БУУнун Башкы ассамблеясы 21-мартты Эл аралык Нооруз күнү деп тааныды

2010-жылдын 23-февралында Бириккен Улуттар Уюмунун  (БУУ)  Башкы ассамблеясынын 64-жыйынында  21-март  Эл аралык Нооруз күнү деп  белгиленди. Бул тууралуу REGNUM Новости булагы маалымдайт.

Бул резолюциянын долбоору Таджикстан, Азербайджан, Афганистан, Казакстан, Кыргызстан, Иран, Түркмөнстан жана Түркиянын делегациялары тарабынан даярдалып жана Башкы Ассамблеяга сунушталган.

Резолюциянын тексти  БУУнун Башкы Ассамблеясы  21-мартты Эл аралык Нооруз күнү деп тааныгандыгы, Нооруз белгиленген БУУга мүчө мамлекеттердин маданиятты жана каада-салтты өнүктүрүү боюнча аракеттери колдоого алына тургандыгы, Нооруз майрамынын маанисин  тууралуу маалыматты жайылтуу  ж. б. сыяктуу  беш пункту өз ичине камтыйт.

Эске салсак, 2009-жылдын 30-сентябрында Нооруз майрамы ЮНЕСКОнун  адамзаттын материалдык эмес мурастары репрезентативдүү тизмесине 79 элементтин бири катары катары кирген.

“Zpress.kg, 25.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.