«Кыргызфильм» мамлекеттин каражатына биринчи жолу эки сериялуу көркөм фильм тартат

Кыргызстан эгемендик алгандан бери алгачкы жолу «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы  мамлекеттик заказ алды. Ал Курманжан Датканын өмүр жолу жана ишмердүүлүгү тууралуу  эки сериялуу көркөм жана даректүү кинотасма.

“КАБАР” маалымат  агенттигинде өткөн басма сөз жыйында режиссер Замир Эралиев мамлекеттик долбоор, тарыхый инсандар тууралуу буга чейин коңшу казактар “Көчмөндөр”, өзбектер “Тимур доору” тасмасын тарткандыгын айтты. “Кыргыз элинин тарыхын ошол доордогу маанилүү инсандардын бири, Курманжан Датка тууралуу тасма тартуу бул чоң иш. Биздин келечек муун өз баатырларын, элин жерин сакташ үчүн жанын, өз баласынын өмүрүн аябаган Алай канышасы тууралуу билүүсү зарыл. Быйыл анын 200 жылдык мааракеси белгиленет, анын алкагында бир топ иш чаралар уюштурулууда”, – деди ал.

Басма сөз жыйынга катышкан Кыргызстандын эл акыны Майрамкан Абылкасымова күнүмдүк турмуштан кичине да болсо арылып келечекти ойлоо керектигин айтты. “Кээ бирлери “кыналган турмушта, акчаны коротуп тасма тартуунун эмне кереги бар, аны пайдалуу бир ишке жумшаса болот эле го”-деген адамдар да чыгат. Күнүмдүк турмуш оорлоп барат, өзүбүздүн бүгүнкү күнүбүздү ойлобостон, материалдык баалуулуктардан арылып, келечекке көз чаптырсак. Биз бүгүн жашап өттүк, жаштар, келечек мууну өз тарыхый инсандары, баатырлары тууралуу билүүсү зарыл. Тарыхы жок эл да, мамлекет да болбойт. Бул долбоор элге жаштарга керек”- деди эл акыны.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 18.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.