“Күзгүбү, таракпы?”

Бул – жаштардын тамашалуу оюндарынын бири. Мында көрүнө элек эки жолдоштун бирөө акырын байкатпай келип, беркинин көзүнөн басып: “Күзгүбү, же таракпы?” – деп сурайт. “Күзгү” – десе, колун дароо тартып алат. Шашып, “тарак” деп жиберсе, колун тартып учурашат. Бул эки теңтуштун тамашалуу жолугушуусу болуп саналат.

“Кыргыз Web” сайтынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.