Американын ковбой ээри биздики менен киндиктеш

Кыргыз “ат, аттан кийин жат” дейт. Албетте, аты болгондон кийин анын ээри да болмогу абзел. Бирок, күндө урунуп жүргөн ээрдин доорлордун бүктөмүнөн келген, байыркы бабалар менен жашташ, өтө эле көөнө буюм экенине маани бербейт окшойбуз. Кыргыз маданиятынын бир үзөңгүсү болгон ээрдин тарыхын билген киши айтса бир күндүк кеп. Буга редакциябызга келип ээрдин маанисин “эзип” айтып берген сүрөтчү, элдик чебер Жылкычы ШАРШЕНБИЕВДИ угуп отуруп терең ынанып калдык. “Жакшы кеп жалпыныкы” дегендей, аңгеме-дүкөнүбүздөн окурмандарга сунуш кылабыз.

Адамзат атка мингенде эле ээр пайда боло калбаптыр. Археологиялык табылгалар айкындап тургандай, алгач жайдак атка тердикти жая салып эле чапкылап жүрүшкөндөй. Ээрге чейин далай заман, далай суу акса керек. Бирок, ээрди турмушка киргизгендердин эң алгачкылары көчмөндөр, Жылкычы Шаршенбаевдин айтымында, кыргыздар болуптур. Ээр Батышка аныгында Атилла башында турган көчмөндөрдүн ат туягы менен жетип, андан ары жайылган тура.

Тоок мурунбу же жумуртка мурунбу деген чечилбей келаткан маселе бар. Ушундан улам адамзат ат күткөнү ээри даяр беле, же …

– Жок, ээри даяр эмес болчу. Ээрдин эртегисин айтсак узун сабак тарыхы бар. ЮНЕСКОнун “Курьер” деген журналынын ээр VII кылымда Кытайда пайда болгон деген маалыматы чындыкка жатпайт. Аныгында ал көчмөндөр урунган буюм. Кылымдардан бери ордунан былк этпей отурукташкан кытайга ээр көчмөндөрдөн тараган. Иликтеп көрсөм, атургай Александр Македонскийдин атчандары да атка тердикчен жайдак чапчу экен. Ал көбүнчө мыкты машыктырылган жөө аскерлеринин күчүнө салып жеңген эмеспи. Батышка азыркы ээрдин үлгүсүн, үзөңгүнү Атилланын аскерлери III кылымда жеткирген. Анткени аттан түшпөгөн көчмөндөр үчүн үзөңгүнүн мааниси зор эле. Жалаң тердик, жайдак атчанга караганда үзөңгүнү чирене тээп ээрге нык отурган көчмөн бир кыйла артыкчылыкка ээ болуп, аттын кулагы менен тең ойногонго мүмкүнчүлүк алган. Ээр деген шумер сөзү, “арка-жон” дегенди билдирет.

Ээрдин эң алгачкы үлгүсү ыңырчак. Кызыгы, канча доор өтсө дагы кандай болсо ошондой келаткан, жыгачтардын аштамынан жасалган бул буюм бизге ошол алгачкы үлгүсүндө келип жеткен. Ал жүк артканга ыңгайлаштырып жасалып, көбүнчө өгүзгө, топозго тартылган. Ыңырчактын төөгө ылайыкташкан түрүн ком дешет. Кыргыз ыңырчакты жылкы баласына дээрлик колдонбогон. “Акмакты койсоң оюна, атка салат ыңырчак” деген сөз тегин жеринен чыкпаган.

– Демек, ээр тарыхы – эл тарыхы дебейсизби?

– Кыргыздардын көчмөндүк, жоокерлик турмушунда ээрдин мааниси эбегейсиз эле. Ээрди да ошол заманына жараша өзгөртүп жүрүп отурушкан. Жоокерчилик шарттарда алдыңкы, арткы кашы жазы, бийик калкан ээр дегенди колдонушкан. Эки капталына калың кайыш менен капталган жыгач тартылган калкан ээрлер алды-артынан сайган душмандын найзасынан жакшы коргогон. Иликтөөлөр мындай төрт бөлүктөн турган ээрди алтай тибиндеги ээр деп аташып, биздин түпкү мекенибиз менен байланыштырып карашат. Ушунун өзү эле көп нерсени айтып турбайбы.

