БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ

АВТОРДОН: Шайлообек Дүйшеев жогорку окуу жайында жалгыз окуп, жатаканада жалгыз жашаган эмес. Тегерегинде агалык акылын айткан, инилик көмөгүн, жолдоштук сыйын көрсөткөн жакшы санаалаш курсташтары арбын эле. Алардын бири – Искендер Жумабаев. Ата тарбиясын албай, эне мээримин көрбөй жетим өскөн Шайлообектин анда-санда кармай калчу агын суудай албуут кыялын эпке келтириш, жапайы тулпардай туйлаган азоо талантын тапка келтириш, турмуштук жана чыгармачылык тажрыйбасы аз бизге окшогон мадырабаш жаш жигиттер үчүн оңбогондой оор маселе эле. Шайлообектин терс толгоосу кармаганда далайыбыз жапырылып сыртка чыга качып, оң толгоосу кармаганда салам айтып каптап кирип келип, тийди-качты мамиледе болдук. Аягына чейин жалгыз Искендер чыдады. Ал баарыбыздан төөчөлүк өөдө билимдүү, акылдуу, токтоо жигит эле. Шайлообектин дээринин түпкүрүндө алтындай “жылт-жылт” этип көрүнүп-көрүнбөй, оңду-солду оодарылып жаткан нукура талантын жана чындык десе чыркырап жиберген адамдык мыкты сапатын сыйлачу. Ошол себептен улам оор жумуш көрбөй ойноок Шакени оңдоп, тажатма жумуш көрбөй тентек Шакени талыкпай түздөп келген Искенди Шаке жөнүндө жазып жатып кыйгап өтүш мүмкүн эмес экенин туюнуп, баянымдын атын да “Белгилүү Шайлообек Дүйшеев жана белгисиз Искендер Жумабаев” деп атадым. “Белгилүү…” дегеним нагыз таланттуу адам белгилүү болот эмеспи да, “белгисиз…” дегеним көпчүлүк акылман адам белгисиз калат эмеспи.

Шайлообек менен Искендер досумдун айырмасы, бирөө белгилүү, экинчиси белгисиз болгону менен мага экөө тең өтө сыйлуу жана баалуу…

Экөөбүз касиеттүү Таянь-Шань тоолорунан жолуктук
Биринчи курска өтөрүбүз менен жогорку окуу жайдын жетекчилиги Тянь-Шанга чөп чабыкка көмөк көрсөткөнгө жөнөтүшкөн. Сентябрь айында кайдагы чөп, эмне чөп деген түкшөмөл ой менен томураңдаган автобуска түшүп, ашуу ашып, бел басып Нарын районунун Оттук айылына келдик. Ал жерден жүк тарткан машинелерге чөп ордуна өзүбүздү жүктөп, туш тарабы кырка тоолор менен курчалган орто жайлоого алып келип ташташты.

Чөп дегени, куйкул күрөң тоолордун кең жайык коктуларына, түзөңдөрүнө агып келип токтоп калган көкмөк көлчөлөрдөй, төбөдө жалбырттап күйгөн күзгү күндүн өкүмүнө баш ийбей, быш десе бышпай, “бас десе баспай”, “желп” эткен желге жай толкуп, ыңгыранып ыңкып өскөн арпа талааларын айтат экен.

Арткы дөңгөлөктөрүнүн чаткаягын кеңейтип, капталына арсак тиштүү чалгы илип, тоодактай тартайган “Беларусь” тракторлору биздин эле келишибизди чыдамсыздык менен күтүп тургандай, таң эртелеп көк түтүнүн көккө бүркүп, чалгыларын шарактатып, бышпаган көкмөк арпаны жоо тийгендей чаап киришти. Чабылган чөп алешем кургары менен көчүгүнөн бөлүп-бөлүп кык ыргыткандай сулаган сол-сол чөптү сугунган чөп таңгактагыч артынан таңгак-таңгак чөп “чычып”, ал чөптү ойдон ойго, кырдан кырга жүктөп-ташып, алгачкы күндөн эле айыл чарбасына көмөгүбүздү кызуу көрсөтө баштадык . Биздин милдет күнүгө миңдеп туулган түгөнбөгөн таңгак чөптү талаадан тележкага жүктөп, ар коктунун оозунда аңырайып агарган кашарлардын тушуна заңгыратып үймөк үймөй. Каны толук кача элек таңгак арпа чөптүн зылдай оорун кантесиң. Айрыны житире сайып, эки алаканга “түү” деп түкүрүп, саал чалкалай түшүп, “оппа – а!” деп үн чыгарып ычкынып көтөргөнүңдө колуңдагы айрынын четин жыгачтан жасалган сабы качырап ийилип барып түзөлүп, калдайган таңгак чөп ары-бери калтаңдатып-теңселтип, киши боюнан бийик тележканын бортуна араң дегенде илинип, андан ары эсин жыйып оңоло албай оодарылып-оонаган мастай “күп” этип кулайт. Тележканын бортунун бийиктиги да эч нерсе эмес. Жүктөгөн чөп улам бийиктеген сайын көрүп ал. “Ал, эле ал! Тарт эле, тарт!” деп ар бир таңгак чөптү эки-үчөө айры менен алдынан тиреп, капталынан жөлөп, ары кетсе ары жапырылып, бери кетсе бери жапырылып, көкөлөтүп көтөрүп бериши керек. Үймөк үйгөндөрдүн шору жүктөгөндөрдүкүнөн кем эмес. Бел курчоосуна чейин чечинип алган жигиттер Египеттин пирамидаларына таш оодарып берип жаткансып, он чактысы жерде, үч-төртөө үймөктүн боорунда, бир-экөө үймөктүн үстүндө. “Бол эле, бол! Көтөр эле, көтөр!” дешип алы жеткени алы жетпегенин демитип, таңдан кечке тырмалаңдап тыным жок.

