Салбурун

Салбурундун негиздөөчүсү Алмазбек Акунов менен маек

Ит агытып, куш салып,
Салбурундап жер чалып,
Бабалардан калган иш.

Манастан

Биздин ата-бабалар аңчылык өнөрдү аздектеп келген. Күз келгенде биринчи жааган карда, жигиттер топтолуп алышып, алыска аңчылыкка чыгышкан. Кыргыздын маңдайына жазган мындай азем-өнөр акыркы кезде кайрадан жанданып, кайсы бир деңгээлде калың элдин катмарына тарап келаткандай өңдөнөт. Түйшүгүн көтөрүүдө жана жаңыча багытта өркүндөтүүдө, өнөр баккан жигитибиз Алмазбек Акуновду айтсак болот.

– “Салбурун” федерациясын түптөгөнүңө 4 жыл толуп, 5- жылга кетип отурат. Сөз башында “Салбурун” деген сөзгө түшүндүрмө берип кетсең.
– Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн түзгөн Константин Юдахиндин эмгегинде, Салбурун же Салбырын сөзү мындайча чечмеленет: “Жоокердик мүнөздөгү аңчылыктын түрү” деп. Кыргыздын эски сөздөрүнүн бири болсо керек. Негизи, “Салбурунчу” деп бүркүт, куш кондуруп, тайган ээрчитип, жаа тартып аң уулаганды айтат.

– “Карасанчылары” ким болгон?
– Айдакчы болуп топко кошулгандарды “карасанчы” деп аташкан. Алар салбурунчулардай эле укукка ээ болуп, шыралга, олжо бардык катышуучуларга бирдей бөлүнгөн.

– Аңчылыкка кайсы бир мелженген убакытта чыгышса керек?
– Күз келгенде алгачкы жааган карды “сонор” деп коет. Аңчылар, ушу мезгилди чыдамсыздык менен күтүшкөн. Илгери сонор кар жааганда бир аңчы колуна бүркүтүн кондуруп, тайганын ээрчитип аң уулаганга чыгат. Жолдон бирөө жолугуп, “тиякта айгырың өлгөнү атыптыр, адалдап мууздап койдум. Үйүңө барсам катыныңдын толгоосу келип, кыйналып аткан өңдөнөт” дейт. Анда ал эч ойлонбостон, “мени сонор күтпөйт” деп жолун улаптыр. Ушуга окшогон салбурунчулар кар үстүнө түшкөн жаңы изди кууп, кээде айлап ууга кетип калышкан учурлары болуптур. Кийиктер семирип, карышкыр, түлкүнүн жүнү жетилип турган кези да…

– Чекесинен эле кыра бербеген чыгар?
– Кыргыздар ал кезде табигат менен жуурлуша жашап, жаратылыштын тең салмактуулугун сактай билишкен. Жапайы жандыктардын ургаачы бооздоруна, улактарына кол салбай, ылайыктуусуна аңчылык кылышкан. “Ит агытып-куш салып, жаа тартуудан” жаратылыш жабыркабайт. Бул – эчак далилденген.

– Санжырачылардын айтымынан нечендеген бүркүттөрдүн түрлөрү жана аны таптап сала билген мүнүшкөрлөр жөнүндө угуп калган жайыбыз бар…
– 19- кылымда, Көл кылаасынан Мойут Аке деген чыккан. Мүнүшкөр, абдан акылдуу адам болгон. Сары Эжий деген алгыр бүркүтүн 30 жылча кармап, салып жүрүптүр. Кийин “тукум уласын” деп, семиртип, түлөтүп туруп, агытып жиберет. Төрт-беш жыл чамасында “Каркыра” жайлоосунда жолдош-жоролору менен кетип баратып, төбөсүндө айланып учкан үч бүркүттү көрүп калат. Бирөөсү кадимкидей шаңшыйт. Сереп салып көпкө карайт. “Ах атаңгөрү, менин Сары Эжий бүркүтүм турбайбы, балапанын чыгарып учуруп жүргөн тура” дейт. Анда жанындагылары “Мойут Аке алжып калганбы? Асмандагы бүркүттү кантип таанып атат?” деп күбүрөнүшөт. Ошондо Мойут Аке минип жүргөн атынан түшө калып, канжыгада байланган баштыкты жерге коет. Ичинен бирдеме алып чыгып, үндөктөп, чырга тартат. Баягы бүркүттүн бирөөсү, эки айланып шукшурулуп, жерге жакындап, үчүнчүсүндө Мойут Акенин жанына конот. “Сары эжийдин” башынан ылдый сылап өз колу менен мойнуна таккан шурусун көрөт. Канаттарын, тырмактарын түгөлдөйт. Колуна кайра кондуруп, “алгырлыгыңан жазба” деп обого учуруп жиберген экен.

– Бул эми мүнүшкөрдүн кыйындыгыбы же бүркүттөнбү?
– Табигат менен жуурулуша жашагандын мыкты үлгүсү болсо керек. Мындан тышкары да бир мисал. Ысык-Көлдүн тескейинен Томо деген кыйын мүнүшкөр чыккан. Бүркүттүн, куштун тилин билген адам болгон. Айылчылап жүрүп, жаш жигиттин бүркүт таптап жүргөнү тууралуу кеп угат. Көргөнү барып, бир эле сөзүн айткан экен. “Төө комдот деген бүркүт турбайбы. Астейдил салбасаң, өзүңө кол салгандан кайра тартпайт. Мурунку мүнүшкөрү таарынтып коюптур” дептир. Ал бүркүт чынында эле бир жолу аңчылыкка чыкканда, бир төөнүн жүгүнчө олжо, шыралга жыйначу тура. Томо кеткенден кийин аз өтпөй, бая жигит аңчылыкка жалгыз чыгат. Карасанчы, айдакчылары жок. “Олжону айдакчыларга талатпай өзүм алам” деп. Төө комдотту агытат. Асмандан шукшурулуп келип түлкүнү ала албай калат. Кайра учуп чыгып жок болот. Үйүнө кетип бараткан жолдо ээсине кол салып, өлтүрүп коюптур. Мүнүшкөрдүн арам оюн туйганбы же дагы башка сыр барбы? Белгисиз.

