Чолпон Жакыпова, “Ордо Сахна” театрынын директору: “Кыргыз музыкасы – көңүл таңы”

“Ордо Сахна” фольклордук- этнографиялык театры 1990-жылдары Шамил Жапаров тарабынан негизделген. Бул театр үч ай мурун, декабрь айында өзгөчө жаңы программа менен көрүүчүлөргө концертин тартуулоо менен элдин суктануусуна, бийик баасына татыды. Бирок, алардын чыгармачылыгындагы түйшүк, далалат, изденүү көйгөйү мамлекет тарабынан көзгө алынбаганы өкүнүчтүү.

– Чынара айым, кыргыз музыкасынын фестивалын элге тартуулоодо театр кандай даярдык менен келди?
– Буга чейин жеке концерт берип келгенбиз, ал эми бул жолкусун чоңураак масштабда уюштурдук. “Кайберен” деген аталышта жаңы программадагы презентацияны иштеп чыгып, көргөздүк. Бул программаны 4 жыл даярдадык. Мында унутта калган архаикалык эски ыр-күүлөр, элдик дастандар архивден алынып, кайрадан иштелип чыкты. Эл уга элек эски чыгармаларды жаңы дем менен, жаңы программада тартууладык десек болот. Буга чейин популярдуу фольклорду фольк-джаз стилинде өз чыгармачылыгыбыз менен иштеп чыгып, элге чыгып келгенбиз. Ал эми архаикалык музыкалык үндөрдү кайрадан иштеп калыбына келтириш үчүн биздин коллектив бир топ байыркы аспаптарды үйрөнүүгө туура келди. Элибиздин архаикалык байыркы күүлөрүн бериш мүмкүн эмес эле, анткени союз убагында жана андан кийин жыгач ооз комуз, керней, сурнай унутта калып, чертилбей келген. Кыргызстанда ойнолушу оор бул аспаптарды черткен кишилер дээрлик жокко эсе эле. Мына ошол себептен улам, мисал үчүн, жыгач ооз комузду өздөштүрүп үйрөнүүгө эле 6 жыл кетти. Жогоруда саналган аспаптарда ошол эле чогойно чоор, жыгач ооз комуз, сурнайда ойной билген бирден-бир устаттардан болгон жалгыз Нурлан Нышанов эле. Мына ушул кишинин аракетинен улам биздин коллектив байыркы унутта калып келген аспаптарды 6-7 жыл ичинде үйрөнүп, чеберчиликке жеткире өздөштүрүштү. Көпчүлүк музыканттарыбыздын билими консерваториянын классикалык аспаптарына негизделгендиктен, бардыгыбыз кыргыздын эски элдик музыкалык аспаптарын өздөштүрүүгө бир топ аракет жана убакыт жумшадык. Мына ушул аспаптарда Кыргызстан боюнча биздин театр гана чеберчилик менен ойноп келет. Жыгач ооз комузду өлкө боюнча болгону 10го жакын киши гана өз деңгээлинде мыкты билет. Эски элдик музыкалык аспаптарды өздөштүрбөй туруп, биз архаикалык байыркы музыканы репертуарыбызга алалмак эмеспиз.

“Ордо Сахнаны”, мындайча айтканда, музыкалык лаборатория десек болот. Анткени биз эксперименталдык аракет менен бир топ нерселерибизди кайра тирилтип алдык. Талыкпаган чыгармачылыгыбыз бизге көп мүмкүнчүлүктөрдү ачып берди. Бизди эч ким артыбыздан түртмөлөп, жетелеген жок, баарыбыз өз эркибизден, каалообузга жараша ээн-эркин, чоң дилгирлик менен иштеп келе жатабыз.

– Кыргыздын музыкалык аспаптарынын ичинен добулбастын магиялык чоң күчү бар деп айтылып калат, ошол аспапты калыбына келтире алдыңарбы?
– Коллективди түзүп жатканда добулбас боюнча адис жок эле. Эң бир көйгөйлүү маселе – добулбастын өзү болду. Анын салттык жасоо технологиясы унутулгандыктан, калыбына келтириш абдан оор ишке айланды. Ойногон чеберлерибиз жок экен. Болгону, убагында Ташкенттин консерваториясын бүткөн Сураган Назаралиевге гана кайрыла алдык. Анткени ал киши музыкалык аспаптар боюнча бирден-бир жалгыз чебер адис эле. Сураган агабыздын ошондогу жасап берген добулбастарында 3-4 жыл ойноп келдик.

