“Манас – Кыргыз элинин ата мурасы”

EE4F76D5-5B2D-4E52-A0B4-8E7B34188FAD_mw800_mh600Бишкекте 16-мартта Дипломатиялык академияда “Манас Эл” коому тарабынан уюштурулган “Манас- көчмөн дүйнөсүнүн ата мурасы” деген жыйын өттү. Жыйындын максаты – “Манасты” Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОго каттатуу иш-аракеттерин тездетүү болду.

Белгилүү коомдук-саясий ишмер, “Манас Эл” кыймылынын демөөрчүлөрүнүн бири  Каныбек Иманалиев жыйындын максатын белгилеп, сунушун ортого салды:

– Бүгүнкү шашылыш жыйналыштын максаты бир эле. ЮНЕСКОнун талабы боюнча адегенде коомдук уюмдар кабыл алыш керек экен. Биз ушул документти Маданият агенттигине өткөрүп берели. Алар анан ЮНЕСКОго жиберсин. Себеби ЮНЕСКО өкмөттүк уюмдар менен гана иштейт. Бул жерде эми эки гана маселе турат. Биринчи: жылына болбогон бир жарым миң доллар мүчө акы төлөйт экенбиз. Ошону төлөшсүн. Экинчиси: уят кылбай документти аягына чейин жеткирип беришсин.

Каныбек Иманалиев андан аркы сөзүндө “Манасты” дүйнөгө жайылтуу иштери  Кыргызстанда 1995-жылы белгиленген “Манас-1000” иш-чарасынан кийин токтоп, алтурсун бийлик тарабынан ойго келбеген тескери иштер болуп кеткенин агынан жарыла сүйлөдү:

“Манас” жөнүндө сөз көп, иш аз болуп жатат. Бир мисал келтирейин. Окуу китептеринде “Манасты” орусчага биринчи болуп, Тарловский, Пеньковский, Липкин которгон деп жүрөбүз. Жок, андай эмес. “Манасты” орусчага биринчи жолу которгон Касым Тыныстанов болгон. Орусчага которулган үч миң сап ыры Москвада архивде жатат. Тыныстанов аны архив үчүн которгон эмес чыгар. Эмгекти жарыкка чыгаруу биздин парзыбыз го.

Сиздер Кытайды айтасыздар, кечээ эле, 31-август күнү Жолойдун, Коңурбайдын, Шыпшайдардын эстелигин койгон жигиттер кечирим сурап койгон жок го? Кытайды айтып жатасыздар, кыргыздар эле, чок ортого, Ордого алыпкелип туруп Манасты өлтүргөн душмандардын эстелигин койбодубу… Муну кандай түшүнсө болот?

“Манас Эл” кыймылынын төрагасы Асан Жакшылыков – ЮНЕСКО кыргыз элинин дастанчылык, төкмөчүлүк өнөрүн каттап отуруп, “Манастын” Кытай мамлекети тарабынан катталышына жол бергенин жаздым иш деп белгилеп, “Манасты” Кыргыз республикасынын атынан каттатуу маселесин алдыдагы Курултайлардын күн тартибине коюуну сунуштады:

– Кыргыз республикасы 1995-жылы өткөргөн “Манастын” 1000 жылдыгында ЮНЕСКОнун Генералдык катчысы Федерико Майор өзү көздөй катышып, “Манас” эпосу боюнча жагымдуу сөз сүйлөгөн. Кантип анан ЮНЕСКО бир элдин мурасын башка элге энчилетүүгө ачык жол ачты? Бул мыйзамдуу суроо.

Андан ары сөз алган ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлү Нургүл Керим буларды маалымдады:

Бүгүнкү күндө Кыргыз өкмөтүндө бул маселеге ылайык “Манасты” же дагы башка эпосторду сунуштоо номинациясы боюнча коомдук уюмдар аралык атайын комиисия түзүлдү. Учурда бул маселенин илимпоздор, эксперттер, чиновниктер тарабынан терең жана тыкан иликтениш милдети коюлду. Андан кийин “Манасты” ЮНЕСКОго коомдук уюмдардын негизинде  Кыргыз республикасынын атынан каттатуу боюнча документтер даярдалып, ЮНЕСКОнун ушул жылдын август айындагы жыйынында каралышына жетишүүбүз керек.

“Айтыш” коомунун төрагасы Садык Шернияздын пикиринде жаш муунду тарбиялоону “Манас” баш болгон кыргыз эпосторунун окуяларынан аннимациялык тасмаларды жаратуу менен ишке ашыруу колго алынбай келатат. Анткени жаш муун ата-баба тарыхына караганда чет өлкөлөр чыгарып жаткан мульфильмдердин каармандарын жакшы билет. Бул кейиштүү жагдайдын башкы себеби “Манаска” мамлекеттик деңгээлде көңүлдүн бурулбагандыгынан улам:

– “Айтыш” фонду азыр бөбөктөрүбүзгө кыргызча мульфильмдерди тартып жатат. Мына ушул маселелердин үстүнөн депутаттарыбыз, аткаминерлерибиз, өкмөтүбүз иштеши керек эле.

Жыйын соңунда Кыргыз элинин руханий мурасы болгон “Манас” дастанын сактоо, коргоо жана жайылтуу маселелерин колго алуу боюнча Кыргыз республикасынын “Манас” Кодексинин долбоору окулуп, кошумча сунуштар айтылды.

Фатима Абдалова, “Азаттык”, 17.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.