Кыргыз баласынын үч журту

“Береке, байлыкка мол, Ата Мекен,
Жүрөккө баардыгынан жакын экен.
Тянь-Шань – деген бир сөз эске түшсө,
Мээ сергип, медер кылып, толкуп кетем”. (Мидин)

1. Ата журт.
Бул – ата-бабасынан бери келе жаткан, киндик кан тамган, кирин жууган, көз ачкан, ата-энесин көргөн, көңүл сүйүп эпкен журту. Уул болобу, кыз болобу муну ыйык тутат. Кайда жүрбөйлү, эмне күндү көрбөйлү. Ата-Журт кимге болбосун – мисир. Эч качан элеси эстен кеткис, эч кимге бергис аттанып түшөөрүбүз – Ата Мекенибиз. Ошондуктан “Мен нарындыкмын”, “Сен оштуксуң”, “Ал аксылык”, “Таалайбек таластык”, “Акмат алайлык”, “Баатырбек баткендик” – деп айтуудан ооз күйбөйт. Мында ар ким өзүнүн элин-жерин чакыруусу.

2. Тайын журт.
“Эр тайын тартат”. (Макал). Буга кыргыз баласынын энесинин төркүндөрү кирет. Тайата, тайэне, тайаке, тайжеңе, тайэже, тайжезде өңдүүлөрү аталгандан кийин жээнге алар кызы үчүн баарын аябайт, жээн эркелейт. Алаарын айтат “Жээн киргиче, жети бөрү кирсин”… Баланын Ата-Журту: “Мунун чыккан жери жакшы, биз ушулар менен көгөргөнбүз, агарганбыз” – деп, уулдун энесинин төркүндөрүн баалап, барктап турушат.

3. Кайын журт.
“Талдысуулук кайындар,
Күткөн чыгаар коногун.
Күрпүлдөбөй кечүү бер,
Күйөө балаң боломун”. (Байдылда)

Бул – уул-келинге бирдей аталуу. Уулдун аял алган тарабы, келиндин келген жери. Кайындоо – атайын кызга баруусу, арадан жуучу түшүүсү. Кайындап койгон – мурунтан барып, жуучу түшүп, кеби-сөзү бүтүп, кызга сөйкө салуусу, башкалардын барууга акысы жоктугу. Күткөн күн келгенде той баштоосу, жол-жобосу менен кызды алып кетүүсү. Эр жигит кайын журтуна күйөө бала, жезде, а мүмкүн күчкүйөө болот. Ал эми күйөө бала үчүн кайын ата, кайын эне, кайын ага, кайын эже, кайын жеңе, кайын ини, кайын жезде ж.б. аталат. Күйөө баланын жары да келген жериндеги жакындарын дал ушундай туюнат.

Күч күйөө. Кыргыздарда күйөө аттуулар үчкө бөлүнөт: аялдын күйөөсү – эри, журт күйөө, күйөө бала, күч күйөө.Т.а. күч күйөө кайын журтун маанектеген күйөө. Анын антип калуусуна, мүмкүн, бир топ себептер бар:

Биринчиден, куу турмуштун ич-ара шарттарына, жашоо ыңгайларына барып тогошот;
Экинчиден, аялына байланышат. Ал күйөө тараптын эли-журту менен мамилеси анча эмес. “Ортодо балдар бар”, “Келсең кел, кетсең кет, эрк өзүңдө” – деген сөздөргө ж.б.ларга байкуш күйөө чырмалышат;

Үчүнчүдөн, күйөөнү жакын, илик алар тууган-уругу жоктугу. Ошондой эле бөлөк өскөндүгү, “Башка өскөндүн боору таш, ташка өскөндүн туягы катуу” болгондугу;

Төртүнчүдөн, тууган-уруктар менен таарынуулар. Адатта, андай шарттарда башка тарапка илик-жарма издеп көчө качуусу;

Бешинчиден, ал күч күйөөнүн эң негизги кемчилиги, эл караган бетинин жер карашы – анын намысынын жоктугу, эркинин боштугу, даяр жашоого алдангандыгы. Күч күйөөнү илгеркилер “күчүк күйөө” дечү. Бул: “Бала менен күчүк тойгон жерде” – дегенден калса керек. Күч күйөөнүн ата санжырасы, тукум санжырасы унутта калат. Кайын журту “күч күйөөбүз” дешет. Ал баардык тарабынан басынгансып барат. Кыргыздын ата салтында күч күйөөнү өтө эрөөн-терөөн көрүшкөн.

Күйөөнүн бактысы өз жеринде, түбөлүк жары, өз үйү, өлөң төшөгү, анан жакшы жигит аты болушу зарыл.

«Кыргыз Web» сайтынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.