Буруттун сөзүн “буудайдай” терген Буудайбек

Буудайбек Сабыр уулу деген ак чалган муруту балтадай, кудум коен күлгөндөй күлкүсү да бир сонун, дайыма басмырт жүргөн карапайым аксакалыбыз бар. Азыр 77де. Өкүнүчтүүсү “колдо бар алтындын баркы жок” дегендей бул кутман карыябыздын кыргыз фольклорун, элдик музыкасын жыйноодогу бүт өмүрлүк эмгегин баалабай келүүдөбүз. Болбосо, Кыргызстанды түгөл кыдырып, эл ичинен не бир таланты ташкындаган манасчы, төкмө, комузчу, кыл кыякчы, чоорчуларды таап келип, аларды иши бүткөнчө өз үйүнө жаткырып, сүрөттөрүн (живопись жанрында) тарттырып, акын-жазуучуларга, интеллигенция өкүлдөрүнө жолуктуруп, кыргыз радиосунун алтын фондусуна алып барып жаздырып, биз, келечек муундар үчүн опол тоодой иш кылган Буудайбек Сабыр уулунун бүгүнкү күндөгү алаар баасы башкача болоор беле дейсиң. Кадырынан мурда кыргыздын адабий, маданий мурасын ойлогон жарыктык киши, жакында редакциябыздын босогосун аттап, биз билбеген, жалпы баарыбызды кейишке сала турган көрүнүштөрдү айтып отурду.

Тоголок Молдонун архивин Шаханов алып кетти
Буудайбек Сабыр уулунун айтымында Тоголок Молдонун көзү өткөндө, анын архиви кайниси Жусупжан Молдокан уулунун колунда калыптыр. Ал кол жазмалардын арасында кадимки Казыбек казалчынын көлөмдүү чыгармалар топтому да болгон экен. Казыбек менен Тоголок Молдо үзөңгүлөш жүргөнүн эске алсак, ал кол жазмалар Казыбектин өз оозунан жазылган, анын чыгармаларынын эң мыкты үлгүлөрүнөн болсо керек. Кашайганда, “колу кычышкан” жазмакер бирөө Жусупжан Молдокан уулу Казыбектин казалдарын катып жүрөт дегендей макала жазып, райондук гезитке жарыялап жиберет. Ал кезде Казыбектин казалын окумак же айтмак турсун, атын эле оозансаң орго салып турган мезгил эле. Кара булут айланганын сезген Жусупжандын кызматкер балдары Казыбектин казалдарын бензин куюп өрттөп жиберишиптир.

Көп өтпөй эле КГБнын тыңчылары басып калат. Казыбектин чыгармаларын таппай калышканы менен Тоголок Молдонун архивин атка теңдеп алып кетишиптир. Бирок, Жусупжандын кызы Бермет ошол алып кеткендердин аты-жөнүн жазып калганга акыл-кайраты жеткен экен. Кийин союз жоюлганда атайы издеп барып, баягы алып кеткен кишини Кара-Балтадан табат. Ал киши бир гана поэмасын жоготуп ийгенин айтып, калганын чып-чыргасын коротпой кайтарып бериптир. Аттиң, кайтарганы курусун, ал кол жазмаларды академиянын кол жазмалар фондуна алып келишсе, биздин “маңкурттарыбыз” (башкача жазалбадым) акчабыз жок дешип албай коюшуптур. Ыя, айланайын, өзү Тоголок Молдонун архиви болсо, кичине ырымын берип алып калгыла деп ат арытып алыстан келишсе, өздөрү кол жазма фондусу болсо, бул эмне деген мамиле экенин түшүнө албай дендароо болуп турдум. Ошол албаган кишинин аты-жөнүн айтып койбойсузбу, эл билсин десем Буудайбегибиз шагы сынып калбасын деп “бултуюп” айтпады. Тигилер ал архивди Казакстандын биздеги посолу Мухтар Шахановго жүз долларга кармата берип, кетип калышыптыр. “Акыры санаам чыдабай Мухтар Шахановго бардым, – дейт Буудайбек аксакал. – Барсам эл көп экен. Жардамчысы “эмне маселе менен келдиң?” деди эле, жайымды айттым. Шахановго кирип айткандай болду окшойт, катуу чочугандай үнү угулду. А-аа, алганы чын экен деп чыгып кеттим”. “Йе, жарыктык, анча баргандан кийин, өзүнө эле кирсеңиз бир дайындуу жооп укмак элеңиз да. Шаханов сизди жебейт эле го” десем, күнөөлүү болгон баладай “ошентпептирмин” деп турбайбы. Ка-ап, карыяга катуу кетип калдымбы деп ичимден сынып турсам, мурутун жанып алып буларды кошумчалады “ушул тартынчаактык мүнөзүмдүн, мококтугумдун азабын көп тарттым. Көзүң жеткен ишке белсенип эле киришиш керек экен. Кайраттуурак болгонумда кезегинде Карамолдонун канчалаган күүлөрүн жаздырып калмак экемин. Ушуга күнү бүгүн аябай өкүнүп, жанымды кыйнап келем” деп муңканып алды. Анысы мындай болуптур.

