Бишкекте “Джаз-Бишкек-Жаз” деп аталган бешинчи эл аралык фестиваль өтөт

Салттуу болуп калгандай джаз фестивалы 9-11-апрелге чейин Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.

“Борбор Азия- Артс Менеджмент” коомдук бирикмесинин коомчулук менен байланышуу боюнча консултанты Ольга Ниязалиева маалымдагандай, Бишкектеги фестивалга катышуу үчүн Европа жана  Азиядан таанымал жана жаңы  муундун музыканттары келмекчи.

Ага «CLIP! LA LUNE» (Франция),«The Magic of Nomads» (Казакстан), «Salt Peanuts» (Кыргызстан), джаз-бэнд Викрама Рузахунова (Кыргызстан), «JAM FIVE» (Өзбекстан), трио «GALLIO 3» (Швейцария), «Аура» (Кыргызстан), «Avesto» (Таджикстан), трио «Angela Trondle Trio Mosaik» (Австрия), Квартет Сурена Кярунца (Түркмөнстан) өңдүү топтор катышып мыкты чыгармаларын сунуштайт.

Фестивалды Санкт Петербург шаарынан келген белгилүү джаз сынчысы Владимир Борисович Фейертаг алып барат.

«Zpress.kg» МА, 26.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.