Жоомарт Кадралиев: “Улуу элдин Улуу күнү”

– Жоомарт агай, жыл тогошуу алдында турабыз. Бул майрамды белгилегенибизге он жылдан ашуун гана убакыт болду. А өзөгү кайдан башталды экен?
– Сыртта жел күн чыгыш жактан келип атат. Бул күндүн ачыла турганынын белгиси. Күн батыштан келген эпкин кар, жамгырды ээрчитет. Нооруз деп атпайбызбы, чындыгында бул деген байыркы кыргыздарда Улуу күн деп аталган. Бул жөнүндө ара чолодо эстешип жазып атышат. Улуу күн – улустун Улуу күнү деп айтылган экен. Кыргыз болуп төрөлгөндөн кийин өзүңдүн каныңдагы, керек болсо жаныңдагы , сөөктөгү тарых – таржымалды колдон келишинче коргош керек. Кудайды акылың менен тааны деген сөз бар. Улуу күндү өз ысмынан атай турган учур келди. Новруз деген бул фарсы тилинде, бизче которгондо Жаңы Күн деген түшүнүктү берет. Күн да жаңы болчу беле?.. Күн эскирбей тээ байыркы убактардан биздин убакка чейин жарыгын берип келатат. Ошондуктан Жаңы күн деп атоо туура эмес түшүнүккө алып барат. 21 – мартта жыл тогошот. Эки – үч күндөн кийин ай жаңырат. Айдын санагы да болгон кыргызда. Жыл ажырашканда Улуу күн башталып, амал кирип, жер жылып, жер жарылып чөп чыгып, желин жарылып сүт чыгып дегендей кайрадан жашоонун улуу жүрүшү бузулбас мыйзамынын негизинде башталган. Эмне үчүн мен Улуу күн деп атам? Быйылкы жылды президентибиз илимпоздорго кеңешип мурас жылы деп жарыялады. Мурастын ары жагында тарых, каада – салт, адеп – ахлах сыяктуу көп нерселер жатат.

– Ай санагы тууралуу айтып өттүңүз. Кытайлардын да бизге үндөш ай санак, жыл санагы бар эмеспи?
– Жылдары так эсимде жок биздин эл үч жолу улуу кыргыз каганаты болгон экен. Улуу кыргыз каганаты учурунда кытайлар түндүк тараптагы мамлекеттер менен мамилесин жакшыртууга аракеттенип, элчилерин жиберчү дейт. Анын элчилери кыргыз кагандарынын чөйрөсүндө болуп, алар менен аралаша жашашкан. Убактыларын текке кетиришкен эмес, кыргыз элинин аң-сезимин изилдешкен. Алар андан өздөрүнө жаңы нерсе алууну көздөшкөн. Кытай менен жөөттөрдө, орустарда бир жакшы адат бар, булар бөлөк элдерге таандык ачылыштарды чогултуп алат дагы өзүнүн боюна сиңирет. Мисалы арык, аркан, магазин деген сөздөр кыргыз тилинен бир канча тилдерге тараган. Буларды ошол убакта кытайлар жазып кетишкен экен.

– Жыл санагынын аттары ошол жылдын мүнөзүн бере алабы?
– Кыргыздар жыл санагын пайдаланышып, жылдарды он эки ат менен, жандыктардын аты менен аташып, жылдын табыгый мүнөзүн, ызгаарын, жамгыр менен карын, кыштын же жаздын эрте келишин жылдын аталышы менен билген, аба – ырайынын тамырын кармап турган эл болгон да. Жылдыздарды карап жашоого кеңеш беришкен. Ошондой нерсенин бирин мен да байкадым. Мен иштеген жер бийик жерде жайгашкан. Кечке маал асманды кароо адатка айланган. Көбүнчө эки жылдызды байкайм. Илгери бала кезде кечинде өтө эрте чыккан жылдызды чыйкан жылдыз деп коюшчу. Чыйкан жылдыз өзүнүн ордуна келип калыптыр. Башка жылдыздар кечирээк чыгат, ал эми чыйкан жылдызы эрте чыгып улам караңгылык коюланган сайын нурун чоңойтуп балбылдап жанып турат. Андан кийин калган жылдыздар чыгат. Дагы эмнени байкадым, жайында күзгө тарта чыгыш түндүк тараптан балбылдаган жаңы жылдыз пайда болду. Көрсө менин канымда ата – бабадан калган жылдыздарга көз салуу адаты бар экен.

