САЛ БИЛЕК

Кыргыз эли байыртадан эле башка элдер сыяктуу бала тарбиялоого абдан чоң көңүл бөлүшкөн. Баланы чени менен эркелетип, жакшы тарбия берүүгө аракеттенишкен. Мисалы, сал билек деп ба­ланы эркелетүүдө ата-эне же ага-эжеси бөбөгүн алдына алып олтуруп, анын эки бутун эки колу менен сал билек кылып кармап, төмөндөгүдөй ырларды айтышкан.

Алдей-аддей, ак бөбөк,
Ак боз жорго мал белек.
Алдей-алдей ак бөбөк,
Айран, кымыз ич бөбөк!
Сал-сал билек, сал билек,
Сары майга мал билек,
Коён эки кош белек,
Кошуп алган ак бөбөк,
Ак бешикке жат бөбөк,
Кунан койду сой бөбөк.
Куйругуна той бөбөк!

Кылымдар бою бөбөгүн ыр менен эркелеткен ушул сыяктуу салттары менен кыргыз эли табиятынан ырга шыктуу болуп өскөн. Бөбөктү жашынан жатык болууга, ырды, сөздү баалай билүүгө үйрөткөн. Бул салт атадан балага өтүп, азыркы кезде да улантылууда. Бешик үйлөрдө жогорудагы ыр саптарын элдик педагогика­нын жакшы салттарынын бири катары пайдаланса болот.

«Кутман» блогунан алынды

Соц тармактар:

One thought on “САЛ БИЛЕК

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.