Теңир колдогон талант

7Биздин устатыбыз, кадырлуу агабыз, КР эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлыктын ээси Шайлообек ДҮЙШЕЕВ жакында 60ка чыкты. Замандын зарын, элдин муңун ырдаган агабыздын алтымышынчы ашуусу кут болсун. Сизден күткөнүбүз дагы эле көп экенин унутпаңыз. Окурмандарга белгилүү акын, журналист Нуралы Капаровдун Шайлообек аганын чыгармачылык бейнесине сүртүмүн сунуш кылабыз.

Көпчүлүк Шайлообектин өзүн жакшы билгени менен өмүр баянын жакшы билбейт. Адегенде бираз өмүр баянынан баяндап берейин.

Ат-Башы менен Нарын районунун чектеш жериндеги ээн талаада жолчулардын ак тамында туулуп, үч жашында атасы Дүйшөдөн ажырап, күйөөдөн жаш калган жесир энеси кайын журт которуп, карыган чоң энесинин колунда калып, ата-бабасы жердеген Ат-Башынын Ача-Кайыңдысында борбуюн жаңыдан көтөрүп келе жатканда өлүмгө жетпегир чоң энеси болор-болбос оорудан мүрт кетип, балык жон жапалак тамда бала Шайлообек жалгыз калып, эне ордуна эне болууга даяр эжеси, ата ордуна ата болууга даяр жездеси келип көчүрүп кетип, атайлап айтпаса да анда-санда аңдоосуз айтылып кетчү жетим деген ат менен жээндеринин арасында чоңоюп, орто мектепти орто жоон баалар менен аяктап, чөнтөгүндө акчасы, жогорку окуу жайында жөлөп-таяр көздөй таанышы болбогондон кийин окуйт элем деп өйдө-төмөн чапкылап убара болбой өзү окуп-чокуган мектебине пионер вожатый кызматына орношуп, жетим өсүп жетилет дегендей, өз мээнети менен тапкан эмгек маянасынын чыпчыргасын коротпой энедей болгон жашаялмет эжесине жаңыдан алып келе баштаганда, мектеп деректиринин кой-ай деген акылына көнбөй, “аскерге барганда айдоочунун документи менен барсаң, эки жыл машина айдап жыргап жүрөт экенсиң” деген өзү теңдүү топураган жаш балдардын азгырыгына кирип, иштеп жаткан ишин таштап, Нарын шаарына айдоочунун курсуна кире качып, жаштайынан жата калып жалаң “Манас” окуп, “Манаска” чыланган мээси темир-тезектин атын кабыл алалбай, атын кабыл алса, затына түшүнө албай кыйналып, өмүрүндө бир чо-оң окуу жайын таштай качкандай эрдик менен таштай качып, Нарындан Ат-Башыга жетээр-жетмексен болуп келатканда, аскер комиссариаты астынан тосуп чыгып, эки жылга аскер кызматына жөнөтүп жиберет. Өмүрүндө андагы Фрунзе, азыркы Бишкекти көрө элек эр Шакең түз эле Москвага, Москванын алдындагы согуштук ракет аскер бөлүгүнө түшөт. Арасында бир дагы түрк тилдүү азаматы жок, жалаң славян улутундагы аскерлердин курчоосунда кызмат өтөйт. Жазуучу Мелис Абакиров агабыздай кежеңдеп кер сүйлөбөй, улуусу жумшаса да учуп-күйүп чуркап, кичүүсү жумшаса да учуп-күйүп чуркап, эптеп таяк жебей он эки мүчөм аман-соо элиме жетейин деген тилек менен элпек кызмат кылып жатканына көнүп алган орустар: “Дуйшеев, дуй!” дегенде орустун аткан ракетасына жеткирбей дуулдап, “дуй!” болуп жөнөп калчумун деп эскергени эсимде. Силерге калп, мага чын, эки жыл жалаң сары өрүктөй эзилген чылк орустун арасында аскердик кызматын өтөп жүрүп, бир дагы орустун кулуну менен мамиле түзбөй, сүйлөшпөй жүрүп, эки жылдык аскерден эки ооз орусча сөз үйрөнбөй келиптир…

Шакенин өмүр баяны өтө кызык. Кайгыга, өкүнүчкө, күлкүгө, шаңга, шумдуктуу окуяларга жык толгон өмүр баян. Анын өңгөдө жок өнөрүн, өңгүл-дөңгүл өмүрүн эскерип “Белгилүү Шайлообек Дүйшеев жана белгисиз Искендер Жумабаев” аттуу даректүү баян жаздым. Аскер карындашымдын ак көңүлү кармаса “Агым” гезитинин болочок сандарынан балким окуп калгыңар бардыр. Шакемдин өмүр баянынын уландысын кийинкиге калтырайын да, анын чыгармачылык өнөрүнөн, адамдык сапатынан учкай кеп козгоюн.