Карамолдо менен кошо кеткен кайран күүлөр
“Исхак Раззаков болбосо Карамолдонун бир да күүсү жазылбай калмак” дейт Буудайбек Сабыр уулу. Карамолдо азыркы Эркиндик паркы менен келе жатса Исхак Раззаков жолугуп калып “күүлөрүңүздү жаздырып койдуңузбу?” деп сураптыр. Молдокебиз жок дебейби. Раззаков ал черткен күүлөрдүн кийинки муундар үчүн табылгыс маданий мурас экендигин шашпай түшүндүрүп, ошондуктан бүгүндөн баштап чарчап-чаалыктым дебей, болгон күүсүн кыргыз радиосуна толук жаздыруусун өтүнүптүр. Кыргыз радиосунун чоңу Т.Суванбердиевге өзүм айтып дайындап коем, кыйынчылык болсо дароо айтыңыз деген экен. Ошону менен Карамолдо өзүнүн айтымында 30дай күүсүн жаздырыптыр. Бирок, радионун бул ишке көз салган жетекчилиги алмашып кетип, бери жактагылары айрым күүлөрүн өтө эски, байыркы күүлөр экен дешип жазбай коюшат. “Карамолдонун күүлөрүн жаздырып жатканын билгендиктен дайыма кабар алып турчумун. Жанагинтип иш кыйындай баштаганда кандай кылсак деп кыйнала баштадык. Дагы эң мыкты деген 50дөй күүм жазылып калса болот эле деп Молдокем түтөйт. Акыры И.Раззаковго баралы деп чечтик. Кайра туруп, Раззаковдун бизден башка иши жок калыптырбы, барып алагды кылсак уят го деп тартынып, барбай калдык. Көп өтпөй Молдокебиз сокур ичегиден эле өтүп кетпедиби. Ошондо Карамолдону жетелеп алып эле Раззаковго барганда эмне. Ушунум да мен үчүн арылбаган күйүт болуп келет “…Жанараак адатынча мурутун чалгыдай кайрап алып, көздөрүн күлүңдөтүп, бериле сүйлөп отурган Буудайбек аксакалдын көз алдымда кадимкидей бошоп “канча күү кетти жазылбай” деп өзүн күнөөлөп кайгырып турганы билген кишиге улуу касиет эле.

