Касым Тыныстанов

(өмүр ирмемдери)

Касым Тыныстанов 1901-жылы 10-сентябрда касиеттүү Ысык-Көл кылаасындагы Чырпыкты кыштагында кедейдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Атасы Тыныстан араб тамгасында анча-мынча окуп, кат сабаты жоюлган адам болгондуктан Касым 7 жашка чыкканча эле араб тамгасында окуу-жазууну үйрөтүп койгон. Андан кийин Касым Байсорун кыштагындагы (азыркы Ананьево) сарт мектебинде үч-төрт жылы окуйт да, 1912-жылы Касымды атасы Тыныстан Каракол шаарындагы орус-тузем мектебине орноштурат. 1916-жылга чейин Касым ал мектептин үчүнчү классын орус тилинде бүтүрөт.

Арт жагымды карасам,
Агарып көлүм көрүнөт.
Ысык-Көл сени самасам,
Акылым санга бөлүнөт.
Алда бир орус төрөм ай!
Мен качан Ысык-Көлдү көрөм ай!

Баратке мыйзам билбеген
Айла барбы кытайга,
Кыздарды сатып нан жедик,
Жарты путтан буудайга.
Алда бир орус төрөм ай!
Мен Ысык-Көлдү качан көрөм ай!
– деп, туулуп-өскөн Ата-Мекенин сагынып, зар какшап ыйлаган кыргыз элинин ушундай зарлуу ырлары менен Касым ал кезде сөзсүз кабардар болгон.

Касым да 1916-жылдагы үрккөн эл менен бирге Кытай жерине качып барып, ачтан өлүп, суукка тоңуп кыйналып, зар какшап ыйлаган кыргыздардын арасында болуп, алардын муңдуу ыйын укту.

1918-жыл. Ак падыша тагынан кулап, көлдө жаңы турмуш орноптур деген кабарды угуп, Касым ошол эле жылы качкын кыргыздар менен бирге Көлгө кайтып келет. Бирок, ал дароо эле туулуп-өскөн Чырпыкты айылына барбастан, Көл башындагы таякелеринде – Тепкеде бир жылы туруп калып, 1919-жылдын жазында таякелеринин буурусун сокосун кармайт.

Колумда дөөлөтүм жок, жонум жука,
Быйыл жаз соко айдадым сонундукка.
Арам өлгөн ит унаа баспай койду,
Куулугу чакадан чоң күрөң бука,
– деп, өгүздүн башын кармаган жигитти тамашалайт. Касым эл ичиндеги кыз оюндарына үзбөй барып турат.

Карарып көзүң моймолжуп,
Калыпка тартып койгонсуп.
Кайгыны башка не салдың?
Караңгы түндө ойготуп.

Сүзүлгөн көзүң моймолжуп,
Сүрөткө тартып койгонсуп.
Түйшүктү башка не салдың,
Түндө үч убак ойготуп.

Эки бетиң албырып,
Алманын кызыл гүлүңдөй.
Самсаалаган саамайың
Тоту куштун жүнүндөй,
– деп сүйүү жөнүндө ырларды жаратат.

1919-жылы Каракол уездинде милициянын уездик начальниги болуп турган Садыбакас Ысмайылов деген таякесинин жардамы менен Ташкент шаарына окууга кетип, андагы казак-кыргыз институтуна кирет. Ошондо он сегиз жашта эле.

Сулк жатууга жүрөк жанып койбой тур,
Бура кысып заман чиркин болбой тур.
Жаш да жетти, иш да жетти иштөөгө,
Көз коркунчак, көөдөн – тайыз оңбой тур.

Түпкү максат чын чыгарын билемин,
Ишенемин, кат- кат касам беремин.
Мезгил жетип, кулач урбай мухитке,
Он сегиз жаш бекер өттүң күйөмүн!!
– деп, окуу окубай он сегиз жаштын талаага кеткенине кайгырат, бирок он сегиз жашы текке кетсе да, акыры түбү илимдин туу жонуна чыгарына таланттуу улан бекем ишенет, ал үчүн өзүнө өзү ант берип, кат-кат касам ичет.

