Өспүрүм сүрөтчүлөр арасында сынак жарыяланды

200796506_010-мартта Соода-Өнөр жай палатасы Шаңхайда боло турган «ЭКСПО-2010» көргөзмөсүнө коюлуучу сүрөттөр үчүн жаш өспүрүмдөр арасындагы сынак жарыяланды-деп билдирет Кыргыз экспозициясын даярдоо жумушчу тобунун жооптуу кызматкери Алия Молдалиева.

Анын айтымында  сынакка 12 жашка чейинки өспүрүмдөр катыша алышат. Алардын чыгармалары 3 топко бөлүнөт:

1. “Менин сүйүктүү шаарым” -аталышында тартылган сүрөт автордун Бишкек же өзүнүн жашаган  шаарын көркөм кооздук менен тартса болот.

2. Келечекте жашаган шаары кандай болушу керек. Анда өзүнүн жеке фантазиялык көз карашы менен сүрөт тартылышы зарыл.

3. “Жашыл шаар” мында өспүрүм сүрөтчүлөр шаардын экологиялык жактан канчалык таза экендиги чагылдырылыш керек.

Жеңүүчүлөрдүн чыгармалары «ЭКСПО-2010» көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильонунда коюлат. Көргөзмөгө келген расмий меймандарга белек катары берилип, анын авторлору  дипломдор менен сыйланат.

Ж.Жээналиева, “Кабар” МА, 10.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.