Айнагүл Базарбаева

Лейлек районунун Булак-Башы айылында 1972-жылы 24-майда туулган.

1989-жылы Булак-Башы айылынан орто мектепти, 1994-жылы Бишкектеги И.Арабаев атындагы педагогикалык университетинин, Филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн аяктаган.

Андан кийин республикалык гезит-журналдарда журналист, Ош шаарында жана Кара-Суу, Лейлек райондорунда мугалим, Лейлек райондук «Ата журт» гезитинде бөлүм башчы, Лейлек райондук теле көрсөтүү жана радиосунда редактор, 2003-2005-жж. Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын басма-сөз катчысы, 2005-жылдын март айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы болуп эмгектенген.

Ал 1998-жылы Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болгон.

2005-жылы республикалык жаш акындардын арасында уюштурулган «Алыкулдун ак боз аты» фестивалынын лауреаты болгон.

2005-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Уикипедиядан алынды

 

Айнагүл Базарбаева жана анын чыгармачылыгы тууралуу

“Чыгарма — адамзатты жакшылыкка тарбиялайт”

 

Ырлар

1-КЛАСС КЕЗИМ…

Сыянын жыты келип мурунума,
Биринчи класс кезим эске түштү.
Баракка башым коюп уктап калып,
Сыянын изи болсо бетке түшчү.

Окучум энем айткан “мударистей”,
Ар дайым “4”, “5” алган ударникмин.
Сабакты окуй албай үйгө кетип,
Калуудан абдан коркчум мугалимден.

Канчалык окусаңда, кара казан,
Кармайсың, кыз баласың наалып калып.
Жакамды кадай албай кыйшык тагып,
Чоң энем калган эле абдан карып.

“Ж” деген жылдызга окшош тамга экен деп,
Чоң атам жадыбалдай жаттатканы.
Эсиме түшүп недир… Ыр жазып олтурамын,
Мурунума сыянын жыты келип…

 

* * *

Жан дүйнөм кетти делбиреп,
Жан кайып болсом нээктен.
Жете албай жүрөм деңизге,
Жел кайык толкун жээкке.

 

* * *

Жан дүйнөмдү бир бөтөнчө шаңы менен аралап,
Шаңшып өттү шайыр добуш домбура.
Күүдөн көрдүм, казак анан, кызыл көйнөк кең далаа…

 

АЯЛ АКЫН

Саксайып чачтары да таралбаган,
Түшүнөн чочуганбы аял акын.
Каргалар кык чокуй элек туруп алып,
Ай жылдап да белендеп туруп алып.

Көңүл кушун ээлеп күү ыргагы,
Негедир бирок жаза албаган.
Бир ырын бүгүн жазып,
Төшөгүнүн жээгинде калем, кагаз.

Же бир шарт жок үйүндө мурункудай,
Сүкүт салып, ойлонуп келип илхам.
Жанын берип, жан салып жалгыз ырга,
Аял акын олтурат жаны ырдан.

 

ЖЫЛУУЛУК

Карегиңе кадалганда карегим,
Кетээр эле кирпигиңде кар эрип.
Бар эле го, айтып бүткүс жылуулук,
Кеп-сөздүн да эң жумшагы, данеги.

Угулчу үн кулактарга шыбырап,
Жамгыр дагы жаачу бизге дыбырап.
Шашып деле бассак болчу анда биз,
А басканды жакшы көрчүк кыбырап.

Сезимиңди козгочу эле сөйкөмдүн,
Сага гана угулган бир шыңгыры.
Кызыл гүлдүү көйнөгүм да көйкөлүп,
Ашык демин сезип турчу чыныгы.

Аба салкын, айлуу түндө басчу элек,
Жалаң гана арзуу ырын жазчу элек.
Ачык-даана айта албай сезимди,
Уяң мүнөз көөдөндөргө катчу элек.

“Жаңы гана өрүк гүлүн ачканда,
Сенден мага өтүп турду жылуулук”-
деген ырды ырдачу элек жүрөктөн,
Жаап турса а көчөдө кар улуп.

Кар да бизге майин-майин себелеп,
Шамал деле, суук деле үшүтпөй,
Калкалачу жолукчу жай “Теректер”,
Өң гана эмес, таттуу-ширин түшүмдө.

Айтор бизге айлана бүт жылуу эле,
Түндүк дагы, түштүк дагы, батышы.
Качан болсо жуп эгиздей бир эле,
Дүк-дүк эткен жүрөктөрдүн кагышы…
12.10.2016

 

ӨЧҮРГҮЧКӨ АЙЛАНГАН КЕЗИМ

Кечиргиле досторум,
Токчулуктун айынан, жокчулуктун айынан,
Көңүл бурбай калдым кээде силерге.
Токчулукта жүрдүм аттай секирип,
Адам деген жылкы мүнөз дедирип,
Анда силер эске келбей эсирип…

Жокчулукта бир кагазга кул болуп,
Издегеним силер эмес пул болуп.
Өйдө тартып, ылдый тартып кемтигим,
Кыйын болду көңүлдөргө жеткириш.

Кабарлашпай кетсем кээде дос-тууган,
Адам беле?- дешип, көбү кол жууган.
Ошондо да кендир кескен жоктук ай,
Жолдорумду жеткиришпей көп бууган.

Кантсем деле баары билем, пенделик,
Кайра-кайра ката кетчү пендемин.
Ката кетип, ката оңдоп түзөөчү,
Өчүргүчкө айланган бир кездемин.

