Жаңы маданияттын зарылдыгы

Бул сөздүн келип чыгышына эки нерсе түрткү берди. Биринчиден, “Манас Эл” кыймылы ишемби сайын Тарых музейинде “Манас” айттырып улуттун духун көтөрөлү деп сүйлөшкөндөн кийин, керек учурунда манасчы таппай, сүйлөшүп койгондору келбей калып кыйналчу болду. Манасчыларыбыз жок болсо бир жөн, Кудайга шүгүр, уучубуз куру эмес, бери жагы жети күн, ары жагы кырк күн айткандары бар. Анан даяр аудитория турса, минтип көңүл бурбаганы – бул жөн эле кыргыздын канындагы унутчаактыкпы, же тоготпостукпу, же куру аякка бата жүрбөйт деген мамилесиби, эмгиче түшүнүксүз. Мамлекет сазга батып, Манасын Кытайга тарттырып ийип унчуга албай турса элди ойгото албаган манасчылар анан качан ойготкон жүрөт деген ой аргасыздан келет экен.

Экинчиден, жакында “Бакдөөлөт” кыймылы уюштурган “Акындар акты сүйлөсө” деген чоң иш-чара болуп өттү. Аталышына кызыгып өнөр ышкыбоздору көп барган менен, акындардын ичинен коркпой-үркпөй акты сүйлөгөн, бүгүнкүнүн көкөй кести көйгөйүн ачык айткан жалаң Элмирбек Иманалиев болду окшойт. Калгандарыныкы жадатма жалпы сөз болуп элдин жадында деле калган жок. Баарынан да биз билгендерден аткан октой кеби бар Аалы Туткучев, эл сүймөнчүгүнө айланган “автомат” Жеңишбек Токтобеков, сабалаган саргашка Амантай Кутманалиев ж. б. төбөсү көрүнгөн төкмөлөрдүн карааны көзгө илинбеди, кайда экени билинбеди. Улут башына күн түшкөн ушундай маалда акындардын ак сөзүн уккусу келип, ошолорду сагынган көрөрмандар бир татым тузу кем кайтты.

Чындап келсе бул окуялардын түбү жалпы эле маданият багытындагы эң орчундуу маселелердин бирине барып такалат.

Негизи кыргыздагы эле эмес, бүт дүйнө жүзүндөгү өнөр айдыңында барып-келип эки гана субъект бар – ал Өнөрпоз жана Эл. Элдин эки ролу бар. Биринчи ролун айтсак, эл ичи – өнөр кенчи. Өнөрдүн жаратуучусу, булагы дегенибиз – Эл өзү. Садык Шернияз эл ичинен терип келип, балапан кезинен чоң төкмөлөрдүн мектебинен өткөрүп, акыры азыркы деңгээлине өстүрүп чыккан каражаак жезтаңдай акындардын бүгүнкү ийгиликтери буга жакшы күбө. Экинчи ролу да жалпыга белгилүү – өнөрдүн угарманы да, көрөрманы да Эл. Өнөр ээси өз чеберчилигин Элге арнабаганда кимге арнайт? Кезегинде Батышта “Өнөрдүн өзү максат” (“Искусство ради искусства”) деген көз караштар калыптанганы менен, акыры түбү андай принцип суу кечпей калганын турмуш далай жолу далилдеген. Өзү жашаган кылымдан көңүлү калып, чыгармачыларына ар кандай эксперимент кылып жүрүп рух бийигине каалгып чыккан атактуу жапан жазуучусу Акутагава Рюноске да акыры түбү Элге кайрылып, тамырына тартылган. Элдин тагдырында эмнелер мааниге ээ болоорун тыкан изилдеп, өз мезгилинде улуу Ленин да “Партиялык уюм жана партиялык адабият” деген макаласын бекеринен жазбаса керек. Албетте, анын дагы өз дооруна карата чектелүү жактары көп болгон, мезгилге жараша тар түшүнүктө жазылган, бирок кеп анда эмес.

