НООРУЗДУ ИРАНДЫКТАРДАН АЛГАНБЫЗБЫ?

nooruzАта-бабаларыбыз 21-мартты “күн менен түн теңелди, жер жарылып чөп чыкты” деп жылдын башаты катары санап келишкен. Ушундан улам кыргыздар үчүн жаңы жыл 1-январь эмес, 21-март деп кесе айткандар да бар. Мындай ойлордон улам бүгүн Нооруз майрамынын күнгөй-тескейи туурасында кеп кылууну көздөдүк.

АМАНТУР ЖАПАРОВ, Улуттук илимдер академиясынын тарых жана маданий мурас институтунун археология жана этнология бөлүмүнүн башчысы:
– Нооруз майрамын кыргыздар илгертен эле майрамдап келишет. “Союз ураганда улуттук идеология керек болду. Нооруздун арча түтөтүү, сүмөлөк жасоо, Умай эне сыяктуу элементтери кыргызга таандык эмес” деп айрымдардын айткандары туура эмес. Башка элдин маданиятынын бир жерин сиңирип алуу ар улутта бар. Кыргыздар Ноорузду “күн менен түн теңелди, жерге көк чыкты” деп келечектен жакшылыкты үмүттөнүп, майрамдашат. Көп баланын энеси болгон байбичелер арча менен:
“Алас, алас, ар балээден калас,
Эски жыл кетти жаңы жыл келди.
Молчулук, токчулук болсун”,-
деп аласташат.

ЧУБАК ЖАЛИЛОВ, Кыргызстан мусулмандардин башкармасынын Фатва бөлүм башчысы:
– Нооруз мусулмандардын майрамы эмес. Отко, ташка сыйынган байыркы ирандыктардын майрамы. Өз огунда айланган күн ирандыктардын түшүнүгү боюнча март айында ордун алмаштырат. Мусулмандар бир гана Кудайды бийик тутушу керек. Эгер алар Ноорузду майрамдашса, анда күндүн орун алмаштырганынын урматына сыйынган болуп калышат.

Пайгамбарыбыз Меккеден ыйык Мединага көчүп барганда, мединалыктардын эки майрамы бар экенин билген. Ошондо алардын ордуна “Орозо айт жана Курман айт майрамдарынын ээси болгула” деген. Кийин аалымдар мединалыктар кайсы майрамдарды майрамдашканын изилдей келишкенде, Нооруз жана Махаржан болуп чыккан.

Арча түтөтүү шариятта “шайтандарды кубалоо” дегенди түшүндүрөт. Сүмөлөктү атайын Нооруздун урматына жасоо туура эмес. Мусулман баласы жөн гана тамактын бир түрү катары гана жасап жеши керек.

ДАСТАН САРЫГУЛОВ, “Теңир Ордо” фондунун негиздөөчүсү:
– Нооруз мусулмандарга таандык болбогону менен, кыргыз элинин өздүк майрамы. Нооруз майрамы ислам дини пайда болгон доордон бир нече кылым мурда майрамдала баштаган.

Адам баласы, анын ичинде кыргыз, дайыма табият менен эриш-аркак жашайт. Дайыма жыл мезгилдерине байкоо жүргүзүп, кайсы убакта жаз келерине, кайсы убакта суук кайтып каларына көз салып келишкен.

Март айында кыргыз эли “кыштан мал-жан аман чыкты, кышкы уйкуда жаткандар ойгонду” деп маанай жарыла сүйүнүшкөн. Аластоо адамдардын отту тааныган мезгилине барып такалат.

Ал эми Теңир, Умай эне, кут мындан 7000 жыл мурун пайда болгон байыркы түшүнүк. Жаңы төрөлгөн балдардын 70-80 пайызы ар түрдүү себептерден улам чарчап калышкан. Ошондо Умай эне болбосо, балдар чарчай берет экен деген түшүнүк келип чыккан. Кыргыздар үчүн жаңы жыл 1-январь эмес, 21-март.

