“Айтышта “агасына” тиш салган жаш төкмөлөр бар”

Кыргыз радиосу өткөн жылдан бери жаш акындар арасында айтыш уюштуруп келет. Бул жөнүндө радионун башкы редактору Зинакан Кайыпова айтып берди.

Зинакан Бекмуратовна, кыргыз радиосунун айтыш долбоору тууралуу кеп салып берсеңиз?
Бул республикалык “Айтыш” коомдук фонду менен кыргыз радиосунун биргелешкен долбоору. Ал 2009-жылдын 20-ноябрынан башталган. Демилге биздин радионун музыкалык редактору Чынара Итигулова тарабынан көтөрүлгөн эле. Өзүбүздүн жетекчилик менен чогуу кеңешип, акылдашып көрсөк, чындап эле бул идея ишке ашса көп жагынан мыкты натыйжа берчүдөй экен. Кыргыз ыр жандуу эл эмеспи, андыктан айтыштын угармандары көп. Ал эми биздин фонддогу буга чейинки айтыштар кайра-кайра кайталана берет. Анүстүнө улам мезгил өзгөрүп, жаңы темалар, аны ырдай турган жаш акындар пайда болот дегендей. Айтор, бул демилгени жетекчилик жана кыргыз радиосунун жалпы жамааты колдоп кошумчаланып жүрүп отурду. Бул маселени республикалык “Айтыш” коомдук фонду да колдоду. Алар бизге чейин эле машыгуу иретинде ич ара ар айдын жыйырмасында айтыш өткөрүп келишкен экен. Албетте, ал башка формада болгон. Азыр эки тарап келишим түзүп, эми ошол ар айда өтүүчү айтышты УТРКнын концерттик залында көрүүчүлөрдүн, угармандардын назарына коюуга макулдашып, буюрса учурда бул иш жолго коюлуп калды.

Айтыш өтөт десе эле баш байге алуучуга автомашина берилгенин элестете беребиз. Сиздер өткөргөн айтыштын жеңүүчүлөрү кандай сыйлык алууда?
Башынан айта кетейин, ар айдын жыйырмасында өтүүчү айтыш – төкмөлүктүн мектеби. Андыктан биздеги айтышка өлкөбүздүн булуң-бурчунан төкмө болууну көксөгөн жаш таланттар келип, төкмөлүктүн жол-жобосун Амантай, Аалы, Азамат сыяктуу агаларынан үйрөнүп, алар менен ээрчишип сахнага чыгып, айтышып такшалат. Ырас, стимул болуш үчүн сыйлык алып турган да жакшы. Биз деле жеңүүчүлөрдү ырымдап коебуз. Бирок ал жар сала турган сумма эмес. Бул маселени “Айтыш” коомдук фонду менен кыргыз радиосу биргеликте чечет.

Таймаша тургандар кантип аныкталат?
“Күч атасын тааныбайт” дейт кыргыз. Биз деле ушул өңүттөн карап иш алып барабыз. Башкача айтканда, катышкан акындар белгилүүлүгүнө же белгисиздигине карап тандалбайт. Чүчү кулак боюнча кимге ким туш болсо айтыша берет. Бул өзүнчө кызык, кээде такшалып калган акынга жаңы сахнага чыккан боз улан туш болуп калат. Жаштар курч болот эмеспи, алардын агаларына тиш салып, эркелегенине күбө болуп көрүүчүлөр менен бирдикте тамашага батабыз.

– Төкмө акындарыбыз саналуу эле. Алардын катышуусу кандай болуп жатат?
– Биринчи айтышыбызга беш-алты эле акын, анча-мынча көрүүчү катышкан. Күн өткөн сайын айтышка катышкан акындардын жана ага кызыккан көрүүчүлөрдүн саны арбып баратат. Мисалы, акыркы үч айтышыбызга Элмирбек, Жеңишбектен башка 18-19 төкмө акын катышып, залга эл батпай калды.

– Баса, кирүү акысы канча?
– Бекер. Атургай айтышка келдим деген аксакалдарды кыргыз радиосунун ар бир кызматкери ээрчитип барып залга киргизип, отургузуп коет. Кышкысын зал суук болсо да беш-алты саатка созулуп кеткен айтышта көрүүчүлөрдүн бирөөсү да чыгып кетпей, акындарды коштоп, колдоп турганын көрүп ыраазы болобуз. Канткен менен өнөр сыйлоо кыргыздын канында бар эмеспи.

– Өткөрүлүп жаткан айтыштар кандай темаларды камтыйт?
– 2009-жылдын акырындагы айтыш Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 80 жылдык мааракесине арналды эле. Жыл башында бекиткен медиа планыбызда алдыдагы айтышыбызды залкар төкмөлөрүбүзгө арноону чечкенбиз. Мисалы, 20-январда Кыргыз Республикасынын эл артисти Ашыраалы Айталиевди, 20-февралда СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Казакстандын калк акыны, төкмө Эстебес Турсуналиевди эскерген чоң айтыш өткөрдүк. Буюрса, 20-мартта Кыргыз Республикасынын эл артисти Тууганбай Абдиевди, 20-апрелде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, төкмө Токтосун Тыныбековду эскерген айтыш өтөт. Ал эми 20-майда төкмө Майра Керим кызын эскерген эл аралык айтыш өтөт. Учурда жетекчилик бул маселе боюнча тийиштүү жерлер менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Айтыштарды радиого жаздыруу кандай жүрүп жатат?
Азыр техника жетиштүү, мурдагыдай пленка жетпей жатат дебейбиз. Өткөрүлүп жаткан айтыштардын ар бири санариптик ыкмада жаздырылып, монтаждалган жана баштапкы вариантында компьютерде жана дискте сакталып коюлууда. Айтыш өнөрү кийинки учурда кайра жаралуу дооруна туш келди деп жүрүшпөйбү. Биздеги сакталган кийинки айтыштар атайын изилдөөчүлөр үчүн табылгыс материал, улутубуз үчүн көөнөргүс маданий мурас болуп калмакчы.

Бул айтыштарды кыргыз радиосунан кайсы учурларда угууга болот?
Күн сайын.

“Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.