Эсенгул Ибраев устатым эле

Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Эсенгул Ибраев бүгүн 16-мартта 77 жашка чыкмак.

Анын кыргыз адабиятына, поэзиясына кошкон салымы зор экендигин адабиятчылар, сынчылар белгилеп келишет. 2003-жылы жарык көргөн “Насыят” ырлар жыйнагына 2006-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ыйгарылышы мунун таасын далили десек жаңылышпайбыз. “Ар дайым Эсенгул акындын ыр дүйнөсүнө жолукканда какыр чөлдө чаңкап турганда таза, мөлтүр, туптунук булакка жолуккандай, руханий дүйнөмдүн суусунун кандырууга далбас уруп, ыр китебиндеги поэтикалык саптарды ач көздүк менен ууртумдан куюлтуп, төгүп-чачып, аптыгып “жутам” деп жазат белгилүү адабиятчы Лайли Үкүбаева эжебиз. Ал эми жазуучу, окумуштуу Бейшебай Усубалиев агайыбыз акын Эсенгул Ибраевдин “Насыят” китеби анын поэзиясындагы жаңы бийиктик, кыргыз поэзиясындагы жаңы барак” деп белгилейт. Акын жөнүндө адабиятчылардын, сынчылардын айтаар сөзү, изилдөөлөрү али алдыда. Себеби, анын чыгармачылыгы бир туруп тилге жатык жупунулугу, бир туруп философиялык тереңдиги менен, мейли сынчыбы, мейли жөнөкөй окурманбы, кимди гана болбосун өзүнө тартпай койбойт.

Мен Эсенгул агайым жөнүндө жазууда жаңылык ачып жибере албасымды билем, анткен менен, агайым тууралуу менин дагы айта турган сөзүм жок эмес. Биринчиден, мен аны журналистикадагы жана адабияттагы устатым, чыгармачылыктын ой -кырларын, поэзиянын түркүн-түстүү сырларын үйрөткөн мугалимим катары урматтайм. Эгер бир адам башка бирөөнүн тагдырын өзгөртүп коё алаары чын болсо, анда Эсенгул агайым менин келечегиме таасир эткен жакын адамдарымдын бири. Ал менин журналистикадагы, поэзиядагы биринчи кеңешчим, нускоочум жана сынчым эле. Экинчиден, ал адам катары мен үчүн өтө ыйык. Анын ырлары Ата журт, эл, жер үчүн кандай күйүп-жанып турса, ал адам катары да, дал ошондой күйүмдүү, боорукер жан болчу. Бир арманым ушу агайдын көзү тирүүсүндө көп ойлорун, кеңештерин алып калбаганым. Антсе да, мен Эсенгул агайымдын ырларын, публицистикалык ойлорун кайра-кайра талыкпай окуу менен жеке турмушума, чыгармачылыгыма көптөгөн пайдаларды алып келем. Улуу акын, пакиза адам жана чебер устат Эсенгул агайым жөнүндө көбүрөөк жазам деп жатып, эби жок мактап жиберип, анын асылдыгына, адамдыгына жана акындыгына көлөкө түшүрүп алуудан чочуп турам. Ошондон улам устатым жөнүндө айтылуучу улуу сөздү кийинкиге калтырууну чечтим.

Заирбек Бактыбаев, «Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.03.2007-ж

Ойлон, кыргыз!
Кылымдарды, кырчып келген,
Кылыч болуп курчуп келген,
Бирде албуут дайра болуп,
Бирде үптөй тынчып келген,
Зомбулуктан кутулам деп,
Согончогун жыртып келген,
Соо келалбай сылтып келген,
Боорум кыргыз,
Боорум кыргыз!

Төбө чачын жулган кыргыз,
Төрт аяктап турган кыргыз,
Төрөлөрү элин тоноп,
Төбөсүнөн урган кыргыз,
Төрт бөлүнүп турган кыргыз,
Курган кыргыз,
Курган кыргыз!

Адебиңди сакта, кыргыз,
Абийириңди сатпа, кыргыз,
Жаштарыңан ыйман кетип,
Жан дүйнөсү ачка кыргыз,
Жаман жолго баспа, кыргыз!