Убагында Манас бабабыз Бээжинге аттанганда сан миң аскерин баштап, душмандын жүрөгүнүн үшүн ушул эбегейсиз зор добулбастар, керней-сурнайлар менен алган эле го. Добулбас согуш өнөрүнүн ажырагыс куралы болгон. Мындан сырткары добулбастар кабар берүүчү каражат, коммуникациянын ролун ойноп келген эмеспи. Албетте, добулбастын үнү кабардын мүнөзүн да аныктаган. Союз убагында көптөгөн аспаптардын салттык жасалуу жолу атайы унуткарылып келген, бай казынабызды акырындап жоготуп келгенбиз. Добулбастардын жасалуу принциби окшош болгондуктан, биз африкалык стилдеги, антилопанын териси тартылган добулбасты колдонуп жатабыз. Үйлөмө асапаптарыбызды тирилтип, аларга жаңы жашоо тартууладык, бирок добулбас дагы да болсо толугу менен калыбына келе элек. Ушул аспаптарды калыбына келтирүүдө мамлекеттик деңгээлде атайы бир мастерской ачылып, жогорку деңгээлде колго алынса болот эле да. Тилекке каршы, бизде андай эмес. Бийик энтузиазм менен иштеген Сураган Айдаралиевге окшогон чыныгы чебер адамдарыбыз ным баскан жер төлөлөрдү айла жоктон ижарага алып, чыныгы музыкалык чеберчилик үчүн өмүрүн арнап жатышат. Улуу адамдарыбыз кайталангыс бийик чыгармачылыгы менен көңүл борборуна алынбай, тирүүсүндө баркталбай кала берет турбайбы. Болбосо, килейген филармониянын ичи, ресторан, түнкү клубдарга берилип, минтип мамлекеттин абалын да чагылдырып жатат. Көрдүңүзбү, бир караган кишиге жакшы көрүнгөнү менен, жашообузду улуу маданиятыбыз эмес, керектөөчү коомду пайда кылган акча, жеке кызыкчылык сыяктанган терс баалуулуктар тескеп жатат.

– Көчмөндөрдүн музыкасы сизди эмнеси менен таң калтырат?
– Философиясы, тереңдиги жана муундан муунга устат-шакирт принцибинде өтүп келген байыркы дух менен тирүүлүктү байланыштырган купуя сырдуулугу менен. Көчмөндөрдө музыка жашоо образына айланып тирүү жашаган. Анткени арыз- муңун, кубаныч-сүйүнүчүн жалаң музыкалык кайрыктар менен билдирип, ыр-күүлөр тилдин ролун ойноп, таасири абдан күчтүү болгон. Биздин музыкабыздын энергиясы күчтүү келет. “Кайберен” долбоорубуздагы 200-300 жыл мурунку эски күүлөр өтө чоң көңүлдү талап кылат, мындай күүлөрдүн ичине батып, жашап чертиш керек. Мына ушул элибиздин бай музыкалык дүйнөсүн кайра жандандырып, даярдап алып чыгыш үчүн 10 жыл эмгек кылдык. Кыргыз музыкасы – асыл аруулуктун тунук үлгүсү, дилден чыккан мээрим, көңүл таңы. Ал ардайым жүрөктөргө жылуулук алып келчү, камкор, колдоочу күч!

Биздин максатыбыз кыргыздын музыкасы аркылуу адамдардын жүрөгүнө жетүү, көкүрөккө жылуулук, жарык тартуулап, мээримге алып келүү. Ушул багытта музыканын орду абдан чоң. Ал эми көчмөндөрдүн музыкасы айтып бүткүс, чексиз мейкиндикте жашап келген көчмөндөрдүн байыр алган мекениндей бир кучакка толгус, ошондой кенен жана бир сырдуу. Өзүбүздүн жан дүйнөбүздүн жаңырыгынан чыккан ыр-күүлөрдү угуп, ошол ыргактар менен термелип жашап турсак, анан кантип биз кыргыз болуудан калабыз, кан-жаныбыз менен дембе-дем бир болсок, анда биз түбөлүктүүбүз!

«Көк Асаба» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.