“Акындар акты сүйлөсө?” кечесинде акындар акты сүйлөдүбү?

“Бакдөөлөт” коомдук фондунун демилгеси менен “Акындар акты сүйлөсө…” аттуу маданий кече 18, 19-февраль күндөрү улуттук Филармониянын чоң залында өткөрүлдү. Эки күн катар акындар төгүп ырдаса, манасчылар улуу бабабыздын баянын көл-шал тердей айтышты. Эки күн бирдей пресс-конференция уюштурулуп, акын-манасчылар журналисттердин түркүн суроолоруна жооп берип жатты.

Негизинен, аталган саамалык мыкты уюштурулуптур. Кээ бир бийликтин уюштурган ишчараларынан ашып түштү десек, жаңылышпайбыз. Баары ойлонулуп, такталыптыр. Бизди башка маселе таң калтырды. Акындардын көбү, айрыкча жаш акындар, бул кечеге катышпаптыр. Айрымдары менен байланышсак, муну укпаганын билдиришти. Мындан сырткары аталышы да чоң суроолорду жаратты. Дегеним, таштаган суроолору талашсыз чындык. Чындап эле элдин көйгөйүн, кыйын турмушун, оор ахвалын ачык айтып, ак ырдаган акыныбыз барбы деген маселеге келгенде, суроолор жоопсуз калат. Ошондон улам, “Бакдөөлөт” фонду ушул көйгөйдүн көзүн ачып, арга кеткенде “акындар акты сүйлөсө…” суроосун таштаганбы деген да ойго келет экенсиң. Анткени, касиеттүү элдигибизден буга чейин миңдеген акындарыбыз өтсө да, алардын ичинен адилетсиз башкарууга каршы чыккан Токтогул Сатылгановдун орду өзгөчө экенин тана албайбыз. Ошондуктан, анын аты элдин жүрөгүндө сакталып, маданияттын очогуна айланган Филармонияга ысымы берилди. Фонд уюштурган иш-чаранын аталышынан улам буга чейин ойго келбеген, Токтогул атабыздай болуп, бийликтен коркпой, байлыкка берилбей, акты ак, караны кара деп, чындыкты чыркырата ырдаган акыныбыз барбы деген суроо акылга келип, түбү жок түпөйүл ойлорго түртөт экен.

Табылды Актан, акын: “Токомдой болуп ырдоо кыйын. жиндиге да жан керек”
Акындар акты сүйлөсө деген соболду кантип түшүндүңүз?
Акындар акты сүйлөсө деген сөз бир топ нерсени айтып турат. Кыргыз кыргыз болгону улуугун акындардын оозунан угуп келген да. Анткени, акындар калп айтпайт, жүрөгүндөгүнү, элдин көкүрөгүндөгү муңун ырдайт. Ошону сезген кыргыздар “акын менен элчиге өлүм жок” дешкен турбайбы. Анан бул саамалыкты уюштуруп жаткан фонд, акындар акты сүйлөсө, кыйшайган көч түзөлөөр, үзүлгөн нерсе уланаар дегендир. Ушуну менен улуттук намысты ойготуп, улуу касиеттерибизди кайтарса деген максат да тургандыр.

Бул сөздү укканда Токтогул акын эске түшөт. Ошондой акын жаралабы?
Бул өтө маанилүү да, оор дагы маселе. Алар заманында болгон дейин десең, ошол сыяктуу заман азыр деле кайталанып жатпайбы. Муну эл, бүт жумурай журт айтып жатат. Аны айтууга келгенде акындар эркин эл болгондуктан кааласа айтат, каалабаса буйтап чыга берет экен. Зордоп айттыра албайсың. Анан жиндиге дагы жан керек дегендей, Токомдой (Токтогул) болуп ырдоо азыр кыйын. Жылмалап, буйтап ырдабаганга арга-айла жок. Анткени, акындардын жашоо-шарты ага туура келбейт, үстүндө үйлөрү жок, бала-чакалуу дегендей. Токтогулдай болом деп, өмүр бою куугунтукталып, урмат-сыйдан, мамлекеттик наамдан куру калбайын дегенди ойлошот. Башка жакка куубаса да, өз жериңде батирден-батирге сүргүндө жүргөн жаман турбайбы. Аны башыбыздан өткөрүп жатабыз. Ошондуктан, балдарын, үйбүлөсүн ойлогон учур акындарды тике качырып, түз айтуудан айбыгышат. Мен деле 60ка чыксам да үйүм жок жүргөндө бир нерсени айта коюп, балакетке кабылбайын дейм. Арзымат деле көр тириликтин айынан Керимбайды мактап, Токтогул менен бир жолу айтыша коём деп атын булгап алган да. Ушулардан улам, Токтогул сыйлыгы сыяктуу, Арзымат сыйлыгын да уюштурсакпы деген ой келет.

Рахматулло Козукеев, акын:“Ар бир доордун Токтогулу, Карамолдосу бар”
Рахматулло ага, коюлган темага кандай маани бердиңиз?
Бул теманы коюп, бизди чакырганы көп нерсени далалат кылып турат. Себеби, акындар акты сүйлөсө, актаңдай тилин күүлөсө, азыркы биздин замандын, ак-карасын ылгаса дегенсийт. Эл бизге үмүткөр экенин баамдадык. Аталышынан эле калдайган калың журт келип, бизге назарын ташташууда. Анткени, акындар доордун ак-карасын так айтып, чындыкты ырдап келишкени баарына маалым. Чындыкты ырдаганы үчүн Сибирге чейин айдалган Токтогул да биз үчүн улуу мурас болуп калды. Ошондон уламбы, акындар эмнени айтышаар экен дешип, эл бир нерсени күтүп келишүүдө. Биз дагы актыктан, тактыктан кайтпай, эл көйгөйүн түз ырдаганга аракеттенүүдөбүз. Ар бир доордун Токтогулу, Карамолдосу, Саякбайы болот экен. Кудайым суук көздөн сактасын, Токтогулдай болбосо да ага жете келген акындардан уучубуз куру эмес.

Атын атай аласызбы?
– Элирип чыккан Элмирбек, желпинип чыккан Жеңишбек, алкынып чыккан Аалы менен Азаматты атаар элем. “Аккан арыктан суу агат” дегендей, алардын артынан дагы жаштар өсүп келе жатат. Алар да өз доорунун чыгаан акындары болооруна ишенем. Көчүбүз улана берет. Бишкекте “Айтыш” фонду ачылса, Ошто актаңдай, Жалалабатта жезтаңдай коомдору ачылып отурат.

“Назар” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 23.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.