Бишкекте жапон кинолорунун фестивалы өтөт

BD94EACF-E966-4852-9BDC-40B67EAAFB1E_mw800_mh600Иш-чаранын жүрүшүндө жапон режиссерлору тарткан эски жана жаңы тасмалар кино күйөрмандарына бекер көрсөтүлөт.

Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги уюштурган фестивалдын программасына жапон режиссерлору тарткан 4 тасма кирген. Аталган элчиликтин маданий иштер боюнча өкүлү Цутому Шибатанын айтымында, тасмаларды кылдаттык менен тандашкан:
-Биз тасмаларды тандап жатканда Жапонияда көрөрмандардын канчалык кызыгуусун жаратканын эске алдык. Ошондой эле эл аралык кинофестивалдарга катышып, байгелүү орундарга татыктуу болгон фильмдерди тандап алдык.

Цутому билдиргендей жапон кинолорунун фестивалынан көрөрмандар мектеп окуучулары тууралуу “Мен жасай алам” аттуу тасма, жапон режиссеру Митани тарткан “Биздин үй тууралуу” жана башка тасмалар. Бул тасмаларда Жапониянын белгилүү актерлору ойношкон. Жапон кинолорунун фестивалына ар кыл көрөрмандар келишет. Андыктан тасмалардын да ар тараптан кызыктуу болушуна аракеттендик, деди режиссер Цутому:
– Биздин кинофестивалдарга дайым көп көрүүчүлөр келишет. Алардын арасында Жапония тууралуу жакшы кабардар көрүүчүлөр бар, ошол эле учурда биздин өлкө тууралуу такыр маалыматтары жоктор да кезигет. Андыктан келген көрөрмандар жакшы таасирлер менен кайтышы үчүн аракеттенебиз.

Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаровдун пикиринде, Жапон кинолору учурда мурунку жылдарга салыштырмалуу аксап калган, бирок кандай болбосун мындай кинофестивалдар жергиликтүү кино күйөрмандарына жакшы таасирлерин берет.

Кыргыз кино департаментинин жетекчиси Абибила Пазылов кабарлагандай, Жапония менен Кыргызстандын маданий алакасы анын ичинен кино жаатындагы байланыштар илгертеден эле түптөлгөн. Ал мамилени мындан ары да бекемдөө максаттары бар.

– Жапондордун Тосиро Мифуне аттуу мыкты актеру бизге келип, кыргыздын белгилүү киноишмерлери менен жолугуп кеткени баарыбыздын эсибизде. Сүймөнкул Чокморов жапондор менен советтик тасмада тартылган. Кийинки мезгилде Бишкекте жыл сайын жапон кинофестивалы өтүп, соңку мезгилде тартылган тасмаларын көрсөтүп турат.

Жапон кинолорунун биринчи фестивалы 2003-жылы уюштурулган. Бул жолу бешинчи ирет өткөрүлүүдө. Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги мындай фестивалдарды келечекте дубандарда да өткөрүүнү көздөөдө. Ошондой эле Жапон күнү, Жапон ашканасы жана башка ушул сыяктуу бир катар маданий иш-чараларды уюштурулмакчы.

Айжан Шаботоева, “Азаттык”, 23.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.