МАЙРАМКАН АБЫЛКАСЫМОВА, Кыргыз Эл акыны:
– Менин эс тарткан курагым согуш бүткөндөн кийинки 1946-47-жылдарга туш келди. Эсимде, Ноорузду ар бир айыл майрамдашчу. Апаларыбыз күн мурун боорсок бышырышып, үйдүн ичин тазалашып, кир жуушчу. Нооруз күнү арча түтөтүп, “жакшылык бере көр” деп күбүрөшкөндөрү дале кулагымдын түбүндө.

Ал эми аталарыбыз айылдын башындагы булакка барып сыйынып, тегерек-четин тазалашчу. Бизге кандай майрам болбосун, баары бир кызык да, таза көйнөктөрүбүздү кийип алып, ата-энелерибизди ээрчип жүрө берчүбүз. Чоңдор ар бир үйгө кирип, дасторкондон даам сызышчу. Колунда барлар кой союшчу. Үй-бүлөдө согушта курман болгон адам болсо, ага аталып сөзсүз куран окулчу.

НООРУЗ ТУУРАЛУУ

  • Нооруз деген сөздү фарсы тилинен которгондо “жаңы күн” дегенди билдирет.
  • Майрамды белгилөө байыркы иран дыйкандарынын “ушул жылы түшүм мол болсун” деген ырымынан улам келип чыккан. Бара-бара бул майрамды көп өлкөлөр өздөрүнө сиңирип алган.
  • Совет бийлиги 1926-жылы майрамды белгилөөгө тыюу салган. Бирок салтанаттуу белгилөөгө кайрадан 1988-жылы уруксат берген. Ошого карабай, Кыргызстан Ноорузду жыл сайын майрамдоого эгемендүүлүктү алганда гана жетишкен.
  • Майрамдык дасторконго Азия эли буудай, арпа, жүгөрү, нокот, күрүч жана төө буурчактын унунан жасалган нан коюшкан. Андан сырткары жети түрдүү өсүмдүк кошулган сүмөлөк жасашкан. Сүмөлөктүн мааниси адамдар дал ошол дан өсүмдүктөрү сымал көктөнүп, өсүп-өнсүн дегендикте жатат.
  • Майрам күнү кыргыздар арча тү­тө­түп, үй ичин жана короо-жайды алас­ташкан. Айыл ичинде кыз куумай, алты бакан, улак тартыш сыяктуу улуттук оюндар ойнотулган.
  • Нооруз майрамы “ЮНЕСКОнун” адамзаттын маданий мурастарынын тизмесине кирген.
  • Көпчүлүк кыргыздар бул майрамдын Нооруз деп фарсы тилиндеги аталышын Жыл башы, Жаңы жыл, Жаз майрамы, Улуу күн деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштап келишет.
  • Ноорузду дүйнө жүзүндөгү жыйырмадан ашык өлкө майрамдайт.

Сүйүн Кулматова, koom@super.kg,
«Супер-инфо»
, №385 19-25-март, 2010-ж.

Соц тармактар:

One thought on “НООРУЗДУ ИРАНДЫКТАРДАН АЛГАНБЫЗБЫ?

  • 21.03.2016 at 00:51
    Permalink

    Фарс тилинде “жаны кун” деген маанини айтып келишет. Арийне, “Нур-Ууз” деп байыртан ата-бабалар айтып келгени унутулган. Ошондой болсо да, биз кыргыздар соз озогундо камтылган тушунук менен аныктай турган жонубуз бар. Беш тогол камтыган кыш кетери менен жаз куну нурданып, жер бети толгонуп жыл туулат. Туулары коктом ууздана жашылданат. толдогон мал жаш чопто оттонгон сон ууз суту жаралат. Демек, жыл башы жазында баардык жандыктардын жандануусу менен жылдын жанылануусун жалпы соз менен “НУР-УУЗ” деп аталганы туура. ар бир мен кыргызмын деп улутмандыкты коргозо турган болсок НУР-УУЗ деген соз орнотуу зарыл, КЫРГЫЗЫМ! Абдылдабек Турганбай (Жузубакунов)

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.