Укканды умсундурган Улукмырзанын “Айнагүлү”

Кыргыз эл артисти, Кыргыз мамлекеттик улуттук консерваториянын профессору Улукмырза Полотовдун музыкалык мектебинен чыккан таланттар, бүгүнкү күндө опера, вокал, эстрада жаатында эмгектенишип, улуттук маданиятыбызга өз салымдарын кошуп келет.

Улукмырза ага, Сизди көптөн бери билем. Качан көрсөм таптагы куштай бир калыпта жүрөсүз. Элге окшоп “эңкейгениниз” байкалбайт. “Секретиңизден” бөлүшпөйсүзбү?
“Карылардын арасында жүргөн бала даана болот, ал эми жаштардын арасында жүргөн кары бала болот деген” кыргыздын сөзү бар. Анын сыңарындай, мен өмүр бою жаштарга сабак берип, биринин комузун күүлөп, бирин андай эмес мындай ырда деп жанында жүрсөм жаштыктан алыстамак белем. Негизи эле ыр-күү адамдын канаты, көңүл-маанайдын көрөңгөсү эмеспи. Жакшы музыка стресстен арылтып, өмүрдү узартаары медицинада эбак далилденген. Мага да дем берген ушул музыка болду окшойт. Шакирттериме адамдын жандүйнөсүн арууланткан өнөрдүн ээсисиңер, ошондуктан өзүңөр да аруу болуп, өнөрдү таза туткула деп дайыма айтам. Ал эми өнөр сересинин чеги болбойт. Бир бийиктигине чыксаң, экинчи бийиктиги калат. Ошондуктан өнөр кууган жаштарга жол көрсөтүү менен өзүмдүн дагы бийиктигиме умтулуп келем.

Ар бир эле инсандын калыптанышына же кандайдыр бир кесипти туу тутуп калышына, айлана-чөйрөнүн, тарбиянын, кала берсе табияттын таасири тийбей койбойт. Ырчылык өнөрдүн тизгинин кармап калышыңызга эмне түрткү болду эле?
Кайсы гана кыргыз болбосун балдарынын бапке кармап чоң болгонун жакшы көрөт эмеспи. Атам дагы мени сот, прокурор болосуң деп ошол кесиптерге таптачу эле. Апам мугалим болчу. 4-5 жаштагы бала кезимде уйкудан ойгоно калып, шымдан эчтеме жок дарылдап ыйлаган бойдон сабак берип жаткан апамдын үстүнө кирип барчу экемин. Балжууран балалыгым Улук деген айылда Бозбу тоосунун колтугунда өттү. Аныгында Аксы өрөөнү илгертеден таланттардын уясы. Ниязалы, Жеңижоктон тартып, жазуучулар Жунай Мавлянов, Темиркул Үмөталиев, төкмөлөр Токтосун Тыныбеков, Ормонбек Асанов, азыркы Ысак Барпиев, обончу Атайбек Бөдөшов, ырчы Гүлсүн Мамашова ж.б. өнөрпоздор биздин айылдын тегерек четиндеги эле айылдардан чыгышкан. Элибиз өнөр сыйлаган, шатыра-шатман шайыр эл. Мен мектептен кийин кой фермасында эсепчи болуп иштеп жүргөнүмдө айылда жаңы клуб бүткөрүлүп, анын башчылыгына Токмоктогу атайын маданий – агартуу окуу жайын бүтүргөн Абдыракман Маматкулов деген келип, айылдын жаш таланттарын топтой баштады. Араң эле турган окшойбуз, көрүп ал анан. Баягы таранчиев, эгинчиев, борончиев дегендей, Таласбаев, Орозбаев, Жолдошбаев деген жалаң “баевдерден” турган жаш таланттар баш кошуп ыр-күүгө кирип кеттик. Арасында мен да бармын. Гүлсүн Мамашева (ал кезде Кутбүбү дечү элек) бизден ыр талашып, ал дагы кошулду. Айылдарды кыдырып концерт берчүбүз. Эл жакшы кабыл алчу. Ошолордун катарында ырдап жүрүп райондук кароодон “Мир” деген фотоаппарат менен сыйланганым али эсимде.