Албетте, кылчайнашкан жоокерчилик замандарда деле жай, сөөлөттүү күндөр болгону ырас. X-XIV кылымдарда азыркы бизге жеткен кучмач ээрлер калыптана баштайт. Муну орто кылымдарда тартылган сүрөттөр айкындап турат. Келиштире шөкөттөлүп жасалган мындай ээрге жеткен да, жетпеген да бар болуп, ат ээсинин социалдык абалын да айтып турган. Байбачалар, хан-бектер, азыркы колунда барларыбыз “Мерседеске” тап койгондой эле мындай ээрлерге куштар эле.

Кыргыз, сиз айткандай, түбү көчмөн калкпыз. Жака-белибизде биз менен кошо аттанган, үзөңгүлөш эл да болду. Алардын ээринен биздикинин айырмасы барбы?

– Бар. Башка элдикиндей эле биздин ээрлер колдонулушуна жараша аталган. Биздеги ээрдин мыктысы кучмач ээр. Бул ээр жеке гана хан-бектердин энчиси болбой, акырындап отуруп чарбалык ээрге айланып кеткен. Айтмакчы, эмне үчүн кучмач ээр деп аталып калышынын себебин илимпоздор, археологдор, атүгүл этнографтар деле ушул убакка чейин түшүндүрө албай келишет. Бул аталыштын теги “куш” “маш” деген эле кыргыздын эки сөзүнөн турат. Демек, мындай ээрдин кашы куштун башын элестетип тургандыктан “куш баш” деген түшүнүктү берип турса, бир жагынан бүркүт салганда балдагынын боосун ээр кашындагы эки мүйүзчөсүнө илип койгонго маштуу, ыңгайлуу болгон. Анан айтылышында “баш” сөзү түшүп калып, “кушмаш”, “кучмач” деген аталыш келип чыккан. Кучмач ээрлер чарбачылыкка ыңгайлуу болгондуктан өтө кеңири таркаган. Кийинчерээк бул ээрлер жасалган жерине жана сатылган базарына жараша анжыян, наманган, кокон, маргалаң ээр аталып кеткен. Ээрдин эволюциялык өнүгүшүнө, ага ар бир доордун тийгизген таасирине көз салып көрсөк, тарых-таржымалыбызды тактоого өбөлгө болуучу кызык фактыларга жолугасың. Мага аябай кызыктуу болгондон уламбы, ээрдин калыптаныш таблицасын түзүп чыгууга туура келди. Бир эле мисалга кайрылалы. Кыргызда “ак каңкы” деген аталыштагы ээр бар. Бул ээрдин азыркы тил менен айтканда “каркасы”, эскиче “каңкысы” же “каңкасы” жыгачтын чамындыларынан жасалып, ак кайыңдын кабыгы менен капталып, тарамыш менен чырашталып жасалгандыктан “ак каңкы” деп аталып кеткен.

Бир элдеги маданияттын алгылыктуу туундулары башка бир элге куюлуп сиңип кеткендей эле, биздин ээрлер тулпардын туягы, күлүктүн күүсү менен бул ааламда жетпеген жери, барбаган бурчу калбаптыр. “Барган жерден бак айтып” башкача мазмунга ээ болгону менен, бир тамчы кыргыз каны, көчмөндүк духу бар экендиги дайыма байкалып турат.

Атты жалгыз эле кыргыз минбейт. Ааламда канчалаган эл бар. Кыргыз ээрине үндөшкөндөрү барбы?

