2009-жылы кыргызстандык авторлордун эң көп сатылган китептери

“Кыргызстандын жаңы адабияты” электрондук китепкананын редколлегиясы кыргызстандык авторлордун 2009-жылы эң көп сатылган китептерин аныктап чыккан. Аталган сайт 18-февралда билдиргендей, бул тизмекти аныкташ үчүн Бишкекте китеп сатуу менен алектенген ишканаларга сурамжылоо менен кайрылышкан. Анын жыйынтыгында төмөнкү сандар аныкталган:

«РАРИТЕТ» КИТЕП САТУУ ТАРМАГЫ:

  • Ч.Айтматов. “Когда падают горы” — орусча 835 нуска жана кыргызча 223 нуска;
  • Ч.Айтматов. “Жамиля” (кыргызча-орусча которулма-китеп) — 117 нуска;
  • Ч.Айтматов, 8 томдук — орусча 105 нуска, кыргызча — 74 нуска;
  • Ч.Айтматов, башка китептери – 400гө жакын нуска
  • Ф.Кулов. “На перевале” — 503 нуска;
  • Кыргызские эпосы и сказки. Сказки (набор, 1 футлярда 5 китеп) – 400гө жакын нуска;
  • Кыргызские эпосы и сказки. Эпосы (набор, 1 футлярда 5 китеп) –400гө жакын нуска;
  • В.Кадыров. «Золото Иссык-Куля» — 131 нуска;
  • В.Кадыров. «В поисках дракона» — 128 нуска;
  • В.Александров. “Азиатские белые горы” — 105 нуска;
  • И.Бекбалаев (Аммиан фон Бек). Гунны — 65 нуска;
  • К.Акматов. “Архат” — 57 нуска;
  • А.Оморов. “Чынгызхан” — 35 нуска;
  • А.Иванов “Чужой крест” — 20 нуска;
  • М.Байджиев “Сказание о Манасе” — 20 нуска

«КНИЖНЫЙ МИР» ЖЧК:

  • Т.Сариев. «Шах кыргызской демократии» — 100гө жакын нуска;
  • Ч.Айтматов. «Когда падают горы» орус тилинде — 69 нуска;
  • Ч.Айтматов. «Джамиля» (кыргызча-орусча которулма-китеп) — 20 нуска;
  • О.Ж.Осмонов. «История Кыргызстана» (окуу куралы) – орусча 50 нуска жана кыргызча 20 нуска;
  • Ф.Кулов «На перевале» — 20 нуска;
  • Ч.Айтматов, 8 томдук кыргызча — 12 нуска;
  • М.Байджиев. «Сказание о Манасе» — 10 нуска;
  • Ч.Оморов. «Чынгызхан» — 5 нуска

«НУСКА» КИТЕП ДҮКӨНҮ:

  • «Азур» басылма үйүнүн балдар китептеринин сериясы —500гө жакын нуска;
  • Ы.Кадыров. «Кыргыз Гиннес китеби», 2008 – 280 нуска;
  • Баяс Турал. «Огуздар» (2008). – 230 нуска;
  • Баяс Турал. «Тил-улуттун жаны» (2008). – 210 нуска;
  • Зиябидин Максым. «Фергана Хандарынын тарыхы» (2007). – 210 нуска;
  • Т.Самудинов. «Эпиграммалар. Пародиялар» (2008). – 180 нуска;
  • Р.Айтматова. «Тарыхтын актай барактары» (2009). – 131 нуска;
  • Ч.Айтматов. «Тоолор кулаганда». – 121 нуска;
  • Ч.Айтматов, 8 томдук кыргызча (2008-2009). – 119 нуска;
  • Ч.Айтматов. «Жамиля» (кыргызча-орусча которулма-китеп) – 106 нуска;
  • А.Стамов. «Хан Тейиш» (2009). – 100 нуска;
  • А.Оморов. «Чынгызхан» (2009). – 93 нуска;
  • Эл шайырлары (сборник, 2009). – 58 нуска

“Кыргызстандын жаңы адабияты” электрондук китепкананын редколлегиясынын эскертүүсү боюнча, бул статистикада өткөн жыл ичинде сатылган китептердин так саны берилген. Бирок китептер жыл аралыгында китеп дүкөндөрүнө ар кайсы маалда сатыкка түшкөндөрүн эске алуу керек. Башкача айтканда, кеч түшкөндөр аз сатылышы толук ыктымал. Ошондой эле, кээ бир авторлордун өзүлөрү дүкөндөргө чектелген сандагы китептерин гана берген. Аны менен катар бул статистикага басылмалардын китептерди келишим боюнча окурмандарга түздөн түз бергени да кирген эмес. Мисалы, “Бийиктик” ушундай жол менен Ч.Айтматовдун 8 томдугунун 3 миң нускасын, “Айкөл Манас” аттуу 10 томдуктун 400 нускасын тараткан.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.