Кыргызстанда “XXI кылымдын манасчысы” эл аралык өнөр сынагын өткөрүү пландаштырылууда

Кыргызстанда “XXI кылымдын манасчысы” эл аралык өнөр сынагын өткөрүү пландаштырылууда. Бул туурасында 25-февралда “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү, коомдук ишмер жана кинорежиссер Садык Шер-Нияз билдирди.

Анын айтуусунда, аталган эл аралык сынакты өткөрүү демилгесин жалпы коомчулук колдоого алышы керек. “Акыркы учурда коомбуз маданий баалуулуктарга кайдыгер карап, бизде бийлик менен байлык руханий баалуулуктан жогору болууда. Ушундан улам мындай демилгени көпчүлүк колдоп, коомдун аң-сезимин өстүрүү керек. Себеби, “Манасыбыз” болбой туруп, кыргыз “кыргыз” боло албайт”, – деген оюн билдирди Садык Шер-Нияз.

“XXI кылымдын манасчысы” эл аралык өнөр сынагынын демилгечиси Шайырбек Абдырахмандын айтымында, бүгүнкү күнгө карата сынактын жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт. “Манасчылар сынагы үстүбүздөгү жылдын апрель айынын акырына, май айынын башталышына пландаштырылгандыктан, ага чейин байге фонду дагы көбөйүп, сынакка демөөрчүлөр табылат деген ойдомун”, – дейт ал.

Белгилүү болгондой, аталган өнөр сынагына коңшу турган Казакстан, Кытай, Өзбекстан жана алыскы чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздардын арасынан манасчыларды чакырып, аны эл аралык деңгээлде өткөрүү каралууда.

“Айтыш” коомдук фондунун тең төрагасы Азамат Болгонбаевдин пикиринде, бүгүнкү күндө Кыргызстанда аты белгилүү манасчылардын катарында Уркаш Мамбеталиев, Назаркул Сейдракманов, кийинки муундагы манасчылардан Рыспай Исаков, Таланталы Бакчиев, Дөөлөт Сыдыков, Самат Көчөрбаев, Улан Исмаиловдор бар.

“Кыргыз элинин тарыхында манасчы аялдар болгон, бирок учурда “Манас” айткан бир да аял жок”, – дейт ал. А.Болгонбаев айтымында, XX-кылымдын акырында Сейдене-эне деген “Семетейди” айткан аялзаты белгилүү болгон.

Пресс-конференция учурунда “Манасты” экрандаштыруу маселеси да көтөрүлдү. Садык Шер-Нияздын пикиринде, “Манас” эпосунун негизинде көркөм тасма тартсам деп ар бир режиссер кыялданат, бирок бул багытта кино тартуу кыйла кыйын.

“Манас” темасына буга чейин эле бир катар кыргызстандык кинорежиссерлор кайрылган. “Алсак, Болот Шамшиевдин биринчи эмгеги – “Манасчы” деп аталган, ошондой эле Мелис Убукеев “Айкөл Манас” фильмин тартканы белгилүү”, – дейт Садык Шер-Нияз.

Эске сала кетсек, “Манаска” байланыштуу тасманы кинорежиссер Садык Шер-Нияздын өзү да тарткан. Манасчынын өнөрү кантип ойгоно тургандыгын чагылдырган “Аян” аттуу кыска метраждуу тасма ХIV Тегеран эл аралык кинофестивалына катышып, “Мыкты фильм” деп аталганы белгилүү.

Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда “Манас” эпосунун негизинде тартылган көркөм тасма жок.

“Кабар” МАнын кабарларынын негизинде даярдалды, 25.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.