Ормон хан жана Калыгул

Ордо оюну
Балбайды баш кылып, бугулар тогуз ордочу алып чыкты. Төрөгелдини баш кылып сарбагыштар дасыккан ордочуларын чыгарды. Миң чийкил чүкөнү Боронбай чыгарды, миң кызыл тазыл чүкөнү Ормон хан чыгарды.

Адегенде ат жарыштырып, сака калчашты. Калыстар кулжанын эки сол сакасын көкөлөтө ыргытканда экөө тең таа конуп, кайталап ыргытканда экөө тең алчы конду.

Ормон тараптан кыраакы Калыгул үн катты:
– Сакаңар тирешип, таймашып калды, балдар. Бул оюнуңар жарабас бекен? Башка оюнга өтсөңөрчү? Калыгулду кагып койду Ормон хан:
– Тирешип калгыдай, жаны бар беле, чүкөнүн? Сакаларды кайталап ыргыткыла!

Эки саканы кайталап ыргытышты. Экөө тең бөк түштү.
– Дагы ыргыткыла! Дагы ыргытышты. Экөө тең чик түштү.
– Мына кызык! Бул эмне деген оюн?
– Ыргыткыла!
– Ыргыта бергидей Ордо балдардын оюнубу? Ордонун эрежеси бар!

Жаман жышаан экенин байкаган Калыгул дагы эскертти – ордонун башы чаң, аягы кан менен бүтчүдөй. Оюндан от чыкпасын. Акылыңарга келсеңерчи!

Ордого ниети бурулуп калган Ормон хан:
– Эмне деп жатасыз элди айнытып? Ордочулардын демин суутпаңыз? Аягы жеңиш менен бүтөт. Баштай бергиле! – деп буйрук берип салды. Ормон хан Чаргынды чакырды:
– Тээтигини көрдүңбү? Букалардын мүйүзү бири-бирине кийишип калыптыр. Кетенчиктебей, тирешип турушат. Кара бука Калыгул бакшыныкы? Бар да ажыратып, көк буканы жыгып, мүйүзүн жонуп, курчутуп кой! Кантээр экен? Кайра тукур! Кимиси өлтүрөт көрөлү! Ошондо кара бука күү менен келип дал өпкөгө берип калды. Көк бука аласалып кетти. Кош мүйүз өпкөсүнө батып, көк бука күшүлдөп, онтоп, очорулуп, ордунан турбай калды.
– Атаңды көрүү-ү ээй? Хандын букасын бакшынын букасы өлтүрөт деген эмне? Алып чык мылтыкты! – деди заардуу
Ормон.
– Мен муну Зеңги бабасына узатайын. Бакшы бышырып жесин.

Чаргын дегдеңдеп барып, Ормондун үйүнөн мылтыгын алып чыгып берди. Ормон мылтыгын от алдырып, дөңдө эки көзү жайнап, күйүгүп турган кара кашка буканы так маңдайга атты. Бука бир өкүрүп, обдулуп барып оңколоп кетти. Мылтык үнүнөн эл козголду.

Таң атпай бул окуяны уккан Калыгул эки бука сүзүшкөн жерге келип, экөөнүн өлүп жатканын көрүп, ушундай эрмек тапкан Ормон ханга таң калып, жаман көрүп, акырая карады. “Ушуга айткан кайран сөз” дедиби эчтеке айтпай ак да, көк да дебей, карды күрөтүп, чуңкур каздырды да жакшы көргөн букасын көмдүрүп салды. Эртеси дегеле Ормон ханга жамаатташ жакын отурбайм деп, Чоң Байсоорудан көчүп кетти.

Калыгулдун нускалары, арманы
“О, айланайын, касиеттүү Ысык-Көл! Жаны бардай өйдө-төмөн жүрүш кылган ынагыбыз, ойлогондо оюбузда турган, арка-тирек кылган сыймыгыбыз! Калктын кыйналганын сезип жатасыңбы? Кайда жаркыраган жазың, күркүрөгөн күзүң? Күн көзүн көрөбүзбү, же үшүп-тоңуп өлөбүзбү? “Ысык-Көл бейиштин эшиги, суу сайын карын табак эти бар. Жай болуп катыра ысыгы жок, кыш болуп какшаган суугу жок. Ат жеткен жерден андан артык кызыгы жок. Мактанып ага жер жетеби? Адам андан кетерби?” – дедим эле. Акыры дилазаар, динбезер, журтбезерлердин айынан бейиштин эшигин таштап, ырыскыбыздан ажырай турган болдук. Карачы, кайран эл араздашып кайда барат? – деп кышты-кыштай санаада баш көтөрбөй жатты.

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.