Кеп ошол чоң маселенин бүгүн да кабыргасынан коюлуп жатканында. Бүгүн Кыргызстандын шартында, изилдей келсек, Эл менен Өнөр ээсинин ортосунда гармония тургай, тыгыз байланыш жок экен. Анткени ал байланышты камсыз кыла турган система жок экен. Ошондуктан өнөр дүйнөсү Элдин өнүгүшүнө жетиштүү салым кошо албай жатат.

Дегеле өнөр жаатындагы адамдар эмнеге, кимге кызмат кылышы керек? Милдети баягы эле – турмуш чындыгын көрсөтүү, элдикин элге берүү, адамдык сапатын арттыруу. Аныгын айтканда, Элдин өзүнө кызмат кылышы керек. Бизде болсо акыркы жылдары адам болбой жатып акын болуп алгандар, жарандык сезими жок жазуучулар, атуулдук позициясы жок аалымдар көбөйдү. “Акын болуш өз ишиң, жаран болуш милдетиң” деген орус интеллигенциясынын эң сонун принциби унутта калды. Адабий процесс дээрлик хаоско түшүп, баласы башкарма болгондордун баары калп-чынын койгулатып бай-манап болгон бабаларын мактатып китеп жаздыра берип, окурманды иренжитип салды. Болбосо ыраматылык Салижан Жигитов айтмакчы, Кыргызстан эгемендик алгандан бери Шекспир жаза турган, Бальзак жаза турган чоң өзгөрүүлөр, татаал тагдырлар болду эле го! Ошого карабай жазуучуларыбыз жалаң эски заманды көкөлөтүп, азыркы учурга такыр эле тиши өтпөй койду.

Эл менен Өнөр ээсинин ортосунда ажырым кеткенде ортодо бош калган вакуум ошол бойдон тура бербейт. Ортосун бети калың халтура толтурат. Өрдөк жокто чулдук бий болот. Обончулук, ырчылык жаатындагы абал так ошону кашкайта көрсөтүп турат. Жумамүдүн Шералиевдин, Түгөлбай Казаковдун, Ырысбай Абдыкадыровдун, Асангалый Керимбаевдин ж. б. залкар обончулардын шыйрагына тең келбегендер касиет качкан обондорду күргүштөтүп, элдин табитин таманга түшүрүп аткан кези. Өз обону аз келгенсип эски обондорду кыйшандатып бузуп ырдап, башкалардын да баркын кетирип жатышат. Аларды жеңил-желпи басылмалар ого бетер ураалатып, бул дүйнө жүзүндө ушулардан башка дегеле эч ким жоктой, дүйнөнүн түркүгү ушулар эле болуп калгандай, кандай машине алып, ким менен сүйлөшкөнүнө чейин туш тараптан таңуулап киришти. Арасынан бирин-экин жакшылары жаркырап чыкса, аны да калгандары жалпы масса менен жалпайта басып кетип атышат. Табити бар угарман ошондойлорду издеп таппай, акыр-чикирден алтын издегендей абалга түштү. Кыскасы, кыргыз музыкасын (балким башка да толгон-токой тармактарды) табити жаман таракандар басты. Болгон жылчык-тешиктин баарынан баш багып итиркейди келтирип бүттү. Деги ушулардан кутулаар күн болобу?

Коммерция баарын оңдойт, эл өзү туурасын тандайт деп базар фундаменталисттери жаагын жанып сайрашты эле. Оңдобойт экен, тандабайт экен! Оңдомок тургай бузат экен. Элдик жасалга-колдонмо өнөр жаатындагы азыркы абалыбыз да ушуну көрсөтүп турат. Сувенир дүкөндөрүнө барсаңар улуттук өнөрдүн нугу башкага бурулуп, башканыкы басып баратканын көрөсүңөр. Табылгы саптуу камчы жок, бүт эле мүйүз саптуу камчылар толуп кетти. Качан ушундай болду эле кыргызда? Кайран шырдак, ала кийиз, туш кийиз, сайма кайда жоголду? Каражаак булдурсун, кадимки жигит камчы кайда? Эл суктангыдай ээр-токум кайда? Заманга ылайык жарашыктуу тигилген улуттук кийим кайда? Нукура кыргыздын кылычы кандай болгон, жаасы (сувенир эмес, чыныгы жоокердик) кантип жасалган? Ушуну билген өнөр ээлери, тарыхчылар барбы, колубузга кармап, кадимкидей бута коюп атып көрсөк болобу? “Мына момундай жасалат” деп жасап, көрсөтүп, ошону далилдеп бергилечи, дегеле батабызды берели. Биз ким болгонубузду, кандай курал менен согушканыбызды, аскердик тактикабыз кандай болгонун сак-усун-огуздарга байланыштырбай, нагыз кыргыздын тарыхынан билгибиз келет. Башкасын коюп кыргыздын куралын кыргызга бергилечи!

