САРЫМСАК ДАТКА

XXVII-XIX кылымдардын ортосунда түндүк кыргыздар Чыгыш Түркстан, казактардын Олуя -Атага чейин созулуп жаткан аймактарда жашаган кыргыздарга күйгөн эр-азаматтар тарыхтын учуру келсе да, өз баасын албай келгени өкүнүчтүү. Ошондой инсандардын бири – багыш уруусунан чыккан Сарымсак датка.

(Башы өткөн санда)
Сарымсак кыраакы, мыктылыгынан өзүнө жакын кыргыздарды алып, Таласка качып баса берди.

Экинчи жолу такка Кудаяр келгенде Сарымсак ордодон кетип, кайра ордодо бийлик алмашып чакырылганга чейин 1862 – 1869 – жылдар аралыгында, Таласта даражалуу даткалык бийлигин жүргүзүп турду.

Кокондон кошо келген баатырлар Байтерек, Сейталы, Черибай жана ашпозчу – багбан Абдыкеримдер Бекботонун коргонуна отурукташкан күндөн баштап дыйканчылык иштерине баш-оту менен киришип, Кара- Бууранын ээн жаткан какыраган суу чыкпаган жерлерине суу чыгарууда, элге арык чаптырып, аскаларды жардыртып тешкен тоо аркылуу суу өткөрүшүп, дыйкандар үчүн олуттуу иш жасады.

Кокондо бийлик үчүн күрөш кутумчулардын тымызын уюгу басылбагандыктан, Сарымсактан кутулууну унутуп коюшту. Тескерисинче, ордонун кан сарайына Сарымсак жетпей жатты. 1844 – 1862-жылга чейин, он сегиз жылдын ичинде жөнгө салынып калган кандык, 1862 – жылдан баштап бийлик оош-кыйыш өтмө бийликке айланып, быт- чыты чыгып, ордодо ынтымак кетип, биринин артынан экинчисинин баштары кыйылып жатты.

Биринен сала бирине кутум уюштурушуп, тымызын так талашып, уруу-уруу боло жаатташып, айлалары кетти.

Бекботонун алты уулунан Сарымсак Элтайдан кийинкиси, өзүнөн кийин Тойчу, Садырбай, Бешкемпир, эң кичүүсү Жедигер эле.

Кудаяр такка отурганда ордодо бузуктар Сарымсакты жаманатты кылышып, айыбына тогуздап салык салдыртты. Сарымсак ак жеринен айыпка жыгылганы үчүн канга кайрылганына карабай, Кудаяр бузукулардын тилин алып, кан сарайда башына кап кийгизип кармашып зынданга салдыртып, өлтүртмөк болот.

Кан тактысынан Сарымсакты даргага тартканча Кудаяр хан ашпозчу Абдыкеримге: – Өлбөстүн күнүн өткөргөнгө ченеп тамак берип турасың – деп дайындайт. Сарымсакты даргага асканга чейин хандын буйругун ордодо камсыз кылып турду. Бирок кутумчуларга: ” Сарымсакты куткарганга ордодо катыша турган адамдар бар экен” – деген кабар жеткенден кийин, кан сарайдан чыгарбоого ханга буйрук бердиртип, ордонун төрт дарбазасына кыргыз, кыпчак, өзбектерге ишенишпей, тез аранын ичинде лашкерлерди тажик улутундагыларга алмаштырышканга жетишти.

Себеби тажик улутундагы дарбаза лашкарлары кыргыз, кыпчак, өзбек тилдерин билишпегендиктен оңой менен алдыртпайт деген ойдо болушкан. Баласы Шатман тажиктерге жээн, тажик тилин эң жакшы билген. Аларга: “Сарымсактын улуу аялы Зулайка тажик кызы экенин, кутум Малахандын жакындарына каршы уюшулган чагымчылык, бузукулуктун арты экенин айтып берет. Бир гана арга – кутум уюштуруучулар, эгерде Сарымсак аман калган болсо, кийин бизди жөн койбойт, деген ойдо, эртерээк Сарымсакты Кудаяр ханга жек көрсөтүп, кутулуунун аргасы бир гана дарга тарттыруу” деп түшүндүрөт. Тажик дарбаза лашкарлары Сарымсактын жактоочуларына кирген убакта түн жамынтып, бир дарбазадан киргизип, качкан убагында дарбазалардын бардыгын ачып берүү жөнүндө Шатманга убадаларын беришет.

