Орозбек Мусакеев: “Мультфильмдер кыргыз тилинде көрсөтүлгөн эмес”

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Орозбек Мусакеев беш жылдан бери Улуттук биринчи каналдын алдындагы “Дөөлөт” студиясын жетектеп, жумурай-журтка кыргыз тилдүү көрсөтүүлөрдү даярдап, эфир аркылуу чагылдырып келет. Башкача айтканда чет элдин көркөм тасмаларын, мультфильмдерин кыргызча сүйлөтүп келаткан мына ушул студия. Орозбек ага аталган студиянын кызматкерлери, алардын жасаган иштери жана көрсөтүүлөр тууралуу буларды айтып берди.

“Чыңгызхан” фильминде Чыңгызхандын үнүн Жолдошбек Жанжигитов ал эми башка каармандарды Дүйшөн Байдөбөтов, Мукамбет Токтобаев, Акылбек Мураталиев, Кыял Төрөгулова өңдүү белгилүү актёр, актрисалардын үндөрү жаңырган.

“Дөөлөттүү иш жасайлы дедик”
– Студиянын атын жөнөкөй эле кыргыздын дөөлөт деген сөзүнөн улам “дөөлөттүү иш жасайлы” деп атаганбыз. 2005-жылдын 15-январынан баштап ишке кириштик. Беш жылдан бери 700дөн ашык мультфильм которулуп, 33 көркөм тасманы эфирге чыгардык. Биз адегенде бул ишибизди мультфильмдерди которуу менен баштап, “Жаштар” студиясынан Жумагулова Айгүл, Осмонова Элнура аттуу кыздарыбызды котормочу кылып алып келгенбиз. Кийин эмгек жамаатыбыз он эки адамга жеткени менен кыскарып отуруп, былтыртан бери беш эле адам калдык. Эки котормочубуз, режиссёрубуз бар. Албетте, мындай ишке беш адам аздык кылат. Айрым учурларда сыртта иштеген адамдардын кызматынан пайдаланабыз. Мисалы, жакында эле Түркия бизге 26 сериялуу көркөм фильмин жөнөтүштү. Азыр кинонун оригиналдарын көчүрүп жатабыз. Алгачкы серияларын Кыргыз-Түрк Манас университетинин мугалимдери которуп башташты.

“Кемчиликтерди моюнга алабыз”
– Буга чейин мультфильмдер эч качан кыргыз тилинде көрсөтүлгөн эмес. Анан биз балдар үчүн иштейли деп которуу ишине баш отубуз менен киришкен элек. Биздин эң негизги максатыбыз акча табуу эмес, балдарыбыз, жаштарыбыз улуттук тилде сүйлөсө экен, айрым бир кыргызча сөздөрдү өздөрүнүн күнүмдүк сүйлөгөн сөздөрүнө колдонушса экен деген максат болгон. Улуттук биринчи телеканал болгондон кийин негизги көрсөтүүлөрдүн саны кыргыз тилинде көп болуп, анын ичинде кыргызча көркөм фильмдер бир күндө бир жолу эфирден кетип турса гана атаганат… А бизде кыргыз тилиндеги кинолор бир жумада бир жолу гана кетип жатпайбы. Ошентсе да ушул күнгө чейин биздин дарекке карапайым элден, окумуштуу, илимпоз адамдардан, бөбөктөрдөн деги эле көрүүчүлөрүбүздөн жылуу пикирлер келип түшөт. Бирок, сөзсүз түрдө сын айткандар да болот. Телегейи тегиз, идеалдуу жашоону түзө албайбыз да. Дүйнөдөгү эң мыкты жасалган компьютер технологиясынан дагы кемчиликтер табылат. Анан адам жасаган иште сөзсүз кемчилик болот экен. Биз ал кеткен кемчиликтерди моюнга алабыз.

“Жаш балдарды жумушка алалбайбыз”
– “Мультфильмдерге үн окуйбуз” деген мектеп окуучуларынын саны абдан көп. Тилекке каршы биз алар менен профессионалдык деңгээлде иш алып баралбайбыз. Себеби, Бишкекте жашаган мектеп окуучуларынын көпчүлүгүндө орусча акцент бар. Эгер балдарды сүйлөгөнгө, аткаруучулук чеберчиликтерин үйрөткөнгө атайын актёрлук студиялар болсо, анда биз эки колубузду көтөрүп, алар менен иштешмекпиз. Анткени, даяр эмес балдарды үйрөткөнгө бизде убакыт жок. Ошондуктан биз Кыргыз драма театрынын, “Жаштар”, “Куурчак”, “Учур” театрларынын актёрлору менен кызматташабыз. Аларга атайын өкмөттүн деңгээлинде чектелген гонорардык тариф менен акча төлөп беребиз.

“Чыңгызханга” Кытайдан атайын кыргыз алып келдик”
– Учурда отуз сериалуу “Чыңгызхан” фильми кыргызчага которулуп, жетинчи сериясы көрсөтүлүп бүттү. Фильмди кыргызчага которууда бир топ кыйынчылыктар болду. Кытайдан фильмдин оригинал дисктерин алып келип, Шанхай университетинен атайын англис тилин бүткөн, тилчи кыргызды чакырттык. Бирок ал кыргыздын адабий тилин жакшы билбейт экен. Андан биз которулган маанисин угуп, адабиятташтырып кыргыз тилге салдык. Он чакты сериясын ушинтип жасагандан кийин, убакыт көп талап кылынгандыктан, фильмдин орусча вариантынан алып которууга кириштик.