1919-жылдан баштап, Касым ошол кезде Ташкент жана Алма-Ата шаарында казак тилинде чыгып турган “Ак жол”, “Учкун”, “Тилши”, “Өрүш” аттуу газеталарга казак тилинде ырлар жазып, ал ырларынын кээ бирөөлөрүнөн аягына “Кыт” деген лакап ат менен кол коюп турган.

Касымдын алгачкы ырларында туулуп-өскөн Ысык-Көлдү сагынуу мотиви өтө күчтүү болгон:

Кайдасың кең Ысык-Көл тууган жерим!
Киндигим кесип, кирим жууган жерим!
Көргөн жан саулетиңди сагынады,
Жайкалган сен Каракол – алтын кеним!

Бармысын Түп, Жыргалаң эки өзөн суу
Үстүңө каздар конуп салган кыйкуу.
Жайылган соодагердин койлорундай
Көл бетин бермеуши эди үйрекпен, куу”.

Касым бул ырын ошол кездеги казак элинин атактуу акыны Магжан Жумабаевдин өз жери жөнүндө жазган ырына таасирленип жазат, анткени, ошондо Магжан Жумабаев институттун Касым окутан группасына адабияттан лекция окучу экен.

Жалпы эле Касымдын казак тилинде жазган алгачкы ырларына Магжан Жумабаевдин лирикалык ырларынын таасири күчтүү болгон.

Касым Ташкенттеги казак-кыргыз Эл Агартуу институтунда казак тилинде окугандыктан, 1920-1921-жылдарда алгачкы он эки ырын казак тилинде жазган.

1922-1924-жылдардын аралыгында жазган он сегиз ыры менен “Жаңыл Мырза” аттуу поэмасын кыргыз тилинде жазган.

Касымдын 1920-жылдан 1924-жылга чейинки казакча жана кыргызча жазган отуз ыры менен “Жаңыл Мырза” аттуу поэмасы 1925-жылы Москва шаарындагы СССРдин элдеринин Борбордук басмаканасынан “Касым ырларынын жыйнагы” деген ат менен басылып чыккан. Ал отуз ырынын бирөө И. Крыловдун “Ийнелик менен кумурска” аттуу тамсилинин кыргызча котормосу болгон.

1922-жылы энесине арнап, “Ала-Тоо” деп ат коюп, кыргыз тилинде биринчи жазган ырында:

Мен аманмын барамын,
Мүнөзү бар балаңын.
Кашкайып чыкпай караансыз,
Колуңду кантип аламын.
Эң биринчи саламым,
Сага арнап жазганым, –
Жакшы саатта күтүп ал,
Бул белегим Ала-Тоо!

Касым Ташкенттеги Казак -Кыргыз Эл агартуу институтунун акыркы курстарында окуп жүргөн кезинде эле илимий ишке ат салыша баштап, казак, кыргыз илимий комиссиясынын мүчөсү болуп, анын ишине активдүү катышат.

Касым ошол кезде Ташкент шаарында казак-кыргыз тилинде чыгып турган “Чолпон” жана “Жаш кайрат” аттуу журналдардын да редколлегиясынын мүчөсү болот. “Жаш кайрат” журналынын 1924-жылдагы, январь, февраль, март, апрель айларындагы 1-2-3-4-номурларына Касым “Мариям менен көл боюнда” аттуу өзүнүн туңгуч аңгемесин жарыялап, ага “Келгин” деген лакап ат менен кол коёт.