– Бүгүнкү Салбурун жөнүндө кеп кылалы. Максаты эмнеде?
– Салбурун – байыркы элибиздин маданияты. Өзүнө спортту, илимди камтыган туюнтма. Эми биз ошол маданиятты улуттук спорттук – аңчылык түрү деп атап, азыркы шартка ылайыктап, мелдешин тартуулап, оюн-зоокко айланттык. Ат үстүндө илгеркиче жаа асынып, колуна куш кондуруп, тайган ээрчитип. Колго тийген аңдын этинен тамак даярдап жеп, табийгатка жуурулушуп келсе жаманбы? Сыр катылган ажайып дүйнөгө кабылып, чөмүлөт эле да…

– Федерацияны негиздөөгө эмне түрткү берди?
– Англияда дүйнөдө эң күлүк “грейгаунд” деген аңчылык ит тукумун асырашат. Жоголуп кетпес үчүн, өзүлөрүнчө уюм түзүп, жарыштыруу мелдешин ойлоп табышкан. Калың элдин катмарына тез арада сиңип, жарыш таймашында 10 миңдеген күйөрман келип көрө алышат. Мурункуга караганда, грейгаундду асырагандардын саны көбөйүп, сапаты жакшырган. Бул боюнча кезегинде көрүнүктүү инсаныбыз Азамат Алтай “кыргыздар ушул мелдешке тайгандары менен катышып, же болбосо Кыргызстанда да ушуга окшогон иш чараларды уюштурса жакшы болмок” деген оюн айткан. Бул негизги түрткүлөрдүн бири болду десек жаңылышпайбыз.

– Биринчи жолу 2006- жылы фестивал катары өтсө керек эле?
– “Салбурун” фестивалын мен демилге көтөрүп, 2006- жылы, Тоң районунда өткөзгөм. Кыргызстандагы угуп-билип, көрүп жүргөн мүнүшкөрлөрдү, тайган асырагандарды, жаа аткычтардын баштарын бириктирип. Фестивалды өткөрүүдө, элге билинбеген көп кыйынчылык жактары бар. Жырткыч айбанаттарды, канаттуулар менен иштеш, аларды тартипке салып, эрежеге баш ийдирип элге тартуулоо өзүнчө эле чоң түйшүк. Андан да чоңу – каражат маселеси. Бул жагынан бүгүнкү күнгө чейин кыйналып келебиз.

– Колдоочулар табылбай атабы?
– 2008- жылы “Салбурун” федерациясынын формалдуу түрдө чакан жыйынын өткөзүп, башчылыгына Турусбек Мамашовду көрсөткөнбүз. Ал киши акча чыгаргандан коркуп, туруксуз Санта Клауска каражат коротуп туруп алды. Ишенген кишибиз бир кыймылдабай койду же анысынан пайда чыккан жок. Кыргыз элинин каада-салтына төп келбеген Санта Клаусту таңуулап. Дегеле, бүгүнкү күнгө чейин федерацияга далай акчалууларды “президент бол” дедик. Баары качып атышат.

– Эч ким колдоо көрсөтпөй койсо кантесиңер?
– Азыркы кезде Ливандын жараны Жорж Андриан деген адамга токтолуп атабыз. Мүнүшкөрлүктү абдан сүйөт экен. Ал дароо эле “акча чыгарам, колдойм” деп жулунуп атат. Убакыт бар, көрө жатарбыз.

– Быйылкы Чолпон-Ата шаарындагы фестивалыңар кандай өттү?
– Ойдогудай болду. Оюн-зоок эрежелери жана ага караштуу ылайык тартиптери сакталды. Салбурундун ышкыбоздору толугу менен чер жазып, ыраазычылыктарын айтып кетишти. Бул фестивалда Ысык-Көл облусунун ачык биринчилиги гана деп жарыя кылынган. Бирок, бизди кубантаарлык бир чоң иш болду. Себеби, Көл калаасынан тышкары Таластын, Чүйдүн тайганчылары да келип катышты. Фестивалдын жыйынтыгында мыктыларын аныктадык: Бүркүтчү – Кадырдин Шерманбетов, кушчу – Момунбай Сопуев, жаачы – Азамат Акунов, мыкты тайгандар – “Капкан”, “Учар” ээси Токон Бейшенов, күлүк тайгандар – “Кара Жал”, “Учар” ээси Бекжан Бообеков, Таалай Дөңбаевдер.

– Алдыда кандай иш-чараларды максат кылып атасыңар?
– Аткарылуучу иштер көп. Биз өзүбүзгө ишенип калдык. Фестивалдын катышуучуларынын географиясын кеңейтип, эл аралык даражага көтөрсөк деп турабыз. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында өтүүчү фестивалга Америкадан жаачылар, Түркиядан бүркүтчүлөр келебиз деп атышат. Коңшу өлкөлөрдөн да катышуу жагын суранышкан. Азыртадан эле кам көрүүдөбүз. Иш-пландарыбызды алдын-ала тактап жибердик.

Сурат Жылкычиев, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 11.03.2010-ж.

Дагы материалдар:

“Салбурун” – кыргыздардын аңчылык өнөрү


Соц тармактар:

One thought on “Салбурун

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.