Билерманы бээ де десе,
Беркилери төө деп турган,
Күлтүңдөгөн залимдери,
Момундарын жөөлөп турган,
Кара жемсөө жегичтери,
Казынадан өөнөп турган,
Аксымдары чектен чыгып,
Акыйкатты көөлөп турган,
Алда кандай күн болот деп,
Арык уйдай мөөрөп турган,
Курган кыргыз,
Курган кыргыз!

Жан айласын табалбаган,
Жардам күтүп карайлаган,
Эрме чөлдө жүргөн жандай,
Эки жагын алаңдаган,
Каш кабагы салаңдаган,
Эрендери элин бакпай,
Жанын багып жалаңдаган,
Курган кыргыз,
Курган кыргыз!

Салтың кана
Сар каймактап уюп турган,
Канга сиңген наркың кана,
Калк кадырлап тунук турган,
Кандай заман башка түштү,
Алдуулары күлүп турган,
Алсыздары улуп турган,
Күчтүүлөрү күлтүлүңдөп,
Күчсүзүнөн жулуп турган,

Түштүк жагы түндүгүнө,
Сарбагышы Бугусуна,
Саяктары Кушчусуна,
Кымыз сунбай кылыч сунган,
Курган кыргыз,
Курган кыргыз!

Калк ажосун ээрчий албай,
Канат күүлөп телчий албай,
Эгеменге түшүналбай,
Эркиндигин күтүналбай,
Орто жолго конуп турган,
Олку-солку болуп турган,
Татаал кезде тагдырларын,
Таразага коюп турган,
Өзгөлөргө эрип турган,
Өзүн-өзү жерип турган,
Ыйкы-тыйкы болуп турган,
Ыркка келбей тоңуп турган,
Атка минген акимин кой,
Үйдө жаткан телпекбайы
Саясаттын терисинен
Бир бучкагын чоюп турган,
Кайран кыргыз,
Кайран кыргыз!

Түндүк, түштүк болуп алган,
Түркөйлөрү толуп алган,
Бири бугу, саяк болгон,
Бир бирине таяк болгон,
Биригүүнү оозго албай,
Бөлүнүү деп талап койгон.

Жан тартканды агам деген
Жарма сунса тагам деген,
Өзөгүндө курт болсо да,
Өз айгырым салам деген.

Менин чүкөм консун деген,
Менин чыным толсун деген,
Өөгү түшүп турса дагы
Өз кочкорум болсун деген,
Менин ишим жүрсүн деген,
Менин оозум күлсүн деген,
Мейли кандек, мейли бульдог,
Менин итим үрсүн деген,
Чоңдору көп чочоңдогон,
Чогоол сөздөн бошонбогон,
Алай жакты Анжыянга,
Макмал жакты Маргалаңга
Кошолу деп тантыраган.
Тантырактын сөзүн укса,
Кагып койбой калтыраган,
Кайран кыргыз,
Кайран кыргыз !

Бир камчынын сабы болуп,
Бир сабактын даны болуп,
Бир тамырдын каны болуп,
Бир дененин жаны болуп,
Бөлүнгөндү бөрү жээрин билип кыргыз,
Ынтымакка бирик, кыргыз,
Ынтымакка бирик, кыргыз!
Күнү жарык алды жактын,
Мансап бакпай малды баккын,
Манчыркабай данды баккын,
Оозуң менен орок орбо,
Кетмениңди алып колго,
Кементайыңды салып жонго,
Эртеңкиндин камын ойло.
Жетем десең жерди тырма,
Жеңишиңе кесир кылба.
Эмне жетсин жер чийгенге,
Саясатты бер билгенге,
Бузукунун тилин алба,
Куйтуларга кулак салба,
Эл башчысын ээрчип алып,
Эмгектебей телчип алып,
Тейитбегиңди теске салып,
Абыкеңди эпке салып,
Көбөшүңдү жонго салып,
Көралбастыгыңды көргө салып,
Мансапкорго таяк болбой ,
Тынай, Кушчу, Саяк болбой,
Уруу болбой улут болуп,
Ынтымакка угут болуп,
Кыргыз болуп, Кыргыз болуп,
Бешенеңе жылдыз конуп,
Нарк, насилиң бийик, кыргыз,
Абалыңды билип, кыргыз,
Акылыңа кирип, кыргыз,
Бир максатка бирик, кыргыз,
Бирик, кыргыз,
Бирик, кыргыз,
Бирик, кыргыз!

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.