Азыркы күндө кучмач ээрге үндөш казак ээр, калмак ээр деп аталган алтай тибине кирген ээрлердин түрлөрү кеңири белгилүү. Бирок, алтай тибине кирген бул ээрлер Батыштыкына окшобойт. Алардын ээрлеринин кашы бүгүнкүгө чейин эле учтугуй келет. Биздин ээрлердин кашы жазы. Ал эми Америка ковбойлорунун ээрлери бизге өтө жакын. Мунун сырын убагында белгилүү венгер окумуштуусу, кыпчак Коңур Мандокиден сурап билгеним бар. Анын айтымында, Түндүк-Түштүк Америка согушунда АКШ президенти дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө кайрылып, адилеттик согушта жардам бергиле деп өтүнөт. Ошондо Венгриянын Мандык деген жеринен чыккан Ак буура баатыр кошуунун алып, аттарын кошо жүктөп, океан кезип жөнөп кетиптир. Кийин алардын ээрлеринин үлгүлөрү Американын ковбойлоруна тарап кетет. Ковбойлордун ээрлеринин кашы жазы, жалпак болгону менен кош мүйүз эмес. Бирок, аркан алып жүргөнгө ылайыктуу. Себеби, алар биздегидей бүркүт салбагандыктан ээрдин кашын мүйүзчө кылып жасагандын төркүнүн билишпейт. Ошондой эле үзөңгү боолук теминги менен бир жасалып калган. Кыргыздыкы теминги өзүнчө, үзөңгү боолук өзүнчө. Кыргыздар арканды үзөңгү боолукка чалса, алар ээрдин кашына орой салышат. Америкалыктар ээрди эң мыкты үлгүгө жеткирип, абдан жакшы өркүндөткөнүн, алардан үйрөнө турган көп нерсе бар экенин айтпай кетүүгө болбойт. Аларда мындай ээрлердин элдик дизайндын элегинен өтүп калыптанган алты түрү бар. Баса, орустарга да биздеги ээрлер кыпчактар аркылуу өткөн. Алар ыңырчак деген сөздү өз тилине ыңгайлаштырып алып, кыйла мезгил ээрди арчак деп атап келишти. “Седло” деген сөздү кийинчерээк эле Петр I өзү киргизген.

Ээрди көркөмдөп жасай билүү – элдик кол өнөрчүлүктүн туу чокусу болуп саналат. Аны жасаган адам сөзсүз ээрдин жасалыш тарыхынан кабардар болмоюн, жарытып деле жибербеси анык. Айрыкча бүгүнкү ааламдашуу шарттарында ээр жасоонун бүткүл дүйнөлүк тажрыйбасын, маданиятын өзүбүзгө сиңирип, алгылыктуусун колдоно билүү заман талабы болуп тургансыйт.

Ээр чабуу ар кимдин эрмеги эмес. Бирок, калк ичинде чеберлер арбын. Ар кимиси өз чеберчилигин көрсөтүп келет. Өзүңүздүн ээр чабуудагы табылгаңыз барбы?

Учурдагы ааламдашуунун шарттарында ар бир элдин маданияты менен тааныш болууга кеңири мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Ошол эле убакытта өз элиңдин кылымдардан бери түптөлгөн улуттук маданий табылгасынын айрым үлгүлөрүн башкаларга “уурдатып” жиберүү коркунучу бар. Ээр – элибиздин көөнөдөн келаткан улуттук улуу мурасы. Анын улуттук колоритин жоготпой, жаңы табылгалар, үлгүлөр менен байытып алып чыгуу – элдик чеберлерибиздин, кала берсе жалпыбыздын милдетибиз. Менин жаңы моделдеги ээр чабуу боюнча көп жылдардан берки тажрыйбам бар. Кезегинде мен чапкан ээрди Горбачев алдырып кетип Рейганга тартуулаган. Өнөрүмдү кызганбайм. Өзүмдүн мектебим, шакирттерим бар. Эл турмушу жакшырган сайын мыкты ээрлерге болгон суроо-талаптар да көбөйдү. Азыр ээрдин дүйнөлүк калыптанган стандарттары бар. Ар бир ээр атка, анын ээсине ылайыкташтырылып жасалат. Ээр жасоо маданиятында аялдардын ээрине айрыкча маани берилип, өзгөчө шөкөттөлүп жасалган… Мен иштеп чыккан каскадер ээри бүгүнкү күндө кеңири популярдуу болуп баратат. Бул ээр кандай атка болбосун ылайык келет, жоорутпайт. Себеби, ээр жасоодогу бардык тажрыйбаны эске алгам. Өндүрүштүк жол менен дагы чыгарганга болот.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, тел.: 38-67-73,
“Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.