“КӨЗ АЙНЕКЧЕН БАЛА”

article_3727Балдардын психологиясы, күнүмдүк турмушу чагылдырылган кыргыз фильмдери саналуу гана. Ошол саналуулардын катарында “Көз айнекчен бала” тасмасы бар. Фильм жаралган соң анын башкы каарманындай баатыр болгусу келген балдардын көбөйгөнү айтпасак да белгилүү.

1972-ЖЫЛЫ ТАРТЫЛГАН
Жанры –
Балдарга арналган лирикалык комедия
Режиссёру – Альгимантас Зидугирис
Оператору – Константин Орозалиев
Сценарийин жазган – Роза Табалдиева
Башкы ролдо – Кубанычбек Алыбаев

КИНО ЖАНА КААРМАНДАР ТУУРАЛУУ

  • Баланын вертолёт менен учуп келген жери Воронцовка айылындагы Токтогул Сатылганов атындагы лагерде тартылган. Азыр ал жер форель өстүрүүчү жай.
  • Кинодо көз айнекчен бала мектепке дайыма кечигип баргандай, Кубанычбек мырза да чыныгы жашоодо мектепке кечигип барчу.
  • Айшаны жакшы көргөн баланын ролун аткарган Андрей Сопуев учурда Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборунун илим изилдөө боюнча директорунун орун басары болуп эмгектенет.
  • Балмуздакка кезекте турган кичинекей кыз – режиссёрдун кызы.
  • Кубанычбек мырза киного тартылган учурда көрүүсү жакшы болчу. Айнеги жок көз айнекти тагынып тартылган. Бирок кийинчерээк көрүүсү начарлап кеткен.
  • Кубанычбек Алыбаев «Көз айнекчен баладан» башка тасмага тартылган эмес.

ФАНТАЗИЯСЫ КҮЧТҮҮ БАЛА
Тасманын негизги каарманы Фрунзедеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган, класс­таштарынын ичинен бою аябай кичинекей көз айнекчен бала. Аны баары “көз айнекчен бала” деп чакырышат. Боюнун кыскалыгынан уламбы, айтор, классташтары, өзү теңдүү кошуналары аны аябай кордошот.

Көз айнекчен бала өтө кыялкеч. Оюнда спорт менен машыгып баатыр болуп, өзүн шылдыңдагандардан өч алат. Анан да өзүнөн 3-4 жаш улуу Айша деген сүйгөн кызы бар. Оюнда Айша үчүн бардыгына даяр. Ага тийишкен балдардын бардыгын таяктайт.

Футбол ойногонду деле билбейт. Ойноп үйрөнөйүн десе балдар кошпойт. Ошондон улам шаардын четине чыгып машыга баштайт. Бир жолу машыгып жүргөндө өзүн келекелеген эки орус жана бир кыргыз бала чымчык атып жатышкан болот. Аны көргөн бала жини менен барып экөөнүн мылтыгын сындырып, көйнөктөрүн айрып, кубалап жиберет. Жанында чогуу ойноп жүргөн кыз – Бермет 1-класска да бара элек болчу. Гүлдү сугарса өсөт эмеспи, ошонун сыңары Бермет дагы өлгөн чымчыктарга суу куят. Бирок алар тирилбейт. Кыймылдабаган чымчыктарды көргөн Бермет ыза болуп аябай ыйлайт.

70-жылдары үйдүн терезесине темир кадоо эч кимдин оюна келчү иш эмес эле. Көз айнекчен баланы шылдыңдагандардын биринин атасы терезесине темир кадайт. “Эмнеге темир кадап жатат?” деген баланын суроосуна “анткени ал тыңчы” деп жооп беришет. Ошондо балага тыңчы деген сөз катуу таасир этет. Кыялында ал тыңчы Айшаны кармап алат. Башкы каарман атасы экөө вертолёт менен учуп келип, Айшаны бандиттин колунан бошотушат.

БААТЫРГА АЙЛАНУУ БАЯНЫ
Жайкы каникул убагында бала чоң атасыныкына жайлоого барат. Мына ошол жайлоодон көптөн бери жанына тынчтык бербей жүргөн кыялын ишке ашырат. Ат мине албаган жаны ат мингенди үйрөнөт. Сууга агып бараткан козуну куткарат. Ошондон улам өзүн эр жүрөк баатыр сезип калат. Жайлоодон келген соң дайыма шылдыңдай берген, ат, жайлоо эмне экенин билбеген шаардык балдарга өзүнүн кандай өзгөргөнүн көрсөтүп коёт.

Балмуздак саткан машина келгенде балдар чурулдап кезекке тизилет. Кезекте тургандар бир кичинекей кызды түртүп, четке чыгарып салышат. Ошондо көз айнекчен бала ал кызды сүйрөп барып эң алдына тургузат. Мына ошентип кино эч бирөөнө алы жетпеген жеткинчектин баатырга айланышы менен аяктайт.

7-003“БАШКЫ РОЛДУ КАПЫСЫНАН ОЙНОП КАЛГАМ”
Кинодогу башкы каармандын ролун аткарган Кубанычбек Алыбаев учурда курулуш компаниялардын биринде инженер болуп эмгектенет. Төрт баланын атасы кино тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди:
– Мен анда Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окучумун. Ал кезде киного тартылчу балдарды режиссёрлор мектептерди кыдырып тандашчу. Ошондо биздин мектептен отуздай баланы тизип алып, ичинен мени тандап кетишкен. Режиссёр ВГИКти бүтүп Кыргызстанга практикага келип, жаратылышы жагып калып бул жерде калып калган экен. Тасманын сценарийин режисcёрдун жубайы, ошол кезде Медициналык институттун мугалими Роза Табалдиева жазган.

Тасмадагы негизги ролду бою узун, көз айнекчен бала ойномок. Мен болсо кыялкеч баланын образын жаратмакмын. Съёмка башталарда негизги каармандын ролун ойноочу бала ооруп калып жатпайбы, анан эки каармандын образын бириктирип, бир ролго айлантышкан. Аны мен аткаргам.

Азыр ойлосом, оператор өтө тамашакөй экен. “Сени Москвага алпарып бутуңду кесип, таяк кошобуз да, боюңду узартабыз” деп коркута берчү. Москвага алып кетишсе таяк менен басып калат экенмин деп коркуп, айткандарын дал өзүндөй аткарууга тырышчумун.

“КӨЙНӨГҮН УКМУШ АЙРЫГАМ”
– Киного тартылуу учурунда эсимде кызыктуу окуя катары калганы, үч бала мылтык менен чымчык атып жатканда мен барып аларды жакалаган жери болду. Орус бала мага караганда далдайган болчу, жинденип барып анын көйнөгүн айрышым керек эле. Кино тартып жаткандар мага жеңил болсун деп көйнөктү кичине айрып коюшкан. Менин милдетим, аны чоң кылып айрып салуу. “Мотор!” дегенде, орустун жанына барып кичине айрылган жерди издеп эле таппай калам, анын үстүнө боюм да жетчү эмес. Ушул жерин кеминде беш-алты жолу ойнодук. Ошондо оператор “сен барып туруп тигини өзөртө сок да, анан көйнөгүн айрып сал” деди. Мен анын жанына жетип, “дагы эле айрылган жерди издейт” деп турган немени өзөртө урдум эле, тигил ичин басып ийиле түштү. Ошондо көйнөгүн режиссёр каалагандан да аша чаап айрып салгам.

Сүйүн Кулматова, “Супер инфо, N382 26.02 – 04.03. 2010-ж.
Сүрөттөр Кубанычбек Алыбаевдин архивинен жана тасмадан алынды.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.