ООДАРЫШ

sports-03
"kyrgyzstantravel.net" сайтынан алынды

Кыргыз элинин эң байыркы  ат оюндарынын бири. Кыргыздар жылкыны өстүрө да, багып таптай да билген. Атты унаа катары  гана пайдаланбастан оюн-зоок, көңүл ачуу, күч сынашууда да минип пайдаланышкан. Мисалы, «Манас эпосунан»:
Атка болгон чабендес
Ат үстүнөн эңишип,…
– деген ыр саптарын окуйбуз. Эпосто баатырлар менен бирге күлүк, күчтүү, жоого мине турган аттар да кошо макталып, даңазаланган. Андай аттар чынында эле акылдуу келип, айла-амалдуу болушкан. Ага Манастын Аккуласы, Тору чары, Семетейдин Тайбуурулу, Эр Төштүктүн Чалкуйругу, Бакайдын Көк чологу, Алмамбеттин Сараласы ж.б. кирет.

Оодарышка уландар, кыздар кичине кездеринен эле көнүгүшөт. Оодарыш оюну кыргыз элинин салты боюнча ашта, тойдо ойнолгон. Азыркы кезде салтанаттуу күндөрдө, майрамдарда, той-тамашада ж.б. ойнолот. Оодарышка чыккан өспүрүм бала менен бала, кыз менен кыз, чоңураак болсо жигит менен жигит, келин менен келин эңишет. Эңишке чыккандардын күчү, атка чабендестиги барабар болуусу керек. Оодрышка катышкандардын кийими, аты, ат жабдыктары эңишке түшүүгө ылайыктуу болгону жакшы. Минүлчү аттар өкүм, күчтүү аттар болушу керек. Оодарыш оюнун уюштуруучу- калыс болот. Калыс катышуучулардан оюндун эрежесин сактоону талап кылып, ага көз салып турат. Оодарышка катышкандар бирин-бири ат үстүнөн оодарып, жерге түшүрсө жеңишке ээ болот. Бирок бирин-бири жеңден, чачтан, жакадан, беттен алууга, колун толгоого болбойт. Оодарышта жеңгендерге салт боюнча байге берилет. Эгер жаш балдар өздөрүнчө көнүгүү үчүн эңишишсе байге эмес упай берилет. Оюндун акырында кимдин упайы көп болсо ошол жеңүүчү болот.

«Кутман» блогунан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.