Жаңы китептер жентеги

Юнус Эмре кайрадан кыргызча сүйлөдү
Жаш акын жана котормочу Алтынбек Исмаиловдун “Сүйүүнүн султаны Юнус Эмре” аттуу китебинин экинчи басылышы жарык көрдү. Аталган китептин биринчи бөлүмү XIII кылымда жашап өткөн белгилүү түрк акыны Юнус Эмренин өмүрү жана чыгармачылык жолуна арналса, экинчи бөлүмү акындын ырларынын түрк тилиндеги түп нускасы менен алардын кыргызча котормосун камтыйт. Ошондой эле автор Юнус Эмренин дүйнө таанымын иликтөө максатында анын айрым ырларын талдоого алган. Окурмандардын суроо-талабы боюнча кайрадан жарыкка чыккан бул китептин биринчи басылышы 2005-жылы жарыяланган болчу.

“Жашагым келет, жашагым” деди, бирок…
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде жаш акын Лира Үсөнакун кызынын “Жашагым келет, жашагым” деп аталган китебинин бет ачар аземи жана эскерүү кечеси өттү. Бул кече кайгылуу жана көз жашка толгон кече болду. Себеби таланттуу жаш акын азыркы учурда тирүү болгондо 31 жашка чыкмак. Шум ажал Лира Үсөнакун кызын 2009-жылдын март айында арабыздан алып кеткен. Кечеге жаш акынды окутуп билим берген мугалимдери, кесиптештери, достору жана ата-эне, бир туугандары катышты.

Алгач филология илимдеринин доктору Замира Дербишевага сөз берилди. Ал Лира Үсөнакун кызы таланты ачылбай калган жаш акын жана котормочу катары бааланды. “Шум ажал аны арабыздан алып кетпегенде таланты ташкындаган акын дагы көптөгөн ырларды жаратып, көптөгөн чыгармаларды котормок. Арабызда Лира жок, бирок анын өлбөс-өчпөс ырлары калды”,-деди Замира Дербишева.

Андан соң университеттин ага окутуучусу Мухиттин Гүмүш мырзага сөз берилип, Лира акылга бай, талантка бай жан экендигин айтып өттү. Лиранын эмгегин, адамгерчилигин, талантын үнү каргылдануу менен эскерди.

Кечеде университеттин даярдоо курсунун студенттеринин жардамы менен жаш акындын жүрөгүнүн түпкүрүнөн атылып чыккан, жөнөкөй, бирок мазмундуу жаралган ырларынан көркөм окулду.

Лира Үсөнакун кызы ырлар жыйнагын топтоп китеп кылып эл алдына чыгарууга өмүрү жетпегендигин кесиптештери жана курбулары айтып өтүштү. Анын эң жакын курбусу Зуура Алтымышова болсо, Лира ооруп ооруканада жаткан учурда да колунан калем, кагазын түшүрбөй ыр жазгандыгын эскерип өттү.

Ошондой эле Лиранын “Жашагым келет жашагым” аттуу ыр китебине баш сөз жазган, жаштар сыйлыгынын ээси, акын Нурлан Калыбеков “Лиранын акылдуу жана эмгекчил экендиги анын жараткан мазмундуу ырларынан кабар берет”,-деди.

Акын кыздын бир тууган агасы Бакыт Турдумамбетов анын жароокер, мээримдүү жана сезимтал жан экендигин кейиш менен айтып, кеченин уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди.

Лира ой азабын, сөз азабын тартып, жалындуу жана канаттуу ырларын эмгегин калтырды.

САМАРА КАБЫЛБЕКОВА

“Алтын-Бешик авазы”
Баткен облусунда жашап жаткан улуу-кичүү жазуучулардын жана адабият талапкерлеринин адабий чыгармаларынын топтому ушундайча аталат. Албетте, китеп антология да, хрестоматия да эмес, адабиятта тиш кагып калган таанымал инсандардын да, эң алгачкы жазгандардын тырмак алдыларын да өзүнө камтыган кадыресе адабий альманах.