– Кыргыз жыл санагы кандайча кытайга тиешелүү болуп калды экен?
– Кыргыздын жыл санагы кытайларга жаңылык туудургандыктан аны дагы башка кыргызга тиешелүү ачылыштар менен бирге Кытайга алып барышат элчилер. Жыл санакты өздөрүнө ыңгайлаштырып, дагы терең казышып отуруп, азыркы кытай гороскобун пайда кылышкан экен. 1200 же 1300 жыл мурда болгон бул нерсе. Кытайдан ары жыл санак япондор менен корейлерге ооп кетет. 18-17 – кылымдын аягында Европанын кемелери келип алар да бул тууралуу маалымат алышкан. Ошону менен кыргыздардан тараган жыл санак ортодон нечендеген жыл өткөндөн кийин кайра өзүбүзгө өзгөрүлгөн вариантында келип жетти. Ар бир элдин өзгөчөлүгүнө, түшүнүгүнө жараша өзгөрүлүп отуруп балык жылы дракон жылына айланган. Жандыктардын эң чоңун кыргыздар балык дешет, кит эң чоң эмеспи, дарактардын эң узунун камыш дешет. Дракон деген ажыдаар, балык деген балык – булардын кыялы таптакыр окшошпойт.

– Сиз чыгармачылыгыңызда “Манаска” көбүрөөк орун бөлгөнүңүздү байкап жүрөбүз. Манасчылар Манас айтуунун алдында сыр көрүшөт дейт, а сиз да ушундай нерсеге күбө болдуңузбу?
– Биздин атабыз Манас тууралуу баяныбызды кытайлар амалга салып, беш миллиардка жакын каражат бөлүп бабанын баянын мамлекеттик ыраттуу ишинде 14-15 жылга чейин болжоп койгон. “Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман” дегендей аттарын атабай эле коеюн маалыматты өз учурунда берип жиберишкендер да болгон. Кытайлык Жусуп Мамай деген кыргыз болгондон кийин биздин карыябыз деп коелу,агасы менен бирге үркүндө барган карыялардан жазып алып отуруп, өзүнчө Манастын жаңы вариантын пайда кылган. Бирок, Кытайдагы кыргыздарда, Келдибек деген Чүй тарапта төрөлгөн киши болгон, ошол Келдибек Манас айтканда чогулган элдин арка жагынан күүлдөгөн добуш чыгып, аттардын туяктарынын дүбүрттөрү, кишенегендери угулчу дейт. Ага эл көнүп: “Манас ата келди”, деп билишчү экен. Келдибек манасчынын касиетинин улуулугун ушундан билиңиз, кайып дүйнөсү же болбосо рухтар дүйнөсү менен материалдык дүйнөнү синтез кылып кошуп жиберген да. Манас айтып аткан учурларда табийгатка таасир этип, жамгыр жаап, борошо болуп кеткен учур болгон экен. Мен буга ишенем, анткени 90 – жылдардан бери Манас тууралуу сүрөт тартып жүрүп, өзүм да андай нерселерге аралаштым. Бир жолу түшүмө Манас ата кирди. Баласы атасына эркелеген сыңары он жаак ууртунан искедим. Бетин карасам көзүн ачаар ачмаксан болуп, сүкүт тартып эс алып аткан экен. Жылаң баш, чачы кыска. Анан бет түзүлүшү – антикалык сулуулук деген бар, бул өзү нагыз кыргыз деп да айталбайсың, европоид деп да айталбайсың, адам баласынын бет түзүлүшүнүн үлгүсү катары, бети келбетине жарашып гармония түзгөн эр адамдын нускасы тургандай болду. “Айың менен Күнүңдүн ширөөсүнөн бүткөндөй” деген жарашык. “Асман менен Жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй” деген сөздүн түбү – атабыз Манас элдин көксөп жүрүп тапкан баласы эмеспи. Жер менен асмандын ортосундагы магниттик күч денесинде жүргөн, ошондуктан атабыз Манас балбандыгы энергетикалык күчтөн турган. Ошондой сөздөрдү чечмелөөчү күн келди.