 

БАЛА ЧАК

Тыт башында балапандай олтурган,
Оозу-башым кызыл-сары,карала,
Түшөт эске бала чагым.
Баласындай карганын,
Болсом деле, энем айтчу аппагым…
Ширин эле ал тыттар,
Кызыл эле алчалар,
Жийде жыты бур-бур этчү эх, жыпар.
Шагы ийилген алмалар,
Шабдаалылар,бийилер,
Турчу баары ийип эй,-
Торпогуну тойгозчу бир уйлардай,
Данегинен сүт чыгарган бадамдар.
Берекелүү , белен- бейиш багындай,
Ширин эле,таттуу эле ал жылдар,
Куса болуп апакемди издеген,
Мага баары апа эле, эмизчүдөй эмчегин,
Мээрим төгүп турчу, аалам, табият,
Алла Таалам кааласам,-
Кыялымда ак булутка олтургузуп коюучу,
Бала кезде асмандарды каалагам.
Бийик-бийик болуу үчүн.

 

“МЯГКИЙ ЗНАК”

Ушакчынын уу сөздөрү,
Чагымчынын чакканы заар,
Башыма чагылган жаңгак сымал,
Келаткам эңги-деңги бүт ойлорум,
Жок болуп аячу адам. Токтодум. Аялдама.
Каттамдар өтөт-кетет, улам-улам,
“210”, “215”, “118”, “110” дагы..
Жазылыптыр бирөөсүндө “болница”деп,
Жок экен, “мягкий знагы”.
Кесиптик адат менен ката дедим.
Чарпылып ары-бери, мен кимге азар бердим?!
Турмуштун мушун жедим, азап чектим.
Бул жашоо жалган экен, жалган экен,
Көрсө, эчак, эчак эле…
Турмуштун “мягкий знагы” түшүп калган экен…

 

ТУРМУШТА…

Жибек куртундай кубарып,-
Пилланын ичинде туңгуюк калдым,
Оозумдан үзүлбөс жибек чубуруп,
Өзүмдү-өзүм көп ороп-чулгадым…
Мен эми канаттуу болуп чыңалдым.
Көпөлөк болуп чыгалдым.
Эми…Эмиби?!
Канатым менен учамын!..
Жибек пилласынын ичинен,
Курт өлүп, канаттуу болуп чыккан сыңары,
Кайра бир жаралып чыгамын,
Анткени мени,- турмуш чыңады!…

 

* * *

Жолукканбыз түш оой гана тартып,
Тагдыр кошкон тобокел айры жолдон.
Өткөн күндөр өкүнбөйм, кайыр кош бол,
Кудай кошсо, таптакыр айрып болбос.

Эми бирге бир жолго түшүп алдык,
Көпүрөдөн солкулдак баратабыз.
Теребелди караймын күзбү-жазбы?
Дөңгөлөгү эскирген арабабыз,
Биз тагдырга баш ийип баратабыз…

 

ЖАЗ

Балалыктын өткөөл мезгилиндей,
Жаз да келди чечип алып өтүгүн.
Кел, дедим да ачып койдум эшигим,
Тар бөлмөмө жаздын жытын көчүрүп.

Жайнап-күлүп жадыраган жаз келди,
Бактылуудай сезип калдым өзүмдү.
Бал аарыдай жыттап коюп, олтурам,
Жыпар жытын керемет ак өрүктүн.

Ойго келди өткөөл курак мезгилим,
Бирде күлгөн-бирде ыйлаган жаз сымал.
Мезгил өттү, карачы ээй тездигин,
Өрүктөрдүн арасына жашынган.

Элбе-делбе эси жоктой жазгы маал,
Сенин мага жазган сүйүү кат сымал.
Сезимдерди алмайы бар элиртип,
Акылыңды уурдай коюп башыңдан.

Жазгы желден учуп келди делбектеп,
Апапакай, апапакай ак гүлдөр,
Жообу жок каттарыңды эстеткен,
Балалыктын өткөөлү эле ал күндөр.

Ал кезекте өрүктөр да ак эле,
Биз өрүктөй “апапакай” бала элек.
Горо байлап, душман көзүн кызартып,
Турмуш “муштун” ташы “тарс”деп ала элек…
2015-ж.

 

* * *

Журтуң да жаным, журтумдан алыс,
Мен чөлдүн кызы, сен тоолук жигит.
Улакка түшкөн аттардын сырын.
Саяпкер сымал турасың билип.

Уккансың тыңшап улардын үнүн,
Мен сага тунук булакмын бүгүн.
Талаадан учкан торгоймун сайрап,
Тыңшачы бүгүн талаанын үнүн.

Сан түркүн болот талаада гүлдөр,
Аптабын табын алышкан күндүн.
Жыттагын жаным, аярлай үзбөй,
Талаада өскөн мен кызыл гүлмүн.

 

* * *

Жолугушуу узап кетти арадан,
Кечиккенге кечир дейсиң жан биргем.
Сүйүүгө да ойлуу тартып баратам
Айтсаң болду “кечир” сөздү чын дилден.

Таарыныч да, сагыныч да сезилип,
Жолугушуу балким жакшы кечигип,
Калган ырас жалын сымал куракта
Түшүнбөстүк, элбе-делбе эссиздик.

Жалын-өрттү дене бойго жашырып,
Калкалаймын жайнап турса жамалым,
Жан-дүйнөмдү түшүнүүгө карагым,
Тайыз эмес, тереңирээк карагын.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.