Тааныштыруу максатындагы “бысымылда” сөзүн Улуттук жазуучулар союзунун облустук бөлүмүнүн төрагасы, таланттуу жазылган тарыхый романдардын автору Мурзапар Үсөнов жазган. Бул китептен Эгемберди Эрматов, Нууман Сайдуллаев, Аскар Ражабалиев, Атакул Жакыпов, Абдилат Дооров, Абдинаби Даабеков сыяктуу авторлор мурдагы бийиктигинен жаңылбай баратканын көрсөтсө, чегилбеген жумурткадан чыга электердин жазгандары жөнүндө али так пикир айтуу кыйын. Негизгиси аймактын 28 авторунун ырларын, 9 карасөзчүсүнүн аңгемелерин окуп чыккандан кийин Түштүк-Батыш Кыргызстандын абасынан дем алып, ал жактагы дили таза, сүйлөгөн-күлгөнү майин, мүнөзү камтар кишилер менен дагы бир кездешип, ичкилик говорунун ширин тилинен дагы бир жолу ооз тийесиң.

Китептин түзүүчүсү акын Тургунбай Жумаев, Ош шаарынан 500 нуска менен жарык көргөн.

Сүйүүнүн баткенчи султаны
“Оо, сүйүү” деген китептин автору бүт өмүрүн агартуу тармагына арнап келе жаткан Тургунбай Жумаев. Анын буга чейин “Кумар көз”, “Сен бар үчүн” деген ыр жыйнактары чыккан. Жаңы китеби менен таанышып отуруп чын жүрөктөн оргуп келген, ашык болуп махабатка арбалган жигиттин арманын, дил туйгуларын жана эң башкысы сүйдүргөн жана сүйгөн адамдардын образдарын көрдүм.

Оо, сүйүү!
Сен ыйыксың, башка ыйыктар чендебес,
Сен бийиксиң баарына эле кол жетпес.
Таразасың тактык үчүн жаралган,
Тактыгыңа акыл жетпес, сөз жетпес, – деп акын байыркы бабаларынча дагы бир жолу сүйүүнүн дервишине да, султанына да, кулуна да, бийине да айланып чыгат. Анын поэзиясы Баткен жеринде азырга чейин жугу-журту калып келген ортокылымдык фарсый акындарынын таасирин өзүндө сиңдирип тургандыгы менен кызыктуу. Китеп 1000 нускада Оштон чыккан.

“Адашкан кайберенден” эмне табабыз?
Баткендик дагы бир жазуучу Абдинаби Даабековдун чыгармалары менен алгач кокус таанышып калгам. “Айтыш” фондунун “Калемгер” бутагы бир жылы мыкты аңгемелерге байге сайып, мен калыстар тобуна кошулуп калып, автору бизден, калыстардан, жашырылган толгон-токой чыгармалардын ичинен бир автордун төрт аңгемеси жагып туруп алды. Төртөөнө тең жакшы баа бердим, бирок шарт боюнча бир гана чыгармасы өтүшү керек экен. Албетте, “Майпуруш” дегендей дагы үч мыкты аңгемеси байгеге илинбей калганына ичим ачышты деңизчи. Жалпысынан бир чыгармасы менен дале байгелүү орунга илешти. Жашыруун атты жандыра келсек баткенчи мугалим, усулчу, ушул Абдинаби Даабеков экен. Ошол уткан аңгемеси “Булак – 1” жыйнагына кирди. Кийин “Күзгү санаа” деген жука китебин да окудум.

Эми колумда “Адашкан кайберен” аттуу аңгемелер жана повесть жыйнагы турат. Сегиз аңгеме жана китептин аты берилген чакан повесть кирген бул жыйнак жалпысынан турмуш тууралуу, адамдар тууралуу, Сиз билген эле, аралашып жүргөн, бирок экөөбүз байкабай келген кишилер тууралуу. Жазуучу реалист катары турмушту майда-чүйдөсү менен маанилүү дегендерин аябай натуралисттик тактык, айылдык тазалык, бүркүтчөсүнөн караган көрөгөчтүк менен берет.

АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ
“Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.