө ошол түшүнүн качан башталганын билбеген өңдүү мен дагы качан ыр жаза баштаганымды билбеймин.

* * *
Аялың менен “беркиниңди” ынтымак кылайын десең үчүнчү бирөөгө кетип кал, дос. Ошондо тиги экөө: “И-ий, өлүгүңдү көрөйүн, сени да ошентчү беле…” – деп атып эле ынтымакташып кетет.

* * *
Эң таза аба – мончонун астындагы аба. Ал жуунуп чыкканыңда укмуш байкалат.

* * *
Жөн жүрүп карыган эч нерсе эмес. Теле экрандан түшпөй жүрүп карыган ашкере аянычтуу.

* * *
“Кыз-келиндерге арналган ырларыңыздан улам аялыңыз урушпайбы?” – деп сурашты автордук кечемде. “Урушат, урушат. Ушу алтындай болгон аялзаты жөнүндө эмне үчүн начар жазып жатасың деп урушат”.

 

БУЛБУЛ ЫРЫ
Булбул жыл сайын жумурткасын тууган күндөн баштап балапанын учурган күнгө чейин гана сайрайт. Балапанын учурган күнү тили катат.

Булбул сайрайт, булбул сайрайт – бул… бул… бул!
Буулуккан бир көңүлүңдү бур… бур… бур?!
Ооруп жатып, онтоп жатып энеси
оо, баласын эмизгени тур кургур.

Элбип-селбип энекеси тур кургур
эмизем деп, эмизем деп уулун бул.
Буулуккан бир көңүл-дитин бурдуруп
булбул сайрайт, булбул сайрайт – бул-бул-бул!

Булбул сайрайт, булбул андан баласаак –
бул мындай деп, ал андай деп карасак.
Жумурткасы туулаар замат баштайт ал,
жуп ошондон безеп-сайрап баратат!

Ырдайт булбул башка ырларды тен албай,
ырлары өзүн, өзү ырларын жеңе албай…
Береги эне сакайса да онтоодо
бешик ырдан беш сап айтып бере албай.

Булбул гана болсун менин балам деп,
булбул болбой калса – кокуй, арам деп
сайрайт булбул, сайрайт бурбай өз тилин,
салат дилге алыс-жууктан салам-кеп!

Ырдап айтса ыйык сөзүн тумардай –
ырасында ким коё алат тил албай!
Ооруп-онтоп жаткандан да оорулуу
онтогондор бешик ырын биле албай…

Булбул ырын уккун дайым, ук таңда –
буюгуп бир уккуң келет уксаң да!
Баары бүтүп – тили катат булбулдун
балапаны канат күүлөп учканда…

Айланайы-ын, ырыс ыр бул, кешик ыр,
апкелүүдө сезбегенди сезип ыр!
Бүт ааламды багындырган өзүнө
булбул ыры – бар болгону бешик ыр…

Ырдап айтса ыйык сөзүн тумардай –
ырасында ким коё алат тил албай!
Ооруп-онтоп жаткандан да оорулуу
онтогондор бешик ырын биле албай…

 

КАЙРАН СҮЙҮҮ

Тең жарылган каткырыктай сабалап,
тең жарышкан сүйүүбүзгө салават!
Каткырыктай күчтүү да экен, кыска экен,
кала бердик жүрөктөрдү жаралап.

Айлуу түндүн салкыны өлдү – чөлдөдүк,
алоо күндүн ысыгы өлдү – көрбөдүк.
Ыпыр-сыпыр..ыпластанды көңүл да
шыпыргыга шиленген нан өңдөнүп…

Кай тарапты, кайсы гүлдү карасак –
кара күйүк, кара темгил, кара так.
Үстүбүздө ээри оогон ат болуп,
үрккөн бойдон мезгил ана баратат.

Карашалбай же каткырбай, сөгүнбөй,
какшып турбуз чайнек менен чөгүндөй.
“Ошол сүйүү кайда?” – деген – осол сөз,
ортобузда мүрзө турат көрүнбөй…

Арман канча алкымдан бек кыспасын –
ал сүйүүгө акаарат кеп чыкпасын.
Тилек ушул – адамзаты мүрзөгө
тик сайылган бычак бар деп укпасын…

 

* * *

Жасалганда – жакшылап бата алганбы,
батанын же өзүнөн жасалганбы –
кут даарыган жерди көр, кут даарыган
кулпунтат да кулпуртат адамдарды!

Ал-ансайын жер бетин оё басып…
адамбайлар мал топтоп – короо ташып!
Кут даарыган жерди көр, кут даарыган
кулпундуруп малды да коёру ачык!