Түркстан Республикасынын Советинин XII съезди 1924-жылы январда Эл Агартуу Комиссариатынын доклады боюнча төмөндөгүдөй чечим кабыл алат:
“Советтик окуу китеби жана адабияты таптакыр жок элдер кара кыргыздар жана таранчылар үчүн окуу китептерин жана окуу куралдарын ошол элдин тилинде басып чыгарууга киришилсин.”

Ушул токтомдун негизинде кыргыздын башталгыч мектептеринин окуу куралына арнап Касым туңгуч окуу китебин “Эне тилин” жазат.Касым ал китебине жазган баш сөзүндө мындай дейт: “Бул китепти жаш балдар үчүн арнап жазган болдук. Жаш балага арнап китеп жазуу үчүн көп устаттык, көп-көп тажырыйбалар керек. Жаш баланын жанына ылайыктоо үчүн кыйын-кыйын шарттарды өтөө керек. Ал шарттардын баарын орундаттык деп айта албайбыз. Бизде тажрыйба жок. Экинчиден, бизде мурунтан жолго коюлган адабият жок. Канчалык калк адабиятына байбыз десек да алар иштелбеген. Балдарга эптүүсүн табуу кыйын болду жана бизде акындарыбыздын сөздөрү иретке салынбагандыктан, сулуулары табылбады.

Үчүнчүдөн, бул китептин ашыккандык менен жазылгандыгы. Өзүбүздүн чабалдыгыбызды айтып отурсак да, бул китепти бир ай ичинде даяр кылдык. “Баарын айт да, бирин айт”- дегендей, бул китеп билим кыскандыктан эмес, зарылдык кыскандыгынан жазылып олтурат. Айтор “Жоктон бар артык” – дегенди эске алып, куру алакан отурган мектебибизди соорото туралы дедик. “Көч жүрө-жүрө түзөлөт” – деген. Биз дагы жүрө-сүрө китеп куралдарыбызды дурустап кетебиз. Ар бир жолдош “Ат болгончо аяк улоо” – дегенди эске тутса болгону”.

Бул кириш сөзүндө Касым китебин жупуну гана китеп катарында көрсөткөнү менен, ичинде жаш балдардын жан дүйнөсүнө ылайыктуу кыска-кыска тамсилдер, таалим-тарбия берүүчү кызыктуу аңгемелери, кооз ырлар бар эң сонун түзүлгөн китеп эле.Бир кезде кыргыздын илимпоз адабиятчылары Совет мезгилинде кыргыз тилинде биринчи аңгемени кайсы жазуучу жазгандыгы жөнүндө талкуулашып, “Ажар” аттуу аңгемени 1926-жылы Касымалы Баялинов биринчи жазган деп келген болучу. Ал эми Кыргыз тилиндеги туңгуч аңгемелерди Касым Тыныстанов жазып, өзүнүн 1924-жылда Ташкент шаарында бастырып чыгарган окуу китебинде жарыялаган.

Зыяш БЕКТЕНОВ,
КР БМА Ф. №2869, Т №72 5-9-Б.

МАНАС КҮМБӨЗҮ

Сай-сайдан чымырканып, кулатып таш,
Омкоруп кедергени кылган талаш.
Башталып Ала-Тоодон Чүйгө карай
Күзгүдөй суусу тунук агат Талас.
Урматтуу көз жаш менен ал күмбөзгө
Коюлган өткөн күндө баатыр Манас.

Күмбөздүн салынганын кандайчалап,
Болгонун нечен жүз жыл мурун эбак.
Манастын эл бакканын, эл чапканын,
Кимдигин, кандайлыгын чын аныктай,
Мурун да окуучуга сүйлөп берген,
Айлана дубалына жазылган кат.
Бул күндө ырахымсыз жат жолунан,
Мурунку жазуу, сызуу түшкөн урап.

Али да турат күмбөз таңыркатып,
Көргөндү ойлондурат көңүлүн тартып.
Алыста көрбөгөндү даңкы менен
Өзүнө куса кылат кумардантып.
Эрте-кеч тоонун жели жомок кылып,
Күмбөзгө толуп жаткан сырлар айтып.
Бул күнкү урпагынын жайын сүйлөйт,
Уйкуда жаткан эрди кайраттантып.