Шатмандын атасы Сарымсакты алып качуу боюнча алгачкы уюштурулган тымызын иши ишке ашпай кармалып калып, Кудаяр хан аны даргага тарттыруу ишин тездеткенге буйрук берет. Сарымсакты даргага тартаар күнү Шатман, тандалган куралдуу кырк жигити менен ордого кирип келип, Сарымсактын башын алганы жаткан айбалтачан баш кесердин башын кылыч менен кыя чабат. Ал жердеги ордодогу Сарымсакты колдогондор Шатманга ордодон качып чыгууга жардам беришет. Ордодо катуу кармаш жүрүп, Шатмандын жакшы куралданган жигиттерине ордодогулардын алы келбеди, ордодо Сарымсакты колдогондор көп. Качып чыгышкандардын артынан куугунчулар түштү, Чуска келгенде айыгышкан катуу салгылашта куугунчулар кыйроого дуушар болуп, артка кетүүгө мажбур болушту. Абдыкерим, эртеби-кечпи, менин жардамым баары бир билинип калат деп өзүнүн үй – бүлөсүн Ташкенге көчүрүп жиберип, Сарымсактар менен кошо баса берди. Сарымсактын качып келе жатканын угуп, бир убакта жакшылык көргөндөр, меймандап калат.

Ошондо Сарымсак “Атыңарга сак болгула! Бул жерге көпкө турууга болбойт. Эгер ичи бузук, кошоматчылар жагыныш үчүн ат чаптырып жиберсе, куугунчулар бат эле жетип келет. Андан көрө камынгыла, тез арада жөнөп кетели” деп аттанышат. Сарымсактын айтканындай, артынан сая түшүшкөн Чотур баш болгон куугунчуларга жеткирбей, Ала – Буканы аралап, Итагар ашуусун ашып түшүп, тынбай жүрүп отурушуп, Чаткалга келип өргүшөт. Аркаларынан кутумчулар Чотур баштаган лашкарларга Сарымсактын кутулуп кетиши, өлүм менен тете болгонун өздөрү жакшы билишкен. Кандай болбосун Сарымсакты кармап кетүү үчүн, кууп жүрүп отурат. Куугунчулар Чаткалдын ичи Афлатумдун аскасынын жанындагы Арпа Төктүдө жетишет.

Чотурга Сарымсак эрөөлгө чыкмай болот. Атасынын бир тууганы Сарыбай жетимиш жашка келгенине карабай эрөөлгө чыгууга белсенет. Сарымсактын ордодогу көргөн азабынан алигиче ал – күчүнө келе элегин байкап: – Ушу деп жүрсөк, Сарымсакты ажалга өзүбүз байлап бермек белек, эрөөлгө өзүм чыгам, – деп найзасын алып, ат ойнотуп ортого камданып калганда, кушчу Байтерек: – Сарыбай аке! Кийин элде сөз калбасын, арсыздар жоого чалын чыгарды дешип. Андан көрө айгашка мени салгыла! – деп, ак сакалдуу Сарыбайдын сакалын жыттагылап, элдин батасын алып, кырк жаштагы Байтерек Сарымсактын мыкты кара айгырын минип эрөөлгө чыгат.

Чотур экөө эки жактан бири – бирин качыра сала, ат тизгиндерин коё беришип, бир сыйра кагышып өтүштү. Экинчи качырышта Чотурдун аты мүдүрүлүп, оңкосунан кетти, Чотурдун колунан калканы ыргып, күйүккөндөн оозу ачылып калган чакта, Байтерек колкого найза урду. Найза Чотурдун желкесин тешип чыкты. Чотур баатыр ажал тапты. Байтеректи баары алкап, Сарымсак экөөн суу жээгине алып келишти. Сарыбай Сарымсак менен Байтеректин башынан суу айлантып, күн батышты көздөй чачып, көзүнө жаш алды.

Ошондо эки тарап тирешип калганда ортого Шатман чыгып: – Баарың илгеркиден калган салтты, наркты сыйлагыла, баатырлар! Аталардан келе жаткан баатырларды сыйлоо, даңазалоо салты бар! Баатыр эрөөлдө өлсө, кун менен куугун жок! Элди үндөп, бөөдө жоокерлерди кыргынга салбайлы! Кыйышып, кырчылдаган чакта душмандар баатырдык салтты туу тутушкан, эрөөлдө өлсө аза күтүшкөн, акылга келели! Силердин артыңарда ата-эне, катын-бала зар какшабасын, ушундайыбызда кызыл – кыргынга түшүп кан төгүшпөй, акыл менен тарайлы!! – дегенде, куугунчулар Чотурдун сөөгүн аттарына артып, азалап кайта артка кетишти. Сарымсакты ээрчиген канча деген ар уруунун жарандары жол жүрүп отуруп, Кара-Буура ашуусун ашып Талас жергесине, Сарымсактын туулган ата журту – Бекботонун коргонуна келип отурукташат.