– Жаңы күндү Улуу күнгө айлантуудагы зарылчылык эмнеде?
– Улуу күн дебесек талаадагы эртең менен эпкин күн чыгыштан келсе күн батышты көздөй, күн батыштан келсе күн чыгышты көздөй “тарака турак” болуп тоголонуп кеткен камгактай болуп калабыз. Камгак эмне себептен тоголонот? Кудай жараткан нускалуу көрүнүш – камгактын тамыры кыска болот күзүндө куурап калат, бу да болсо Алла Таала тарабынан адамзатка берилген сабак. Кыргыз эс-акылын ойготуш керек. Эгемен болгонго 20 жыл болуп баратат. “Кытайлар, жапондор минтип өнүгөт экен”, деп бул жакка бир, “Швейцария болобуз”, деп тигил жакка бир “тарака турак” болдук. Чыгыш менен батыштын ортосунда орчундуу эл болбой эки жакты туурап, эки жакка тоголонуп келатабыз. Сөөктө дагы, канда дагы эс бар экен. Кыргыздын ар бир сөзүндө терең маани жатат, ошол ар бир сөз кыргыз үчүн кызмат кылыш керек. Топуктуу эл болуп кыргыз акылды сыйлаган. Бизге жашаганды үйрөтүп аткан арабдар байыркы өзүнүн бир доорлорунда кыз бала төрөлсө тирүүлөй көөмп ташташчу экен. Бул деген эмне? Бул деген ашыкбаш бүлө болбосун деген сөз. Кыз бала жоокердик ишке жарабайт деген сөз. “Кыздын кырк чачы улуу” дейт бизде. Кырк чачы улуу дегенди терең түшүнсөң, көрсө чач маалымат чогултуучу антена экен да. Кыз баланы мактап, сыйлаган философиялык же илимий түшүнүк бизде эзелтеден калыптанган, анан биз кантип арабдардан акыл үйрөнөбүз.

– Дин боюнча бир суроо. Арабдардын сиз айтмакчы бизге акыл үйрөтүүсү жалпы адамзатты ыйман жолуна чакырууга болгон ынтызарлыкпы, же башка да кызыкчылыктар негиз болуп атабы?
– Арабдар бизге келип өзүнүн араб мамлекеттеринин ислам динин таратууда саясий кызыкчылык да бар. Кытайдын да, орустун кызыкчылыгы бар. Ошондуктан кытайлардын бизге ээн кирип, эркин чыгышына жол койбошубуз керек “жаманды коногу башкарат” болбой. Батыштын байлыкка берилген элинин байлыкты Кудайдан жогору коюп, аны бакыт-таалай деп тааныганы батыштагы кризистин пайда болушуна алып келди. Экономкикалык кризистин чыгыш себеби руханий кризистин натыйжасы. Ар бир диндин жаралуу тарыхы бар. Уламыштарда айтылат, Аравияда ислам динин Мухаммед таратып атканда Кудайдын бу да бир буйругу болсо керек, атчандар барып калышкан экен. “Каяктан келдиңер”, десе, “Биз улуу тоолордон келгенбиз”, дешиптир. Чоң тоолор каякта? Алар Ала – Тоодо, бизде. Мухаммед пайгамбар нагыз мусулмандар силер экенсиңер деген экен. Муну менен айтайын дегеним ислам дининин, христиан дининин таалим – тарбиясы тарагычакты кыргыз баласынын Теңирди таануу, түшүнүү аң – сезими калыптанып калган.