Азыркы тил менен айтканда, кайсы ыр менен чыктыңыз эле?
Ой, азыркыларың бир ырын тотукуштай миң кайталап, ошону менен эле “жылдыз” болуп кетип атышат. Ал учурдагы ырлардын баары эле элге жугумдуу, алымдуу болчу. Мен М.Абдраевдин, А.Айталиевдин, О.Асановдун, М. Өмүрканованын ырларын аткарчумун. Ошентип жүргөндө армияга кеттим. Жол бою вагонду жаңыртып ырдап барсам, казак-кыргызы дебей “ушу сени армияга албай эле, артист кылып коюшпайбы” дешип кейип барышты. Армиядан взводдун, ротанын “ырчысы” болдум. Маршттык жүрүштөрдө ырды мен баштап, мен бүтүрөөр элем. Армиядан келгенден кийин атамдын каалосу боюнча университеттин юрфагына тапшырдым. Бирок, экзамендеринен өткөнүм менен, сот системасында эки жыл иштеген стажым болбой калып, кабыл алынбай калдым. Эми эмне кылсам деп турсам, жердештерим ушу сен жакшы ырдачу элең дешип М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына алып барышты. Барсам, кабыл алуу тээ жайында эле бүтүп, окуучулар бир семестрди бүтүп коюшкандарына карабастан, мени сынап көрүп алып калышкан.

Кийин Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүрдүм.

Сиздин үнүңүз сейрек кездешүүчү баритон. Ушундай кубаттуу үнүңүз болгондон кийин Кыргызстандан сырткары жерлерден да билим алып же ырдап дегендей өзүңүздү сынап көргөн жоксузбу?
Айта берсе арман көп эми. Мени Күрөңкеевден бери окуткан Марлен Болоталиевич Темирбеков деген агайым бар. Ошол киши 1966-жылы “Манас” операсын коюп Москвага барып калганыбызда, Москва консерваториясынан окутам деп жакшы эле аракет кылды. Бирок, мени окута турган Карин деген профессор аябай карып калган кези экен. Окутууга чамасы келбечүдөй. Башкасына ишенбедиби кандай, кайра жүрө бергенбиз. Бир жагынан Сайра Кийизбаева, ал кездеги искусство институтунун ректору Турсун Мусурманкулов “сен бизден гана билим алып, бизде иштешиң керек” дешип жаш кезимден өздөрүнө тартып туруп алышты. Ошондой эле мага сыртыман кызыгып, келечегимен көптү үмтөткөндөр көп болгон. Анткени ар бир эле устат өзүнө таланттуу шакирт күткөндү каалайт эмеспи. Алматы консерваториясынын профессору Жылдызбаев Бекен деген адам ” Казакстандын эсебинен аспирантурадан окутайын, мага кел” деп жакшы эле өтүнгөн. Ал кезде үй-бүлө күтүп калган жаным, ал жакка барып квартиралап жүрмөк белем деп ойлоптурмун. Кийин билсем квартира маселеси деле чечилмек экен.

1972-жылы Бүткүл Союздук “Глинка” конкурсуна катышкам. Ошол конкурска мурунку жылы Болот Миңжылкиев барып өтпөй келген. Мен бардык бал боюнча өттүм, бирок биздин республикадан коштогон өкүл барбай калгандыктан ( Артык Мырзабаев бармак экен, бирок ошол учурда бутун сындырып алганына байланыштуу катыша албай калган), ишим андан ары жүрбөй токтоп калды. Конкурсту жыйынтыктап жатып калыстар тобунун төрагасы Ирина Констатиновна Архипова кийинки жылы Минскиге сөзсүз кел, сага көңүл бурабыз деп айтып калды. Кийинкисине баралбай калдым. И.К. Архипова баягы “кара бала” кайда деп мени таппай калыптыр. Баса, ошол конкурста ырдап бүтүп сыртка чыксам бир бүкчүйгөн орус чал басып келип, “жаш жигит кайсы театрда иштейсиң” деп сурап калды. Мен жаңы эле окууну бүткөнүмдү, эч жерде иштей элегимди айтсам, Львов консерваториясынын аспирантурасына чакырсам келесиңби дейт. Бир аз ойлонуп туруп алыс деп болбой койдум. Аңгыча ошол жерде тургандар бул кишини билесиңби дейт. Көрсө Кармелюк деген даңазалуу профессор экен. Ошону менен буюрбаса керек борбордук консерваторияларда окуй албай калдым. Анткен менен союзга көп эле кызмат кылдым. Кыргызстандын атынан ондон ашык Бүткүл союздук көргөзмө-жарманкелерге катышып өнөр маданиятыбызды таанытыптырмын. Союздун атынан Алжирде, Камбоджада, Румынияда, Мозамбикте болуп ырдаптырмын. Кокус жоюлуп кетпегенде балким СССРдин эл артиси болуп калмак белем, ким билет?