Баккан малы бал татып турса мына
бар-береке(!) – туш болот ууртамына…
Аны туурап жер дагы бирден-бирден
адамдарды жымырат курсагына…

 

УКТА, СУЛУУ

Укта, сулуу, эч ким тоскоол этпесин,
укта ойгонбой болсо да азыр кеч бешим.
Көзүңдү ачсаң – канат кагып каштарың,
көктү карай үркүп-учуп кетпесин.

Жан көшүлтчү жаркын сөздөй жалынган
жабыз, жагым – шейшебиң да жамынган!
Бойтоюп бир балкып-көлкүп тур мында
бой жеткенде тапкан бардык “табылгаң”.

Укта, сулуу, уктай турган орун бул,
учу барып түшкө айлансын оюңдун.
Сулуу, сенин түшүңө бир кириш да –
ЦУМга кирген сыяктанып сонундур!

Кайтарса да сулуулукту – мактанбай,
кароолчу-кал какайып тур, ах, кандай!
Бүт сырыңдын, бүт кылымдын капкасы
бүлк-бүлк эткен оң ууртуңда жаткандай.

Укта, сулуу, ууз демиң ак, таза –
уйкуңдун ал улам кадам ташташы-а.
Үстүңкү эрдиң – канат жайып акырын
үргүлөгөн барчын сымал башкача.

Улуу турмуш чарчатып бүт – балбан-ов,
уктаар кезде уктап-жыргап алган оң.
Сулуу, сага суйсалып да суйкайып,
суроого жооп бериш эле кандай оор!

Укта андыктан, уктап сага алган оң…

 

ЧҮРӨК

Оо, мен билген сулуулар,
Арзыбаган кунуңар…
Нагыз чүрөк мынаке –
наркы дүйнө бурулаар!!!

Кел-кел доорго чыракпы?!
Кетпесеңер уят бу –
күн чыкканда жылдыздар
күм-жам болгон сыяктуу.

Баскан изи – башка тең,
бак-таалайга накта кен!
“Бар” деп айткан бир сөзү –
бардыгы өскөн бакча экен.

Жыргал-туусу бүктөлбөй,
жылмаюудан бүткөндөй.
Мөлтүр көзү ирмелсе
мөмө үзүлүп түшкөндөй.

Карай калса – бүгүлүп,
Хандар – жетим жүгүрүк.
Томуйтуптур чекесин
тоолор толук жүгүнүп.

Жамгыр сымал, ой сымал
жан сергитет доошу улам.
Ит үрсө да жүрөкпө
гүл атылат оозунан!..

 

…ГА ЭКИНЧИ ЫР

Чыныгысың, чыныгысың, чыныгы!
Чыгат эми чыгаандардын чын ыры!
Үшкүрүнө сен дегендер – турмуштун
улам түтөп… кемип жаткан чылымы…

Нагызысың, нагызысың, нагызы!
Насыяттай – карегиңдин жанышы!
Сезгендер да ааламга өзүн  кожоюн
сени көрсө – сезет бардай карызы…

Дал өзүсүң, дал өзүсүң, дал өзү!
Дайым сени карап турат ай өзү!
Дааналап бир айтып коёр сөз ушул –
далдааңда тур  жарык дүйнө, кап, өзү…

 

БҮГҮН МЕН ЫР ЖАЗДЫМ ЭЛЕ

Бүгүн мен ыр жаздым эле –
алмалар ачып-жапма тереземден
акырын башбагууда шакта туруп
алыстан окучудай барактарды.

Бүгүн мен ыр жаздым эле –
тулаңда чалкасынан жаткан жоокер
тураарда автоматты таянды да,
куралдын оозун калды кыртыш бүтөп.

Бүгүн мен ыр жаздым эле –
жигити шоколадды тиштеп сунду,
жымыңдай башын созуп жароокер кыз,
жыргаган бойдон үздү жармын тиштеп.

Бүгүн мен ыр жаздым эле –
саяпкер ат такалап жатты кылдат,
саал ачык турган ооздон  түкүрүгү
саламдай агып түштү ай-туякка.

Бүгүн мен ыр жаздым эле –
дайрада ыштаны агып… аттай-буттай
далдайган балыкчы кууп келатканда –
дардайган дүмүр-бутак токтотту илип.

Бүгүн мен ыр жаздым эле –
кызымдын  «5»теринин бутагына
кызыл тил булбул келип конуп алып,
кыраатын бузбай сайрап жатат тынбай.

 

ЖЫЛКЫЧЫ ЖАНА МУРУТУ

Жылан мурут Жылкычы!
Жылгалардын ырчысы!
Ырдап жатып кол серпсе
мурут учу чырпычу.

Карап көздүн дал алдын:
«Каралдым, – дейт, – каралдым…» –
ажыдаар жон мурут тур
агылжын да каралжын.

