Нуржамал Табалдиева: “Жаштар эски ырларды бузуп жатканын сезишсе…”

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Нуржамал Табалдиева 41 жылдан бери Улуттук филармонияда талыкпай эмгектенип келет. Кыргыз элине бийик үнү менен белгилүү, таланттуу ырчы айымды кезинде, Мыскал Өмүрканованын кызыбы деп сурагандар да болгон. Учурда эжебиз “Эл ырчысы Эстебес” тобунун солисткасы.

Сиз мурунку муун менен да иштешип калдыңыз, ошол кездеги сахна менен азыркы сахнанын айрымасын айтып берсеңиз?
Мен Улуттук филармонияга 1969-жылы келип, Кара Молдо Орозов атындагы Эл аспаптар оркестринде иштеп калдым. Ошол кезде гастролдорго өтө көп чыгаар элек. Анда искусствого өтө олуттуу мамиле жасалчу. Азыркыдай кулактын ырлары ырдалган эмес. Биз көкүрөктөгү нерсени жеткирип берүүгө аракеттенчүбүз. Мен Гүлжан Сейиткулова, Эстебес Турсуналиев, Токтосун Тыныбеков, Бурулча Какишева ж.б сабак алып, тарбияландым деп сыймык менен эскерем. Ойлоп отурсам кыргыздын белгилүү инсандары Сүймөнкулдан тартып, Эстебес, Ашыралы агалар бир вагонго топтолуп алып, өтүп кеткендей туюлат. Алардын бири дагы, ошончолук атак-даңкка жетип турса да, “мен жылдызмын” деп көкүрөк каккан эмес. Рыспай Абдыкадыров аккардеонду кыргыздын улуттук аспабы кылып берди. Азыр фольклорду аккардеонсуз элестетүүгө болбойт. Ушундай улуу инсаныбыз Эл ырчысы наамын албай кетти. Рыспайдын ырлары учурда Европада оркестрде салынып ырдалып жатат. Ал эми бүгүнкү күндө бир-эки ыр менен жылдыз болуп, ал тургай “мега жылдыз да” болуп алышат. Бөксөргөн аяк толобу, баштагыдай болобу, жок – деп тура бербестен фольклорду кийинки муунга жеткирип берүүнүн аракетиндебиз. Жакында эле “Эл ырчысы Эстебес” тобунун атынан эч кандай эстрадасы жок эле концерт бердик.

Концерт кандай деңгээлде өттү?
Эл фольклорду абдан сагыныптыр. 1108 орундук толуп, эки четинде туруп, 80дей киши батпай кире албай кетти. Элдик ырды эстрада басып кетти – деп айтып жатышат. Бирок, андай эмес. Эл эстрададан тажады. Алар азыр чыныгы элдик ырларга ыктай баштады десем болот. Ошондуктан, фольклор бул күнүмдүк нерсе эмес. Ал түбөлүктүү элдин эсинде кала турган искусство болуп саналат.

Азыр жаштар мурдагы обончулардын ырларын кайрадан жаңылап, заманбап стилде ырдап жүрүшөт. Буга сиздин көз карашыңыз?
Ырдаганга болбойт деп айтпайм. Кеп жаштардын кайдыгерлик мамилесинде болуп жатат. Алардын эң негизги кемчилиги сөзгө маани бербегендигинде. Мисалы, Анатай Өмүркановдун сөзүнө жазылган “Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат” – деген ырдын текстине көңүл бөлсөңөр: “Сенин шаңдуу шаркыратмаң сыяктуу” – деп ырдалып жүрөт. Ыр өзү: “Сенин шаңдуу шаркыратма сыяктуу шыңгыр күлкүң, уксам жарпым жазылат” делет. Бул жерде күлкүнү шылдырап аккан сууга салыштырып жатат. Ал эми шаркыратмаң дегенде, логикалык ой бузулгандыгын байкоого болот. Ошондой эле, күндө беле сенин серең дегенди, күндөй белес деп ырдап жүрүшөт. Күн белес эмес да. Жана башка ушул өңдүү көптөгөн шалаакылыкты байкоого болот. Андан тышкары ыргактарга да маани берилбейт. Муну менен эски ырларды бузуп жатканын сезишсе. Ырчылар бул – элита. А элита деген, элди тарбиялаш керек.

Сиздин оюңуз боюнча жаштарды жеңил ырларга эмес, фольклордук чыгармаларга тартыш үчүн кандай иш-аракетер көрүлүш керек?
Мисалы, биз Японияга гастролго барганда мектеп окуучулары биринчи класстан баштап өзүлөрүнүн элдик фольклорун сабак катары окушарын билдик. Атайын программа киргизилип, окутулат экен. Четинен сурасаң фольклорду жатка билишет. Ал эми бизде мектепте өтүлбөсө дагы, искусство институтунда жана консерваторияларда ушул маселелерге көбүрөөк басым жасалышы керек. Биздин топто Турдукан Сарбанова, Таалай Иманкулов деген жаш таланттарыбыз бар. Алар эстраданы да сонун ырдашат, бирок, учурда эски ырларды аткарып жатышат.

«Ачык саясат» («Кыргыз гезиттер айылы»), 19.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.