– Улустун Улуу күнүнө удаалаш Ынтымак курултайы өткөнү турат. Ага сиз да катышасыз. Жыл тогошкон Улуу күндө улут үчүн кандай улуулукту жасоо алдында турасыздар?
– 17 – мартта оппозиция курултай өткөрүп, 18- мартта тарыхка байланыштуу чогулуш болгону атат, андан соң Улуу күн. Жыл тогошуп, жыл айрылышканы турат. Андан соң элдик курултайы. Ынтымак курултайы деген керек иш. Чыгармачыл адам катары чыгармачылык ишиме, шартыма жараша тоо – талаада көп болгом. Бороондо калгам, Алтайда суукта калгам, тайгада аюу менен бет келишкем. Өз тоолордо да жамгырда, карда калгам. Чыгармачылыгык жылдарымдын көпчүлүгү түштүк талаалардагы пахтачыларга арналган. Дыйкандардын үйүндө кудайы конок болуп жүргөм. Менин айтайын дегеним, мен чыгармачылык адам катары ой чогултушум керек, каармандарды, бейнелерди эл арасынан, асман – жерден, тоо – талаадан чогултпасам чыгармачылыгым да жанагы камгактай болуп калат да. Ошон үчүн курултайга мүчө болдум. Элди кантип багабыз деген суроонун ортосунда турушат. Менин максатым жетекчи болууда эмес, ар бир адам өз кесиби боюнча элге күнүгө бир эмгек жасап туруш керек.

– Кыргыз элинин Ынтымак курултайы сыяктуу “тегерек үстөлдөрдөн” таба турган пайдасы, өнүгүп – өсүү мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойсузбу?
– Силердин гезитиңер эркин газеталардын ичинен эң улуусу экенин билем. Улустун Улуу күнү Көкө Теңир колдосун, Жараткан жар болсун. Кыргыздын руху деп атасыңар. Болуп аткан көйгөйлөрүңөрдүн чет жакасын угуп атам. Жамандык болбой жакшылык болбойт дейт. Элге кан менен жандагы, сөөктөгү маалыматты акыл менен эстин ортосунда берсеңер жакшы. Бала кезде, согуштун астына биздин айылдын чок ортосундагы кара жыгачтарды кыйышкан экен. Ошондон араба жасашыптыр. Кеминде 30 – 40 сотых жердеги арактардын дүмүрлөрү эле калыптыр. Кийин бадага барган уйлар, кесүүдөгү кой-эчкилер дүмүрдү мүлжүп отурушат. Кийинчерээк ал жерге бала бакча салынып, чекеси короолонду. Анан көрүп ал, дүмүрлөрдүн дүркүрөп өскөнүн. Айтайын дегеним – кыргызда да дүмүр бар, кыргыздын баатыр, акылман бабаларынан калган дүмүр турат, ошону короолосок, ким бирөөлөрдүн мүлжүп кетүүсүнөн сактасак, эртең эле дүркүрөп өсүп, кыргыз экономикалык жактан болсун, руханий жактан болсун алдыга озгон, дүпүйгөн токойго айланып чыга келээри шексиз.

– Тарыхты, адамзаттын баскан жолун кыл калем менен элеске айлантып келатасыз. Ошол тарыхтын кайсы уңгусун өзүбүзгө үлгү кылып алсак болот?
– Кудайды алдайсың. Бир нерсе айтайын, Курманжан датканын уулу Камчыбекти орустар колго түшүрүп алат. Курманжан датка горнизондун командирине баласын кыргыздын ханышасы катары сурап алганга мүмкүнчүлүгү бар болгон экен. Мүмкүн сурап аласызбы дегендей мамиле кылышкан окшойт. Жок дейт. Баласы менен кошо кармалган бир топ кыргыз жигиттерин айылдын ортосуна орнотулган даргага асаарда датка уулуна “Башыңды өйдө көтөр!” дейт. Ал өзүнүн боорунан чыккан баласы!.. Эненин жүрөгү миң жеринен тилинип сыздагандыр, боорунан кан өткөндүр, бирок сыртынан сыр алдырган жок, кайратынан тайбады!.. Бул Шекспирдин оюна келбей турган трагедия… Ошондой окуя Улуу Ата – Мекендик согуш учурунда Сталинде да болгон. Уулу немецтерге колго түшүп, Гитлерден кабар келет балаңызды айырбаштабайлыбы деген. Сталин: “Мен генералды солдатка алмаштырбайм!” дейт. Карачы, бул деген не деген азап, арман. Бирөө аял киши, эне, бирөө ата. Нарк деген ушул да. Атанын балага, эненин кызга болгон, атуулдун мекенге болгон мамилеси жатат. Биз кыргыздар түпкүрдөгү, кандагы акыл-эсти ойготсок кыргыздар бат эле ирденебиз. Курманжан датка эмне үчүн өрнөк катары даңаза болуп жүрөт? Журт башкарган аялзаттарга жарды эмес тарых. А бирок ошолор Курманжан энебиз барган кадамга бара алышат беле?.. Сталиндин убагында далай азаматтар репрессияга кабылышса да, Сталиндин ошол эрдигине баш ийбөөгө аргасызбыз. Сталинди эмгиче жакшы көрөм.

