АКШнын элчилигинин чакыруусу менен Бишкекке америкалык музыкалык тобу келет

060314-F-8534G-006«Reserve Generation» музыкалык тобу 5-12-мартка чейин Бишкекте, Кант, Токмок шаарларында концерт беришет. Бул тууралуу элчиликтин коом менен байланыш бөлүмүнөн билдирди. Музыканттар джаз, блюз, рэп багытында белгилүү болгон чыгармаларды аткарышат.

Аталган музыканттар АКШнын аскер-аба күчтөрүндө кызмат өтөшөт. Шаардык жаштарга кече тартуулоо менен алар Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортундагы АКШнын транзиттик жүк ташуу борборундагы америкалык аскерлер менен жолугушууларды да өткөрүшөт.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 03.02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.