… Шакем кеч окуду, кеч үйлөндү. Ал отуз сегиз жашына чейин анда-санда гана ыр жазганы болбосо, адабият майданында активдүү иштеген жок. Ошол анда-санда жазган ырлары чогулуп келип “Апта” деген жупкадай жука ыр китебине айланып, адабият күйөрмандары арасынан зор аброй тапкан. Шайлообек аз жазса да саз жазат, көп жазса да саз жазат. Бала болуп башыма жүн чыкканы Шайлообектин начар жазган ырын окуй элекмин. Эң эле начар деген ыры ортозаар акындын мыкты деген ырынын деңгээлинен ашса ашат, асты кем калбайт.

… Шайлообектин чыныгы чыгармачылык деми 38 жашында, тагыраак айтканда, 1988-жылдын февраль айынын экинчи жарымында “Кайдыгерлик” деген ыры менен ачылды. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Шайлообек ондогон публицистикалык, лирикалык ырларды, поэмаларды токуду, кошокторду кошту, “Манас” өңдүү дастандарды жаратты, аз эмес мыкты сапар очерктерин жазды. Жыйырма эки жылдын аралыгында ал бардык жанрларда үзүрлүү эмгектенди.

… Илгери Калыгул, Арстанбек өңдүү олуя акындардын ылакап, макал, нуска ырлары эл оозуна кирип кеткендей, Шайлообектин ырлары, нуска саптары эл оозуна көзүнүн тирүүсүндө кирди…

… Шайлообек чыныгы сөз зергери. Кыргыз сөздөрүн Шайлообектей кылдат урунган акындар аз. Жыйырманчы кылымдын залкар таланты, залкар окумуштуусу, залкар сөз чебери Салижан Жигитов: “Шайлообектин сөздү алтындай иргеп, кыштай кынаганы мага чындап эле жагат” деп жылуу шилекейин жумшак тартып, далай ирет тамшанып айтканына нечен жолу өзүм күбө болгом.

… Шайлообекке күрөк карматсаң каржалып койбой каза берет, калем карматсаң канча күн, канча түн өткөнүн сезбей жаза берет.

… Шайлообек эркиндикти сүйгөн намыскөй акын. Анын чыгармачылыгына көмөк көрсөткөн байлар, ар кандай наам-сыйлыктар, кызмат тартуулаган чоңдор жана саясатчылар жасаган жакшылыгына жараша кол бала, эшик ырчы кылып алам деген астырт аракети болсо жаңылышат. Ал эч качан бирөөнүн короосуна камалып колдон жем жегенге, башына нокто салдырып жетекте жүргөнгө көнбөгөн акын. Кадырлашкан менен кадырлашат, сыйлашкан менен сыйлашат. Эгерде кимдир-бирөө анын эркиндигин кысмакка алып, анын талантын өзүнө баш ийдиргенге аракет жасаган болсо, алдына алтын так койсо айра чаап, күмүш так койсо күлгө чаап, артын карабай басып кетээр эрдиги бар.

… Ал бир жерге ирим болуп ирибеген, тосмо жерге торсубаган, ботко жерге борсубаган, тоо суусундай шар аккан акын. Жаңыланып, жаңырып турганды сүйөт. Кашаага камалганды, рамкага бекигенди жегиндей көрөт. Үстүндө булут, астында шамал арылдап учкан айдарым талаа менен ээн-эркин арыш керип, тулпардай даң салганды сүйгөн акын.

… Шайлообек кекчил акын. Чыгармачылыкка жана ыйманына камчы чапкан адамды арадан кырк жыл өтсө да кубалап жүрүп, жылан чаккандай, жылкы тепкендей таш-талканын чыгарып, өчүн алат…

… Шайлообек сүйүүгө жутаган акын. Калдайган башын, барбайган мурдун, суйдаң чачын, жапалдаш боюн чанып, кыз сүйгөн эмес, жан-дүйнөсүнүн таза экенин түшүнүп, бирок, жүдөө тумагы менен модадан эбак чыккан ат үркчүдөй калдыраган плащын карап, “Шайлообек жакшы эле жигит, бирок”… деп ар себебин ортомчу ар кимден ар кандай айттырып, кыз сүйсө да, түз сүйгөн эмес. Шайлообек ичинен күйүп, ичинен сүйгөн. Сүйгөндө да сулуунун сулуусун сүйгөн. Президент Курманбек Бакиевдин карындашы, курсташыбыз, маркум Гүлнара Бакиеваны, андагы жаш педагог, азыркы чоң саясатчы Роза Отунбаеваны сүйгөн. Сүйгөндө да ичинен өрттөнүп, ооналактап-чабалактап, узунду түндө уктай албай катуу сүйгөн. Жанагы муңайым-муңдуу сүйүү ырларынын көбүн ушул эки сулууга, калганын өмүрлүк жары Зейнеге арнаган.