Батпай үйгө – чалынып,
бал кымызга малынып,
секи, кырга сүйрөп тур
сергийли деп – кам уруп.

Маңызданбай, какшанбай,
мактанбай да актанбай –
муң баскан жоон үн менен
мурут сүйлөп жаткандай!

Бирок, жазылчудай курушу
жалынганы-ай куп ушу!
Качат балдар безилдеп
кармачудай муруту.

Канаттарын талыткан
кайткан куштай алыстан.
Жаалданганда карасаң –
чапчып алаар арыстан!

Сылаганда – жоош болуп,
сый-урматтар коштолуп –
түштүк, түндүк– бир мурут,
батыш, чыгыш дос толук!

Кыска тостту укпаган,
узун тостто уктаган.
Арбаң этет муруту
алып ийер тушта анан.

Жылан мурут Жылкычы!
Жылгалардын ырчысы!
Ырдап жатып кол серпсе
мурут учу чырпычу.

 

ТОЙДОГУ КЕЛИНДЕР

Келе бери, мен жасайм деп чыгышкан
келиндер-эй тойдо кызмат кылышкан –
кемди толук кыла турган армия
кемселчен да, кепкүүрчөн да, кылыкчан!

Жок булардын үстөлү да төшөгү,
жок жалкоолук, жок анан да өчөйүү!
Тоонун жүгүн көтөргөндөн оорураак
тойдун жүгүн, тойдун жүгүн көтөрүү!

Бир кылчайып жарк эттире шок немең
бирөөлөргө жооп ыргытат чок менен!
Канча келин канча жумуш бүткөрдү
катарында тең алоолоп от менен!

Тез-тез каттай берип – сулуу тентек жол,
тепилдемей, лепилдемей элпек кол!
Келиндердин кепичинче иш кылбай
керсейген да, торсойгон да эркек мол.

Тамак толо табактарды карма, бас,
кандай кыйын тайтаңдабай алгалаш.
Көңүл отун көтөрбөсө келиндер
көп самоордун чайлары да кайнабас.

Шай жоолугу кыйшайса да жарашып,
шашылганда аттап итти – каратып…
Түгөнгүр-ай, илип кетти анан да
түшүп калган бир боорсокту баратып.

Оо, мейманды утурлаган келиндер –
ой-иий, кандай эриндер де… эриндер…
ой-иий, кандай күлкүлөр де, сөздөр де…
ой-иий, кандай дасторкон де керилген…

Жасайт дебе жалаң гана жумушту,
жаркылдаган келиндер, чын, улук бу –
саясатчы-төбөлдөрдөн жакшыраак
сактап турат кыргыз деген улутту!

 

ОШ

Үч миңге чыккан өткүр шаар!
Үйрүлүп сырды төктүм шар!
Жанары менен жангым бар,
анары менен өскүм бар!

Айкашкан жигит-кыз жаркып,
Ак-Буура агат ышкы артып.
Сулайман-Тоого чыккандар
суктантат жүзгө чыккансып!

Тоосу жок – бул шаар өнө албайт,
шаары жок – бул тоо өң албайт!
Кыргыздан досту бөлсө да,
кыргыздан Ошту бөлө албайт!

Жароокер калкы жаккандай
жарашат ырыс-бак кандай!
Ийилип саламдашат эл
ийилген мөмө-шактардай.

Ынтымак-ыркы түптөлгөн
ыдырабасын бүктөмдөн!
Тоо башын шаардан тиктейм деп
топтошуп учкан куш көргөм!

Айкашкан жигит-кыз жаркып,
Ак-Буура агат ышкы артып.
Сулайман-Тоого чыккандар
суктантат жүзгө чыккансып!

 

АКУН АКЕ

Кайкалайсыз! Каткыра сүйлөп-жаркып…
Калкагарсыз! Нарк-сыйды түрлөп-калпып…
Ойноп кээде буттарын чеберенин –
ооз-гармошка кыласыз “үйлөп-тартып”.

Жалын дагы сиз жакка жан-н(!) деп качат.
Жаңсап эле койсоңуз – адеп-башат.
Эки бирдей сулууну күлүңдөгөн
эки көзгө таккансыз айнек жасап.

Телегейи тегиздей нурданган – сиз,
тегиз болом деп кээде кур калгансыз.
Тең экиге, эки эмес – андан көпкө
терезедей бөлүнүп турган жансыз.

Эргип айткан сөзүңүз – аскадагы ыр,
ээк көтөрүп эрүүдө канчаларың?!
Жарыядай жайкалып, тура калып,
жарашканды-айт шляпа башкача бир!

Убаданын учунда – демей жорук…
улуктарга тургансыз ченем болуп.
Билгизбестен карайсыз бийликченди
бир көз тургай, бир ыпта менен толук.