Сиздин музыкалык мектептен чыккандар, элдик өнөрү болобу, эстрада, операсы болобу, бат эле таанылып кетишет. “Камчыңыз катуубу” же алардын өздөрүнүн аракетинин натыйжасы болуп жатабы?
Мен 1970-жылдан бери сабак берип келем. Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун 2-курсунда окуп жүргөн кезимде ректорубуз Турсун Мусурманкулов чакырып алып, “мыкты мугалимдерди союз боюнча чогултуп иштетип жатабыз. Бирок, баары бир мугалимдер жетишпей жатат. 1-курстарга вокалдан сабак бересиң, сенин колуңдан келет” деп калды. Ошондон бери педагогдук иштемин. Кыргыз филармониясынын алдындагы эки жылдык атайын студиянын окуучуларына да сабак берип келем. Бул өзү студия аталганы менен өтө абройлуу окуу жайы болуп эсептелет. Азыркы кыргызга таанымал А.Жайнаков, А.Жетигенова, С.Бейшекеев, эже-сиңди Раимбековалар ж.б. көптөгөн таланттар (баарын кайдан айта алайын, баш аягы жүздөн ашып кетти го) ушул жерден учуп чыгышкан. Менин “камчым катуу” эмес. Ар бир баланын мүнөзүнө, талант-шыгына жараша мамиле кыласың. Бул студенттеримдин эң алды опера ырчысы Жеңишбек Ысманов Италияда окуп жүрөт. Ошентип эл аралык аренада менин шакирттерим таанылып жатат.

Ошондой шакирттеримдин бири опера ырчысы Токтогул Ырсалиев Санкт-Петербургдан өнөрүн өркүндөтүп келди. Абди Кожомжаров деген таланттуу тенор жигитибиз бар. Ал азыр турмуш шартка байланыштуу Ошто иштеп жүрөт окшойт. Ал эми мен элдик ырларды дагы ырдап жүрбөймүнбү. Ушундан уламбы сизден окусак, үлгү алсак дешип мага көп келишет. Бу, шакирттерим мени өздөрүнчө “үн ачаар” деп атап алышыптыр.

Сиздин аткарууңуздагы Ормонбек Асановдун “Айнагүлү” өзүнчө бир бийиктикке ээ, укканды умсундурган, көңүл кушун көкөлөткөн обондордон. “Айнагүлгө” кандайча ашык болуп калдыңыз эле?
Ормонбек Асанов менин жердешим. Мыкты төкмө, ырчы, обончу катары таанылып келатканда 26 жашында оорудан көз жумган. Кадимки Осмонкул, Шекербектердин эң сүйкүмдүү шакирти болгон. Анын “Айнагүлү” Атайдын “Күйдүм чогундай”, Токтогулдун “Алымканындай” түбөлүктүү чыгармалардан. “Айнагүлдүн” сөзү, аткаруучусу Ормонбек Асанов. Обону айтылуу Бектемир Эгинчиевдики. Булар замандаш, үзөңгүлөш болушкан. Эки залкардын биргелешип иштешкендигинен улам ушундай улуу чыгарма жаралса керек. “Айнагүлдү” тээ ыр дегенде ичкен ашымды жерге коюп, талпынып жүргөн бала кезимден ырдап келе жатам. Бул ырда ашыктардын кусалыгы, аруу сезим, ажайып жаратылышка айкалышкан жаштык, ар бир адамдын өмүрүндөгү кайталангыс учурлар камтылган. Ошон үчүн анын өңү өчпөйт. “Айнагүлдү” оркестрдин да, комуздун да коштоосунда аткарып келем. Бул ырсыз ырчылык жолумдагы өмүрүмдү элестете албайм.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 26.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.