Курманжан датканын күмбөзү кайрадан жаңыланат

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылдык округунда жайгашкан Сар-Мазар көрүстөнүндөгү Алай ханышасы Курманжан датканын сөөгү коюлган күмбөз кайрадан реконструкцияланмакчы. Ош облусунун губернатору М.Бакировдун демилгеси менен жаңылана турган күмбөз 2010-жыл “Мурастар жылы” деп жарыялангандыгына жана Курманжан датканын 200 жылдыгына арналып, тарыхый жайларды калыбына келтирүү аракети катары бааланууда. Учурда күмбөздү калыбына келтирүү боюнча долбоордун эки варианты даярдалган. Долбоордун автору, скульптор Ашыралы Маразыковдун айтымында, датканын күмбөзү 1991-жылы анын 180 жылдыгына карата оңдолуп, бирок, коргоого алынбагандыктан, жараксыз абалга келген. Аянты 100 чарчы метрге чамалаш болгон бул жайдын айланасына суу топтолуп калгандыктан, күмбөздүн чөгүп кетүү коркунучу бар. “Жаңы долбоордо күмбөздүн ичине жарык киргизели деп турабыз. Анткени, ичи караңгы болгондуктан, ным тартып, дубалдары урай баштаган. Жаңыланып бүткөндөн кийин атайын коргоого алынышы керек”,- дейт скульптор. Ошондой эле ал жаңы долбоорго ылайык, Курманжан датканын айкелин тургузула турганын да кошумчалады.

Жалпы аянты алты гектарга жакын бул мазарга Курманжан датканын уулу Камчыбек да коюлган экен. Ошондой эле ошол доордогу аалымдар, даражасы бийик адамдардын сөөгү жашырылган дешет. Аталган көрүстөндө кароолчу болуп иштеген Адахимжан Хакимовдун айтымында, бул жайга алыскы Америка, Пакистан, Түркия жана башка өлкөлөрүнөн арзып келген зыяратчылар көп. “Бул жерге көптөгөн чет элдик адамдар келип, зыярат кылып кетишет. Алар датканын сүрөтүн көрсөтүшүп, өз ара кеп кылышат. Ошон үчүн бул жайга көңүл бурулуп, жакшы кароого алынса, бул жерге келгендердин да саны артат”, – дейт кароолчу.

Күмбөздү реконструкциялоо иши ушул жылдын күз айларында белгилене турган Кара-Суу районунун 90 жылдыгына карата бүткөрүлүшү күтүлүүдө.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА, “Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.