Ала-Тоо асман менен деңгелдешип,
Көтөрүп көкүрөгүн, бой тирешип.
“Манасым эр ичинде экилтик” деп,
Талаш Айга, Күнгө теңештирип.
Капчыгай, бийик зоока, чер карагай,
Күмбөздү күзөтүшөт кезектешип.
Жылгадан туйлап аккан тунук булак,
Манастын сөзүн курат маектешип.

Элинин эт жүрөгү жараланып,
Эбакы өткөн күндүн изин чалып.
Ырчысы ырга кошуп атын жаттайт,
Комузчу күңгүрөнтүп күүгө салып,
Уулу зар болгон күнүн сүрөттөсө,
Жашынын каны кызыйт, ичи жанып.
Какшаган комуз менен, муңдуу,
Жоктошот эр Манасын эсине алып.

Сай-сайдан чымырканып кулатып таш,
Омкоруп кедергени кылган талаш.
Башталып Ала-Тоодон Чүйгө карай,
Күзгүдөй суусу тунук агат Талас.
Таластын так боюнда чоң күмбөз бар,
Көргөнгө ой түшүргөн кайгы аралаш.
Урматтуу көз жаш менен ал күмбөзгө
Коюлган өткөн күндө баатыр Манас…

1924-жыл,
КР БМА Ф.2869 Т.1.К.72 45-46-б.б.

№78
Кыргыз тилинде көркөм адабиятты басып чыгаруу боюнча ВКП(б)нын Кыробкомунун Үгүт-насаат Комиссиясынын отурумунун протоколу
Фрунзе ш.
27- май, 1929-жыл.
Катышкандар: Жумабаев, Тыныстанов, Токомбаев, Жолдошев, Аильчинов, Шарбаев.
Угулду:
1. Көркөм адабиятты басып чыгаруу тууралуу Токтом кылынды:
1. Республиканын чарбалык (турмуштук)өсүшү менен маданияттык керектөөлөрдүн көбөйүшү белгиленсин. Эмгекчилердин арасында кыргыз тилиндеги көркөм адабиятка кызыгуу байкалган жана байкалууда.
Кырмамбасмасына кызыл жазуучулар менен акындардын берилген кол жазмалары ушул кезге чейин кыймылсыз жатат жана пикир сунуштарсыз сакталат, аларсыз улуттук жазуучулар менен акындар кадрларынын саны менен даярдыгын аныктоо кыйынга турууда. Жогоруда баяндалгандардан улам, зарылдык деп табылсын:
1. Келерки өнөктүккө карата 1929-30-жылдары эмгекчилердин калың катмарына ылайыкталган кыргыз тилинде көркөм адабияттын бир катар сериялары чыгарылсын.
2. Калк тарабынан талап коюулар көбөйгөн “Манас” менен “Семетей” уламыштарын басып чыгарууга каршылык жок.
Уламыштарды басып чыгуу маселеси АЭК (Агартуу Эл Комиссариаты) тарабынан жүргүзүлсүн. Басып чыгаруунун бардык тутумдары басып чыгаруунун ачык-айкын планын берүү менен обкомдун ҮНБЧсы менен макулдашылсын.
3. Улуттук жазуучулар менен акындардын даярдыгын текшерүү үчүн кароо-сынак жарыяланып, ал үчүн курамы төмөнкү жолдоштордон турган комиссия түзүлсүн:
1. Тыныстанов 2. Токомбаев, 3. Телегин 4. Нааматов 5. Аильчинов.
Аларга беш күндүк мөөнөттө кароо-сынактын шарттары, мөөнөтү жана көлөмү жөнүндөгү маселелерди чечүү тапшырылсын. (Чакыруу үчүн жол. Тыныстанов)
Төрага: Жумабаев
Катчы: Пунегова
КР БМА Ф.10 Т.5. К.34. 134 б. түп нускадан