Сагымбайдын “Семетейи” Тоголок Молдонуку деп катталып калды
Буудайбек Сабыр уулунун фольклорист болуп калышына да Исхак Раззаковдун шарапаты тийген экен. Бир жолку жыйында И.Раззаков айтыптыр: “Азыр жалгыз композиторубуз Абдылас Малдыбаевди эле карап калдык. Бул киши үч жылда бир обон чыгарат. Эмкисин качан чыгарат, эми качан угабыз деп эле отура беребизби? Эл ичинде эмне деген гана таланттар толуп жатат. Ушуларды жазбайсыңарбы. Ыр-күүлөрүн алып чыгып элге угузбайсыңарбы? Кийинки муундарга калтырбайсыңарбы? Эртең андай адамдарды күндүз чырак менен таппай каласыңар” деген экен. Ал кезде “Жаш ленинчи” журналында иштеп, жай эле оокатын кылып жүргөн Буудайбек Сабыр уулу ушул сөздөн улам, бул ишке катуу киришет. Эл ичинен терген-жыйнагандарын академиянын кол жазмалар фондусуна тапшырып, өзү да ошол жерге ишке орношот. Манасчы, комузчу, төкмө, кыл кыякчы, чоорчу көрсө кыя өтпөй, ээрчите келип кыргыз радиосунун алтын фондусуна жаздыра баштайт. Бир жолу Нарындын Жан-Булак деген айлынан Сагымбайдын “Семетейи” табылып калат. Ичи-тышы мыкты, абыдан сонун жасалган китеп экен дейт. Китепти сактап жүргөн ээси мунун баркын билбей балдар отко жагып жибербесин деп бекер эле бериптир. Академияга алып келишсе директору ( атын айтпады, шагы сынат дейт) 100 сомго жетпеген акчаны айтып, ушуга макул болсо берсин, болбосо кайрып бергиле дегенинен бозоруп кайра чыгышыптыр. Анан экспедициянын жетекчиси Кубат Ибраимовго айттым дейт ” бизге бекер бербедиби, калтыралы” деп. Ошону менен Кырбашев менен Абдылдаевге рецензия жаздырып, алардын Тоголок Молдонукуна окшош экен деген жыйынтыгынан кийин Сагымбайдын ал “Семетейи” Тоголок Молдонуку болуп катталып калыптыр. “Бул туура эмес, ар кимдин өз энчисин өзүнө берүү керек. Кол жазманы кайра кайтарып жиберишсе жоголуп кетет деген ой менен ал кезде баарына макул элек” – дейт Буудайбек Сабыр уулу. Ооба, ал кол жазманы Тоголок Молдонун колтугуна сала коюп алып калышканы жакшы болуптур. Болбосо жоголуп кетээри турган иш эле.

Сагымбайдын үркүнгө чейинки жазылган “Манасы” Коңкобаевде
Сагымбайдан “Манасын” алгачкы жолу кагазга түшүрткөн айтылуу Касымаалы манап болуптур. Ал киши Сагымбайды атайы жайлоого алып чыгып, өзүнчө өргөө тиктирип берип, “Манасын” атайын киши жалдап жаздырып калган экен. Кийин үй-бүлөсүн кулакка тартканда (өзүн 1916-жылы орустар даргага асып өлтүргөн) төөнүн териси менен капталган кол жазма айланып жүрүп Медер Мергенбай уулуна тийиптир. Ал киши төрт жыл боюу арабчадан кириллицага которуп жазып чыгат. Бул китептин “жытын” алып калган Буудайбек Сабыр уулу академияга тапшыргыла деп айтып жүрүп акыры көндүрөт. Академияга алып келишсе адаттагыдай эле акча жоктун шылтоосу менен албай коюшат. Анан Медер Мергенбай уулун ээрчитип алып Аалы Токомбаевге ж.б. аттуу-баштуу жазуучуларга тааныштырат. Эч кимиси китепти алдырганга таасир кылбагандан кийин, кайтып кетишиптир. Бирок, бул китептин кабары чыгармачыл интеллигенцияга билинип калган эле. Акыры окумуштуу Кадыраалы Коңкобаев Буудайбек Сабыр уулун ортого салып ошол “Манасты”, андан тышкары Казыбектин ырларынын топтомун 300 долларга сатып алат. Ошону менен Сагымбайдын үркүндөн мурда, күүлү-күчтүү кезинде жаздырган “Манасы” табылыптыр. Кадыраалы Коңкобаевге да ал кол жазма боюнча эч нерсе дей албайсың. Анткени ал акчага сатып алган менчиги. Ошентсе да урматтуу окумуштуубуз “Манастын” ушул варианты тууралуу коомчулукка кабарлап койсо, же болбосо өздүк табылгасы катары китеп кылып чыгарса маданиятка кошкон салымы болбойт беле.

Буудайбек Сабыр уулунун “мамлекеттик маанидеги кол жазмалар институтун уюштуруп, ага дагы эле болсо элдин колунда сакталуу турган кол жазмаларды топтосо болоор эле” деп айтып отурганында данек бардай. Себеби, аксакал белгилегендей академияга тапшырабыз деп көп эле кишилер эски кол жазмаларды алып келишет экен. Бирок, эзели жарытылуу каражат бөлүнбөгөн академиянын кол жазмалар фонду сатып алганга чамасы чак тура. Гезит бети чектелүү болгондуктан Буудайбек Сабыр уулунун элдик музыка чеберлеринен жыйнап алган “казынасын” ачып бере албай калдым. Бул кайрылбай койбой турган темалардын бири.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.