– Улуу күндүн алдында улуу суроо берейин. Кыргыздын Улуулугу эмнеде? Улуулукка жетүү үчүн эмнеден абайлап, эмнеге ык ташташыбыз керек?
– Улуу сөздөрдү, улуу кадамдарды кайра-кайра эстеп туруш керек. Кыргыздар адамды кирип-чыкканча эле басканынан, отурганынан, тамактанганынан, сүйлөгөнүнөн эле сынап коюшкан. Кыргыздын акылы көзүндө деген сөз бар. Эл оозунда элек жок болсо дагы эл акылы таза. Биз курактуулар сөзүнүн маанисине ката кетирбей сүйлөш керек. Сөздүн ачыгы Чыкени ааламдын Айматову деп атышпайбы. Аалам Айтматовду укпайт. Кыргыз сөз сүйлөөнүн адебин билиш керек. Ал жер жүзүндөгү бир пенде, анан аны аалам укмак беле. Пенденин оозундагы Кудайдын кулагында деген сөз бар. Бөлөк элдерде жок. Орустарда “Век живи, век учись” дегени бар, бул бизде жок. 1990 – жылдагы Ош тополоңунда “Эй акмактар, силерди ким чакырды?!”, деп алайлыктарга айткан Чыкенин кебин эл унутпайт. Биз курактуулар колдон келсе, акылы жетсе туура эмес сүйлөбөш керек. Тополоң болуп атканда ар бир кыргыз абай салып турган, эмне болуп кетээр экен деп. Орто Азияда от тутанып кетмек. Чыкени ал кезде Горбачевдун жардамчысы, кадыр-баркы күчтүү болгон. Аны кыргызды тынчтантуу үчүн жиберишет. Анан ал шарт-жагдайды түшүнбөй эле келип туруп топтолушкан алайлыктарга “эй акмактар, силерди ким чакырды?!” деген катуу сөзүн айтып алат. Адамзаттын Айтматову болсо антип айтпаш керек эле. Өсөөр өзүн сыйлайт, өспөс жатын сыйлайт дейт. Чыкени азыр дагы жакшы көрөм, өнөрканама келип эки сааттай сүйлөшүп отурганбыз, мен анын чыгармалары менен чоңойдум. Бирок тилден жаңылган турбайт экен. Ошон үчүн кыргызда эстүү бол, эсиңди жый, эсиңе кел дешет. Карачы кандай улуу сөз. Карагайдын дүмүрү дүркүрөп өсүп кеткендей улуу муундар туура сүйлөсөк кичүүлөрдү жакшы жолго баштаган болобуз. Чыкенин кыргыздын көз алдында кетирген үч жаңылыштыгы бар: Акаевди алып келгени,Бринштейнди алып келгени, анан алайлыктарды акмак дегени. Кумтөр оперейтн компаниянын кыргыздын жеринен алган алтындары 250 тоннага барабар деп атышпайбы. Тоолорду мазар деп коюшат. Ошондуктан ар бир кыргыз президент болобу, депутат болобу, жөнөкөй дыйкан болобу “бүгүнкү көргөн эртең жок атаңдын көрү дүйнө бок”, дегендей кыргызга тиешелүү байлыктарды кыргыздын келечек муундарына гана таандык кылып өткөрүп берүүгө жанын аябаш керек. Улуу күн тогошуу алдында турат, улуу сөздөрдү сүйлөйлү, кылган – эткенибиз да эртеңки күндө уул – кыздарыбызга улуулуктун сабагы катары калсын, улуулуктан четтебейли, улуулукту тепсебейли.

Гүлмайрам ТУРУСБЕКОВА, «Кыргыз руху» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.