№86
К.Тыныстанов иштеп чыккан жана жыйнаган лексиканын негизинде кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн басып чыгарууга даярдоону жакшыртуу жөнүндө Агартуу Эл Комиссарынын коллегиясынын токтомунан көчүрмө
Фрунзе ш.
14-февраль, 1932-жыл.
1. Кыргыз тилинин көөнөрбөс негиздерин жыйноо үчүн жол.Тыныстанов иштеп чыккан таблицалар, кыргыз лексикасын жыйноону бир кыйла ыкчамдатуу менен, баалуу техникалык ыкма болуп, жалаң гана кыргыз тили эмес, башка элдердин (дунган, сарт-калмак, уйгур ж. б.) тилдеринин лексикасы үчүн баалуу экендиги белгиленсин.
2. Жол. Тыныстановдун таблицасы жыйналган сөздөр социалдык негиздерди түшүндүрбөйт, бир катар техникалык, медициналык ж. б. аталмаларды камтыбайт деген көз караштагы сындар, анын жыйынтыгы таблица боюнча иштеген кызматкерлердин лексикалык байлыгына бүтүндөй баш ийип, таблицанын кыска мөөнөттө тилдин бүтүндөй негизги лексикасын жыйноого түшүндүрмө берген маанисине эч качан шек келтирбөөсү белгиленсин.
3. Жол. Тыныстановдун иш жыйынтыктарын кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн басып чыгаруу менен жүзөгө ашыруу зарыл деп табылып, жол. Тыныстановго АЭКнын бекитүүсүнө сөздүктүн планын, аны басып чыгаруудагы кызматкерлердин курамын жана басып чыгаруу планын берүү сунушталсын.
4. Жол. Тыныстановдун таблицасын колдонуунун жолдору менен анын иш жыйынтыктарын Советтик коомчулуктун кенен чөйрөсүнүн таанышуусу үчүн басма сөз беттеринде бул маселени чагылдырып, партиялык, комсомолдук жана кесиптик активди тартуу менен Фрунзе шаарынын мугалимдеринин чогулушунда таблицалар жана ал жыйнаган лексикондор тууралуу Тыныстановдун баянын коюу зарыл деп табылсын.
Туура:
КырАССРинин АЭКнын катчысы Мухтаров
КР БМА Ф.869. Т.3. К.199. 13б. көчүрмөдөн.

№92
5-КЛАССТАР ҮЧҮН МОРФОЛОГИЯ ОКУУ КИТЕБИН ТҮЗҮҮ БОЮНЧА К.ТЫНЫСТАНОВГО ТАПШЫРМА БЕРҮҮ ТУУРАЛУУ КырАССРинин АГАРТУУ ЭЛ КОМИССАРЫНЫН КОЛЛЕГИЯСЫНЫН №1 ПРОТОКОЛУНАН
Фрунзе ш.
2-сентябрь, 1933-жыл.
Катышкандар: Коллегия мүчөлөрү Чистяков, Тойчинов, Данияров, Акматалиев, Кулов, Ногоев, Цыганков, Жумаев, Михалов, Бабашалин.
Угулду:
1. Туруктуу окуу китептерин басып чыгаруунун түзүмү жөнүндө (Данияров, РСФСР АЭКнын өкүлү Чаплин, Тойчинов жолдоштор) токтом кылынды:
Параграфты тапкыла1. 4. Беш жыл окугандар үчүн (Морфология) окуу китебин түзүү жол. Тыныстановго тапшырылсын. Жол. Тыныстановго бир түндүк мөөнөттө ушул тапшырылышка келишим түзүү сунушталсын.
7. Окуу китептерден башка жумуштардан Байымбетов 5-сентябрга, Абдукаимов менен Тыныстанов жолдоштор 10-сентябрга чейин токтоосуз бошотулсун.
Төрага Жолдошов
КР СД БМА Ф.10. Т.5. К.115. 67-68-б.
Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөдөн

