Пириңди билип ал

Адамзаттын пири – Адам ата
Наристенин пири – Умай эне.
Күүнүн пири – Камбаркан
Устанын пири – Дөөтү ата
Суунун пири – Сулайман
Сууктун пири – Аяз ата
Малдын пири – Малабай
Койдун пири – Чолпон ата
Жылкынын пири – Камбар ата
Күлүктүн пири – Дулдул
Уйдун пири – Заңги баба
Иттин пири – Кумайык
Төөнүн пири – Ойсул ата
Кийиктин пири – Кайберен
Алгыркуштун пири – Алпкаракуш
Курттун пири – Кара чаян
Суурдун пири – Чие ата
Кумурсканын пири – Кумпа баян
Жылдыздын пири – Үркөр ата
Бакыттын пири – Дөөлөткуш
Сүйүүнүн пири – Зулайка-Жусуп
Табыпчылыктын пири – Улукман
Эр азаматтын пири – Кырк чилтен
Тоонун пири – Тастар ата
Акылдын пири – Шайык баба.

Эл оозунан жыйнаган Б. Дыйканбаева,
“Акыйкатчы” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 02.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.