Таттыбүбү Турсунбаеванын мааракесине карата календарь чыгарылды

tursunbanvaКыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын мааракесине карата агасы Нуркан Турсунбаев анын автордук календарын чыгарды, деп маалымдайт Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент).

Календарда театр менен кинодогу Таттыбүбү Турсунбаеванын бардык кейипкерлери, ошондой эле таланттуу актриса жөнүндө белгилүү инсандардын, анын ичинде көрүнүктүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун эскерүүлөрү чагылдырылган.

Календарларды сатуудан түшкөн бардык каражатты Нуркан Турсунбаев юбилейлик иш-чараны өткөрүүгө жумшайт.

Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылдын 12-июлунда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Ал 17 жашында Ташкенттеги Театр институтунун актердук факультетине өткөн. Институту бүтүргөн соң 1966-жылы анын чоң искусстводогу жолу Кыргыз Мамлекеттик академиялык драма театрынын сахнасында башталат. Бир эле мезгилде ал кинодо дагы көп жана жемиштүү иштеген. Т.Турсунбаева «Салиманын ыры», «Тил алчаак», «Саманчынын жолу», «Ак-Мөөр», «Уркуя», «Ак куулар учуп келишет», «Атадан калган туяк», «Сүйүү жаңырыгы», «Кызыл алма» фильмдерине тартылган.

“Кабар” МА, 13.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.