№98
КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВДУН
ИЛИМИЙ ИШМЕРДИГИ ТУУРАЛУУ СУНУШ-ПИКИРЛЕР
Фрунзе шаары.
1935-жыл.
КИИнин курулуш институтуна берген сунуш- пикирлерди кыскача кайталоо менен мындай көрсөтүүлөрдү керектүү деп эсептеймин.
1. Кыргызстан улуттарынын тил маселеси менен алектенгендердин ичинде К.Тыныстанов шексиз түрдө биринчи орунда турат.
2. Лексикологиялык мүнөздөгү тапшырмадан баштап, К.Тыныстанов өз алдынча жекелик тилдик ойлонууда сөздүк казынаны изилдөөдө толук жыйынтык үчүн накай ыкманы (жана техникалык прибор) ойлоп тапкан, анын теориялык жана колдонмолук чоң мааниси болушу мүмкүн.
3. Сөздүктүн үстүндө иштөө Тыныстановду “Морфологиялар” деп аталган маселеге алып келген: “Морфология” аталмасынын өзү менен (Батыш Европада акыркы 5-7 жылда гана түзүлгөн) Батыш Европалык лингвисттердин ушуга ылайыкташкан иштери менен К.Тыныстанов тааныш болбогонуна карабастан, ал кыргыз тил тармагындагы морфологиялык көйгөйдү өз алдынча чечүүнү колго алып, бир катар маселелер боюнча ачык-айкын жыйынтыктарга келген .(Тыныстановдун “Долбоорунда” бул багыттагы илимий иштин айрым жактары гана чагылдырылган).
4. Кыргызстандын тил курулушунда жана кыргыз тилин окутуу илимине жол. Тыныстанов маанилүү роль ойногон жана ойноп жатат. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен өзүнүн билимин европалык лингвисттердин адабиятын окуу менен толуктоо зарылдыгына карабастан, Тыныстанов өз адистиги боюнча профессор наамына татыктуу.
Профессор Поливанов
Жол. Тыныстанов кыргыз тилин илимий үйрөнүү тармагында туңгуч из салуучу. 14 жыл ичинде кыргыз тилин үйрөнүүдө К.Тыныстанов бир катар илимий эмгектерди жазган. Алар кыргыз тил илимине зор салым кошту. Учурда жол.Тыныстанов ушул тармакта жигердүү жана үзүрлүү иш жүргүзүүдө. Кыргыз педагогикалык институтунда жол. Тыныстанов үч жылдан бери азыркы кыргыз тили жана кыргыз тили тарыхынын профессорунун милдетин аткаруучу болуп иштейт. Кесиптик илимий кызматкер, өзүнүн предметин эң сонун билген жол. Тыныстанов өзгөчө баалуу окутуучу. Өзүнүн илимий изилдөө материалдарына негизделген анын дарстары жогорку теориялык деңгээли менен айрымаланат. Ошону менен бирге жол.Тыныстанов кыргыз улуттук маданиятынын көрүнүктүү ишмери болгон, ал анын айрым илимий эмгектеринде “Социалдык-экономикалык аталмалардын сөздүгү” жана көркөм чыгармаларында “Үч доор” чагылдырылган, алар үчүн жол.Тыныстанов 1934-жылдагы тазалоодо партиядан чыгарылган, (анын партиялык иши азыркы учурда Москвада тазалоо боюнча борбордук комиссияда турат. )
Институттун директору Бапшев
Порторг Михлина
Жергиликтүү комитет Денисов
КР БМА Ф.869. Т.3. К.199. 4-5-б. түп нускадан көчүрмө

(Уландысы бар)

“Тарыхый мурас” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.