“Чет элдик авторлорго жообубуз даяр”
– Биздин ишке кызыгып, шаардагы балабакчалардан, мектептерден “Бизге кыргызча которулган мультфильмдерди, тасмаларды бербейсиздерби, балдарга кыргыз тилин үйрөтөбүз”деп көп кайрылышат. Тилекке каршы биз которулган дисктерди жайылтууга укугубуз жок. Себеби, кайсы фильм болбосун которуп жатканда дайыма эле автордун уруксатын алган жерибиз жок да. Ошондуктан бул маселе өкмөттүк деңгээлде чечилиш керек экен. Эгерде авторлор бизге күнөө коюп, “Силер биздин автордук укугубузду тебеледиңер”дешсе, биздин бетке кармаган жообубуз, “Силердин англис тилиндеги чыгармаңарды кыргызга жеткирдик. Бизди күнөөлөбөгүлө, биз гумандуу иш жасадык” деп кутулабыз деген ой менен иштеп жатабыз да.

“Аары, кумурска жана пилди жакшы көрөм”
– Жер шарындагы өлкөлөр тууралуу даярдалган көрсөтүүмдөн кийин “Жаныбарлар дүйнөсүн”ачтым. Анткени, жаныбарлардын дүйнөсүнө бардык адамдар кызыгышаарын билдим. Мага жаныбарлардын баары кызык көрүнөт. Бирок, алардын ичинен аарылардын коому өтө эмгекчилдиги, архитектураларын күчтүү кургандыгы жагат. Ошондой эле кумурскалардын жашоо коому да өтө кызыктуу. Себеби, баардыгы мыйзам ченемде иштешет. Мисалы, талаада иштегени, жол сакчы болушпайт, ички заводдо иштегени талаада иштебейт. Алар өз иштерин так аткарышат. Ал эми чоң жаныбарлардан алсак, мага пилдин боорукерлиги абдан жагат. Айрыкча балдарына келгенде абдан аяр мамиле жасашат. Бул “Жаныбарлар дүйнөсү”көрсөтүүм эл оозуна алынып кеткенден кийин “Укмуштар сыры”деп таап алдым. Себеби, жалаң космос, планеталар, адамзаттын тарыхында болуп өткөн кызык нерселер абдан көп эмеспи. Мисалы, Пирамидалардын тарыхы, байыркы жашап өткөн адамдардын пайда болушу, дүйнөдө эмне деген чоң иштер жасалып жатат, деген сыяктуу нерселерди чагылдырууну туура көрдүм.

Орозбек Мусакеевдин “приколу”
Мен алгач үй-бүлөм: жубайым, эки кызым менен “Бул эмне?” аттуу эң кыска мультфильмди жасадым эле. Анткени, “Жасай алаар бекенбиз?” деген кооптонуу болгон да. Мультфильм башынан аягына чейин “Бул эмне?., Магабы?., Сага?! А эмне үчүн? Жөн эле”деген суроолор менен кеткен эле. (Күлүп) Мына ушул мультфильм биздин үйдө азыркы күнгө чейин жаштардын тили менен айтканда “прикол”болуп калган. Бирдеме болсо эле кыздарым, жубайым менен “Бул эмне…?”деп тамашалаша баштайбыз.


Айгүл Жумагулова, котормочу, редактор: “Менин ар бир күнүм мультфильм”

– Айгүл, мультфильмдерди которууга кандайча кызыгып калдыңыз?
– Мен “Дөөлөт”студиясы ачылганга чейин балдар бөлүмүндө “Куш кабар”, “Наристенин ден-соолугу”, “Силер билесиңерби?” аттуу кызыктуу көрсөтүүлөрдү даярдачумун. “Дөөлөттө”мен жалаң мультфильмдерди котором. Өзүмдү фанат кызматкермин десем да болот. Анткени, алгач которгон мультфильмдерим эфирден кеткенде балдардан өтүп мен да катуу сүйүнчүмүн. Азыр деле мультфильмдерди которуп жатып, ичине кирип кетем. Кээде аларга кошулуп ыйлайм, кубанам дегендей. Менин ар бир күнүм мультфильм болуп калды.

– Мультфильмдерди тандап которосузбу же?..
– Башында өзүбүзгө жаккан, тандалма мультфильмдерди гана которсок, азыр баардыгын которгонго аракет кылып, көбүнчө балдарга тарбиялык мааниси бар, адам эс ала тургандай жакшы мультфильмдерди кетирип жатабыз. Ушул күнгө чейин совет мультфильмдеринин дээрлик баардыгын которуп бүтүптүрбүз. Буга чейин көлөмдүү мультфильмдерден “Гүлаланын 1чи, 2чисин” (Золушка), “Салтан падыша жөнүндө жомок”, “Падыша арстан”, “Барби жана ажыдаар” ж.б. бир тобун которсом, учурда “Бемби 2ни” которуп жатам. Бизге акыркы убакта “Шректи”, “Мадагаскар” өңдүү мультиктерди которгулачы деп көп сунуштар түшүп жатат. Буюрса жакынкы аралыкта аларды да эфирден көрсөтмөкчүбүз.

– Кандай кыйынчылыктар болот?
– Кыйынчылыктар ырларды которуп ырдоодо көп болот. Кээде ырдабастан жөн гана окуп койсок, кээде атайын студияга барып музыкасын жаздырып, өзүбүз ырдайбыз.

Айнура Касымова, «Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.