Кыргызстанда француз-кыргыз сөздүгү жарык көрдү

Кыргызстанда француз-кыргыз сөздүгү жарык көрдү. Бул туурасында бүгүн АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандагы Франция элчилигинин кызматташтык жана маданият боюнча атташеси Шарлотта Урбэн билдирди.

Сөздүктүн бет ачары Кыргыз улуттук университетинде 12-мартта Франкофония жумалыгынын алкагында өтөт.

Бул эмгектин үстүндө иштөө 4 жылга созулган. Сөздүктө 15 миң сөз камтылган жана 440 барактан турат. Сөздүктүн авторлору – М.Акчекеева жана Н.Турганбаев.

Ш.Урбэн белгилегендей, келечекте кыргыз-француз сөздүгү да түзүлүшү мүмкүн.

“Кабар” МА, 10.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.