“Кыл кыяктын жаралышы”: Салттуу музыкалык мурастарды кийинки муунга өткөрүп берүү кадамы

kilkijakkirgizskiinarinstrҮстүбүздөгү жылдын 4-мартында Чүй областынын Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы кесиптик лицейдин “Оомат” жаштар театры “Кыл кыяктын жаралышы” аттуу оюнду коюшат. Аталган долбоор Ага Хан фонду жана Кызматташтык боюнча Швейцария бюросу тарабынан колдоого алынып, “Устат-шакирт” салттуу музыка борбору тарабынан ишке ашырылган.

Кыргызстандагы кызматташтык боюнча Швейцария бюросунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Турсунай Чодурованын билдиргенине караганда, “Кыл кыяктын жаралышы” оюнунун өзөгүн кыргыз элинин музыкалык аспабынын жаралышы жөнүндөгү уламыш түзөт. Оюндун режиссеру “Алтын шаты” Президенттик стипендиянын эки жолку ээси Илгис Жунусов болсо, оюндун музыкасы “Устат-шакирт” борборунун окутуучусу Нурбек Серкебаевге таандык.

Белгилей кетсек, “Оомат” жаштар театры алгач 2005-жылы кесиптик лицейде театралдык кружок катары түзүлгөн. Салттуу музыкалык мурастарды кийинки муунга өткөрүп берүү максатында 2006-жылы “Устат-шакирт” борборунун окутуучулары жаштарга комуз, чопо чоор жана темир комузда ойноону үйрөтүп баштаган. Ушул эле жылы театр тарабынан алгачкы оюн – “Комуздун жаралышы” коюлган.

М.Ибраева, “Кабар” МА, 02.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.