Мамиленин кашкасын аяр сылаар…
маданият жөлөнгөн адам-чынар!
Баары-баары ордуна келип турсун
байбиче “өтсө” – башкасы даяр сымал…

Кайкалайсыз! Каткыра сүйлөп-жаркып…
Калкагарсыз! Нарк-сыйды түрлөп-калпып…
Ойноп кээде буттарын чеберенин –
ооз-гармошка кыласыз “үйлөп-тартып”.

 

ЭКӨӨ

(“Кайрадан жазылган ырлар” топтомунан)

Эки коңшу (бирөөсү кош балдакчан)
ээн бакты башка кийип – балжактап,
өлөрчө бир ичишти да чегишти,
жөнөштү анан арыкты аттап, карды аттап.

Бар тулкусун артып эки балдакка,
барат бири ооп-кыйшайып ар жакка.
Ачык турган беш салаадай жарданат
ага баары – жакаларын кармап да.

Баспай…
чылым тутантам деп шалпылдап,
балдагынан кулаган тур калтылдап –
чекити жок көр-тирликке коюлаар
челек баштуу үтүргө окшош ал чындап.

Кайгы-муңга капталышып ары жагы –
капысынан милийсалар кармады.
Салып кетти машинага бирөөсүн,
а бирөөсүн, а бирөөсүн албады.

“Балдакчандай бактылуу жан барбы?!.” – деп,
бараткан бар кармалганга кайгы жеп.
Кирип жерге – кемсинген бар мени эч ким
киши сымал эсептебей калды деп…

 

ИЗДЕЙМ СЕНИ

Мезгилге куйрук-улаш түшүп алып,
мен сени издеп келем – утуру арып,
күч берээр бакытымды, таалайымды
100 грамм шарап сымал жутуп алып…

Изделип жүрүп өзүм – кийик болуп,
издеймин ийне-жибиң билип толук,
калчылдап бут шилтенбей калган кезде
кайгымды канттай чагып, шимип коюп.

Издеймин, таап бүтүп, жаным, дагы!
Издөөгө өмүрүмдүн кайыл баары!
Табылып, колтукташып жүргөндүгүң –
болгону, дарегиңдин табылганы!

Сени мен издеп келем мекенимдей!
Сезимдер далбалактап этегиңдей!
Издебей калган ошол мүнөт-саатта
из-тозсуз бул дүйнөдөн кетеминби-эй?!

Кашкайган тиштериңдей – каткырыгың,
кайрылып бир карасаң – катты кылым.
Ийниме бул ааламды илип алып
издеген үчүн сени бактылуумун!

 

…ГА БИРИНЧИ ЫР

Чыныгысың, чыныгы, чыныгысың!
Чыр дүйнөнүн батадай тынымысың!
Көз ирмемиң кыркып тур жамандыкты –
көп жандардын кырсыктан кырылышын!

Нагызысың, нагызы, нагызысың!
Нан жытынын, даамынын маңызысың!
Жоодурап бир карап сен койгон адам
жортуулдарда билбестир багынышын!

Дал өзүсүң, дал өзү, дал өзүсүң!
Данакер да жароокер жан өзүсүң!
Тушоо тойдо жүгүргөн балдар сымал
турат сага багыттап баары өсүшүн!

 

МУШТУМ

Автотыгын айламды кетирип бир,
алтыныма, мынаке, кечигипмин.
Түйө коюп муштумун кезеди эле –
тормуз бастым ичинде кесилиштин.

Күдөр үзгөм – учурдай өлө турган,
күндөрүм көп турбайбы көрө турган –
өзү сымал муштуму супсулуу экен,
өбө турган нерсе экен, өбө турган!

Калптын-чындын баарысын азыр аңдап,
газды бассам – машинем адыраңдап…
Түйүп алган муштумун сулуу, мөлтүр
түгөтө албай кезейт ал бажыраңдап.

Айткылачы, аруу бир нерсе менен
агайына муш кезеп эркелеген –
эмне деген ишеним, эмне деген,
эмне деген эркиндик, эмне деген!!!

Ырас, ырас, муштуму – курал ушу,
ырысты андан жандырып туралычы?!
Тиштенсе да, эринин жымыйтса да
тышта-а кыздын күлкүсү, кубанычы.

Куштарлантпас анчалык – көнүк нерсең,
кумардын зор куту бар – чөгүп жеңсең.
Тимеле бир ырахат, лаззат болмок
тигил муштум тийгенде өлүп берсең.

… Кучагымда жалынчка муюп-калкып,
кумарлана өбүштү уюп-балкып.
Абай салсам, муштуму тирүү дале –
айдалыма нап-назик уруп… тартып…

Соц тармактар:

2 thoughts on “Кожогелди Култегин

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.