Таласка келгенде жөн жатып албастан, тоо этектей арык каздырып, аскалардын асты менен тешкен – тоо жардырып, бош агып жаткан Кара-Бууранын суусун сугатка пайдаланат. Арча, карагай, талдарды кыйдырып жерге жаткырып, таш менен бастырып, чым чаптырып, арыкты абдан кенен, бийик, терең чаптыртат. Андан ары Бакайырды көздөй качанкы кылымдап жаткан какыраган талааларга суу чыгартып, жерлерди көгөртө эгин талаасына айландырды. Канча деген суу көрбөгөн жерлерди өздөштүрттү.

Мен Сарымсак датканы изилдеп, Таласка барганымда чөбөрөсү Зайнул Батырбек уулу жана Байтерек, Абдыкерим, Черибай жана Сарыбай датканын урпактары кошо жүрүп, Сарымсактын салдырган арыктарын көрсөтүп беришти. Мен ал жерлерди сүрөткө да тартып алдым. Ошол кездеги арчалардын, талдардын, карагайлардын өзөктөрү ушул күнгө чейин сакталып калган, кээ бир жерлерде ошол талдардын тамырларынан өсүп чыккан талдар ушу күндө да өсүп турат. Ошо кездеги салдырган арыгы кийин “Кара-Буура суу сактагычы” салынганга чейин деле ал жердин эли дыйканчылыкка сууну пайдаланып келгенине күбө болдум.

Азыр болсо ал арыктардын жанына жаңы цемент тайпактар ( лотоктор ) пайда болгону менен, дагы деле эл суу агызып пайдаланып жаткан экен. Сарымсак датканын ошо кездеги инженерлик жөндөмү жогору болгон экен. Анын элди, келечек муунду ойлой, алдын ала көрө билген инсан экенине ынандым. Мени менен кошо жүрүп айтып беришип, отургузган бак- дарактарын көрсөткөндөргө өзүнчө ыраазычылыкты билдирсем болот. “Сарымсак арыктын” узундугу 38 км жерге жетип, азыркы Аманбаев ( Грозный ) айылына чейин созулат.

Түз жерден тоо аркылуу алып чыккан аралык 11 км түзөт. Сарымсактын алысты көрө билген инженердик тубаса талантынын аркасында кошо чаптырылган арыктар “Сарыкул арыктан” Бакыян айылы суусун пайдаланса, “Каткан арыктан” жакын турган кытай уруусу суу алган. Ошентип ээн жаткан суу элдердин дыйканчылыгына жумшалган, алардын жашоо-турмушунун оңолушуна чоң пайдасын тийгизген. Ал жердеги элдин айтымында: Сарымсактын тушунда бир эл да жолу уруулук кагылышка барбай, ынтымакта жашап келген” – дешип эскеришти тарыхчы мугалим менен улгайган санжырачылар. Каздырган арыктары 1865 – 1868 -жылдарынын ичинде бүткөн экен.

Кокондон качып келгенден кийин 1863 – 1864 – жылдар ичинде Чүйдө Шабдандын элинде жашап, кайра Таласка келгенде жанагинтип зор ишти колуна алып бүтүргөнүн ошол жердегилер тарыхый чындык, бүтпөгөн сөзгө айлантып айтып жүрүшөт. Сарымсактын урпактары мага биринин артынан бири түгөнбөгөн маек куруп беришти.

Талас жергесинде багыш уруулары Кызыл Адыр, Бейшеке, Бакыян, Бакайыр, Кара-Буура, Чоң Кара-Буура айылдарында отурукташкан. Сарымсактын өзүнөн тарагандар ушу кезде 400 түтүнгө жетет, көпчүлүгү Чоң Кара Буурада орун – очок алып жашап, ошол “Сарымсак арыктан” суу ичишет.

Таласка келгенде, артынан канча деген багыш уруусу тууган издей көчүп баса берген. Сарымсак кийин Кокон хандыгына 1869 – жылы кайра чакырылат. Ал жерде кызмат кылып туруп, карыган кезде казак аялынан көргөн баласы Боксыпырдыкына кетип, Ташкенге жакын Бостондук деген жердин Жезалкан шаарында 1896 – жылы, 96 жаш курагында каза болот.

Кайнарбек БИЙЛИБАЕВ, «Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 09.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.