Бул эми учуру келгенде айтылган сөз. Чындап келсе маселе андан да тереңирээк. Задорнов айтты эле, “орустарда улуттун абийири жазуучулар, америкалыктарда – юристтер” деп. Бизде, кыргызда, улуттун абийири ким экени эмгиче белгисиз. Эл кимге карап түздөнүп, кимге карата адамдыгын аныктайт? Ошондой катмар барбы? Азырынча көрүнбөйт.

Көрүнгөндөрү – Кыргызстандын рельефтик картасын торт кылып канайымга тартуу кылган кангыбаш базарчылар. Шайлоо сайын “каруселге” түшүп ойногон мугалимдер. Биринен сала бирин саткан, бийликке барса миңин саткан саясатчылар. Кыргыздык касиети жок кызтекедей тележылдыздар. Окуусун пара менен бүтүргөн студенттер. Өзбек жарандары таш ыргытса качып кеткен чекарачылар. Мааникери тургай, Манасын кошо тартып алса да маани бербеген майболпоч кыргыз, аны башкарып алган “Максималдуу” мафиянын Кудайдан жөө качкан жөөт-бөөттөрү. Мынакей, биздин замандын каармандары.

Эми эмне кылыш керек? Бул маселени чечүүнүн жок дегенде үч багыты бар.

Биринчиси – улуттук маданияттын, улутка күйгөн инсандардын жана демөөрчүлөрдүн чоң жыйынын өткөрүп: “Маданиятты кантип улуттун руханий өнүгүшүнө салым коштурабыз, кантип элдин табитин тарбиялайбыз?” деген маселени талкууга алып чыгыш керек. Балким ошондой форумду такай иштей турган коомдук институтка айландыруу зарылдыгы чыгышы да мүмкүн. Ошондо бул тармакка тиешелүү тараптардын ортосунда коммуникация түзүлүп, көптөгөн жакшы сунуштар пайда болот.

Экинчи жолу – Маданият агенттигинде ар бир тармак боюнча көркөм кеңештерди ачып, ага өнөрү эле эмес, калыстыгы менен да таанылган, абройлуу адамдарды киргизүү жана аны кандайдыр эталонго айландыруу. Кайсы бир жагынан алганда бул административдик ыкма. Мисалы, фармакологияда “Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан сунуш кылынган” деген атайын жазуулар дары-дармектердин канчалык ишенимдүү экенин көрсөтүп турат. Бул көркөм кеңештердин тыянактары да ошондой күчкө ээ болууга тийиш. Бирок мунун бир коркунучтуу жагы – акты сүйлөгөн акындарды, турмуш чындыгын көрсөткөн режиссерлорду алып чыкпай өз тааныш-билиштерин алып чыгышы да мүмкүн. Бирок баары бир азыркыдай табит бузган халтура азая түшөт эле. Консерваторлордун ушунда бир пайдасы тийет эле.

Үчүнчүсү – мамлекеттин маданиятка болгон мамилесин түптамырынан бери өзгөртүп, аны кыргыз элинин тарыхый тажрыйбасына, кыртышына жакындаштырып, улуттук, мекенчил нукка бурган парадигмаларга бет алуу. Бул эң жакшы жолу. Бирок азыркы бийликтин шартында бул вариантка жол жок, качан болоору да белгисиз. Андыктан аны келечектин иши катары санап, ага чейин айтылган эки вариантты ойлонуштура бериш керек. Үчүнчүсүнүн да учуру келээр.

