“Бештентек” тасмасы коррупция менен күрөшүүгө, аны алдын алууга багытталган

A61C61C8-5735-448A-A85F-4FD5ABE604EE_mw800_mh600“Бештентек” балдар үчүн анимациялык тасма коомчулукта коррупцияны жоюуга, жаш балдардын акыл эсинде анын жыйынтыгы жакшылыкка алып келбестигин, коррупция бар жерде өнүгүү болбостугун аныктай турган тасма. Күч алган коррупция менен күрөшүүдөн эмес, аны профилактикалоодон баштоо зарыл. Бул тууралуу анын презентациясында АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана Гфэллэр билдирди.

Анын айтымында “Бештентек” долбоору “Миң жылдыкка чакырыктар” улуттук корпорациясынын коррупцияга каршы программасынын алкагында ишке ашууда.

Тасма 10 сериядан турат, ал 10-15 жаштагы өспүрүмдөр, жаш балдарга арналган. “Бештентек” тасмасы республиканын 70тен ашык мектептеринде көрсөтүлүп бүттү, мындан тышкары Улуттук биринчи канал аркылуу жекшеби күндөрү көрсөтүлүүдө.

“Бул долбоордо беш өспүрүмдүн башка дүйнөдөгү коррупция көрүнүштөрү менен кагылышкан жоруктары сүрөттөлгөн. Өспүрүм кезинде балдардын жашоого көз карашы бекемделет, алар болочоктогу мамлекеттик кызматкерлер. Долбоордун билим берүү багытында интерактивдик ыкманы колдонуу менен класстан тыш сабактардын программасы жана республикалык 70 мектептин 10-15 жашар окуучулары үчүн коррупцияга кайдыгерликти азайтуу боюнча мугалимдерге керек колдонмо иштелип чыгып, алар өткөрүлдү. Класстан тыш сабактардын тематикасы “коррупция деген эмне, анын чыгуу себептери жана кесепеттери коррупциялык жосундары үчүн жоопкердик, аны алдын алуунун жана күрөшүүнүн жолдору” өңдүү темалардан турган”- деди долбоордун уюштуруучусу Элвира Сариева.

Тасма кыргыз тилинде тартылган, аны орусча субтитрлар коштойт. Авторлор келечекте “Бештентек 2” долбоорун иштеп чыгуу планы бар экендигин айтышты.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 01.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.