… “Шайлообек Дүйшеевдин мүнөзү жаш баладай, ал өмүр бою бала боюнча калат” деп Мелис олуя туура байкап, туура жазган. Анын мүнөзү чынында эле жаш баладай. Бирөөнүн шыкагына, чагымына көп алданат. Ишенчээк. Кээде душманына ишенип досун согот, кээде бөтөн кишинин тилине кирип тууганын сөгөт. Бирок, билгендер ага таарынбайт. Балага да киши таарынчу беле…

… Шайлообек желедей желбиреген, жибектей шуудураган, каакымдай үлбүрөгөн назик акын.

… Шайлообектин талантын оргутуп, көңүлүн эргитип турган чоң касиети бар. Ал – ыр даарыган касиет.

… Шайлообек ичсе түбүнө түшүрө ичет, тартса түбүнө түшүрө тартат, жазса жетер жерине жеткире жазат. Ал жакшы ишти да, тентек ишти да чала жасаган жан эмес.

… Шайлообек көп кырдуу талант, уникалдуу акын. Ал Саякбайдай манасчы, Осмонкулдай дастанчы, Ысмайылдай жамакчы, Ысактай кошокчу, Жоомарттай өткүр, Мидиндей лирик, Байдылдадай тапан, Райкандай төкмө, Алыкулдай сырдуу, Сагындай муңдуу, Ашымдай зергер, Салижандай таамай, Жалилдей өжөр, Рамистей тентек, Сүйүнбайдай жөнтөк, Турардай чынчыл, Жолондой эр көкүрөк, Токтогулдай нуска, Пушкиндей сүрөткер акын…

Нуралы КАПАРОВ, акын, “Кыргызстан маданияты” гезитинин башредактору

Чөп чабык
Токтогул. Толук. Толгон жай,
топудай жерде чөмөлө.
Ак мөңгү тоолор – тоңгон май,
аңыздын баары чөбөгө.

Араба, чийне агылган
адырда жатат жол түтөп.
Жарк эткен чалгы – чагылган,
жаныңа жашыл сол түшөт.

Козу түш. Күчөйт чөп чабык,
чама жок чалап жутканга.
Күн эрип келет өрт тамып
талаага, гүлгө, кыздарга.

Булутсуз асман. Теребел
боз закым басып ныкталат.
Ашпозчу бийкеч, беде, жел,
беде эмес кесме жыттанат.

Чарчашты чалгы чапкандар,
чарчады көктө Күн дагы.
Чапжондо жалгыз атчанга
чапкылап барат бригадир…
??

Чак түш
Аттайбыз деп арыктан
сууга түшүп калышкан
Асман менен Жер экөөн
аптап кылып агызган.

Адырдагы булакта
чалгыларды чыңайт чал,
чапкан беде. Ат жатат
чалкуйругун сырайткан.

“Чыңк”, “чыңк” эткен чыңоордон
“чырт” деп жанып ыр ойго,
чымчык болуп чырлыйттап
чыгып барат кыр-ойго.

Ох, Күн санын чапкылап,
он жаш келин аптыгат,
ортого алып бир кызды,
оңду-солду каткырат.

Чаңкаган жол суналган,
чалкасынан куланган.
жан дүйнөсү алоолоп
чарчап турган уландын,

чалкыйт жаштык көзүнөн,
чар тарабы көшүгөн,
чабалактап туралбай
чак түш жатат дөшүдө…

Түн
Ак-Сай мелт-калт аязда,
жылдыз калкыйт алмадай.
Ит. Жөлөнгөн таякта.
илген чырак – жанган Ай.

Короо, кары күрөлгөн,
кой көң, чийне, акыр, ат
Жеми, чөбү түгөнгөн,
бир боо саман акыят.

Коктулардын колтугун
шамал жатат өпкүлөп.
Түнү бою койчунун
түшүнө чөп, чөп кирет

«Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 26.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.