Эң негизгиси – Кыргызстан жаңы маданиятка, ага болгон мамлекеттин жаңыча мамилесине муктаж. Маданият Батышка-Чыгышка эмес, улутубуздун, мекенибиздин кызыкчылыгына, атуулдук мамиленин өөрчүп-өсүшүнө, табиттин жакшырышына кызмат кылып, тарыхка, азыркы заманга жана келечекке карата элдин көзүн ачып, көкүрөгүн тазалашы зарыл. Улуттун кызыкчылыгына кызмат кылбаган өнөрдүн эч кимге кереги жок. Ушуну түшүнө турган учур келди.

Жыргалбек Касаболотов

Соц тармактар:

One thought on “Жаңы маданияттын зарылдыгы

  • 16.03.2011 at 15:55
    Permalink

    Ой толгоо
    Мисалы мен акыркы мезгилде кайгы-муунга чөкпөй оптимизмге толуп жорго салып турган кербезим.
    Албетте, маданиятыбыздын, мунун глобалдык маанисинде гана эмес, бирок күндөлүк турмушушбуздагы маданияттын саз эмей, чуңкур казып…ошо чуңкурда бейкапар отурганыбыз ойчул-күйүмчүл адамды четте калтырбайт.
    Ооба, азыр карасаң саясаттын элдин күндөлүк турмушуна сиңип калышы таң калтырбайт, эки мас жолдо кетип баратып, “ай, Каддафи тигилерге каршы аскер учактарын жөнөтүп жатат го” дегени кадимки эле көрүнүш болуп калды. Ал эми, маданиятыбыздын мамлекеттик деңгээлдеги акыбалына сөз жок.
    Бул жөн гана саясий эмей идеологиялык приоритеттердин туура эмес тандалышынан гана эмес, бирок ар бир адамдын жанагы күндөлүк турмушунун “каддафиленип” барышынан.
    Мындай сын таккан жерим жок. Чучук жеп май басып кеткен көз карашыбыз азыр аны анча деле түшүнө элек. Мамлекет тарабынан маданиятты колдоону күтүү абдан эле күлкүлүү. Бирок ар бир адамдын эмтен эле намыстанып аста-аста “өзүнүн кичи мамлекетинин маданиятынын деңгээлин көтөрүүдөн” башталса, бара-бара чоң мамлекетибизге жетет. Үй-бүлө – мамлекеттин өзөгү демекчи, ушул ар бир үй-бүлөнүн кудурети менен “көп түкүрсө көл болот” сымак алдыга умтулганыбыз оңураак көрүнөт.
    Энтузиасттардын биригиши да болочокто өз үзүрүн көргөзудөй. Беш-алты адам биригип алп акындар, чыгаан жазуучуларыбыз тууралуу маалыматтарды топтоп, аларга таандык болгон чыгармаларды, окуя-икаяларды, сүрөт, эскерүүлөрдү чогултса, анан бир чоң альманах менен берсе, адабиятыбыздын канаттарын жайышына өбөлгө.
    Биздин айыл жүз отуз түтүн демекчи. Ар бир түтүндөн бир эки күйөрман чыгаттыр. Анан кызыкчылыктарына жараша бир ынтымак менен бир чоң ишти аркалоо. Блибейм, кичине примитивдүү жөп-жөнөкөй көрүнөт.
    Аткаминерлер, колунда барларды мындай башатка да чакыруу же алардан жардам күтүү сокурга жарык бар экенин далилдөөгө тете. Анын кажети да жок. Бирок намысты тутуу зарыл! Айтор, мен кызыкмын, сен кызыксын, коом да кызык болот.
    Кызык кыргыздар биригейли. Опурталдуу, илхамдын келиши да тегиз бир калыпта болбойт экен.
    Ой толгообуз уланууда.
    hooohaaa6713@gmail.com

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.