Чарбанын Кары деген кара тоголок бригадири бар экен. Буга чейин далай студенттердин кактабай канын соргон неме окшойт, кыйкырбайт, урушпайт, сөкпөйт, какпайт, жалкоолук кылып көз жазгырып көлөкө жерге жата калып эс алып жаткан студенттин артынан тыңчыдай акмалап жүрүп таап алып “рапорт жазам, окуудан чыгартам” деп канык профессордукундай калың көз айнегинин ары жагынан тептегерек көзү менен матап караганда, желмогузуңан да, балакетиңен да, шумдугуңан да коркпогон, бирок, окуудан көзү катып, араңдан зорго окууга өткөн биринчи курстун студенти “окуудан чыгартам” деген сөздөн өрт тийгендей коркуп, алдына жорголоп түшүп, каяка айдаса ошол жакка “кың” дебей башын шылкыйтып жөнөп берет. Кары бригадирдин кара жини кармаган күнү кара күүгүмгө чейин “ташка салып”, ак көңүлү кармаган күнү ашка салып, каалагандай калчап иштеткени ичибизден кыйкайып кыңырылган биз үчүн бара-бара көнүмүш адатка айлана баштады.

Эсил СССРдин заманында жогорку окуу жайына өтүш оңбогондой оор маселе эле. Тааныш табылса акча табылбайт, акча табылса тааныш табылбайт. “Таанышың болсо танкасың, таанышың жок болсо маңкасың” деген макалды эриккенде, эсиргенде кара күчүн жалаң темир-тезек көтөрүп жана терезе талкалагандан чыгарган Жаныбек Өмүралиев деген куркут моюн курсташыбыз ушундай жагдайдан улам чыгарса керек эле.

Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультети он бир жыл мурун жабылып калып, биз окууга тапшырып келгенден бир жыл мурун кайрадан ачылган экен. Эгерде Салижан Жигитов сыяктуу кайсы бир абийирдүү, акылман, чынчыл адам кирүү экзамендерине уруксат алуу үчүн чыгармачылык конкурс сынагынан өтүү тартибин кийирбегенде нечен жыл окууга өтө албай жүргөн бизге окшогон кара таман кедей-кембагалдардын уул-кыздары окууга өтөт белек, өтпөйт белек, ким билет. Он жылдап окууга өтпөй жүргөндөр да, ошол жылы жаңыдан онунчуну бүтүрүп келгендер да улуу-кичүү, кары-жашы дебей сорттолбогон, иргелбеген картошкадай чоң-кичинеси аралашып, күр окууга өтүп, курсташ болуп эле жатып калдык. Кары-жашы дегеним, Камилжан деген курсташыбыз жеңебизди жетелеп, төрт баласын бөпөлөп, Ноокат районунун даркан талаасын сегиз жыл ала калтырбай сугарган болсо, Макен деген курсташыбыз Москва районунда жети жыл кой багып, мыкты чабан деген медаль алганга жетишсе, Дөлөталы деген курсташыбыз он жетиден он сегизге толо элек, сарооз балапан кезинде окууга өтүп, курсташтар ар түрдүү курактагы, кебете-кешпирдеги кыз-жигиттерден куралдык. Жаш курак айырмачылыгы он жылдын ар жак, бер жагын чапчыган бул өнөрлүү жаштардын окуудан көзү катканын ушундан билиңиз, “окууга өтүшүңөр менен куттуктайбыз, келерки жуманын дүйшөмбүсүндө, саат сегиз нөл-нөлдө окуу жайдын баш корпусунун алдына атайын автобустар келип, сиздерди бир жарым айга Нарын областынын Тянь-Шань районуна чөп чабыкка алып кетишет. Кимде ким кечигип калса же келбей койсо, дароо окуудан чыгарылат” деген кураторубуздун жардыгын уккан курсташтарыбыздын “кимде ким кечигип калса же келбей койсо дароо окуудан чыгарылат” деген коркунучтуу сөз мээлерин көсөөдөй көсөп, курттай уялап, алыскы райондон келгендери кокус кечигип калабызбы, көлүк жок келбей калабызбы дешип айылына баргандан коркушуп, Фрунзе шаарындагы тааныштарын түп көтөрө кыдырышып, кийгенине жылуу кийим, жамынганына жылуу жууркан издешип, күндө бир маал окуу жайдан кабар алып, квартираларда, жатаканаларда саксактап жашап жүрүшсө, Камилжан, Абдишжан, Советбек сыяктуу окуудан таптакыр эле көзү каткан картаң курсташтарыбыз көргөн көзүнө, уккан кулагына да ишенбей, кокустан биз тааныштардын квартираларында мейманчылап жүргөндө жумушка баруу мөөнөтү өзгөрүп кетип, укпай-билбей калып шордобойлу дешип бир жума университеттин баш корпусун күнү-түнү кайтарып жатышып, качан айыл чарба жумушуна алып кетчү автобустар кас-катар тизилип токтогондо университеттин баш корпусунун маңдайындагы дүпүйгөн калың бактын түбүнөн уйкулуу көздөрүн ушалап, төшөктөрүн сүйрөп тура келгендери эсимде.

Ал заманда азыркы Бишкек, андагы Фрунзеде кыргыз аз. Жумшак “бны” каткалаң “пга” айлантып сүйлөгөн каракулжалык Жаңыбай аттуу жагоодой жалындаган курсташыбыз калдайган кең калаадан болор-болбос жыты эле бар алыс тууган таппай, окууга тапшырганда атактуу Шарип акенин базасынан тааныштан тааныш салып таап кийип келген кыры кылычтын мизиндей жука кара шымы, үстүндө үлпүлдөгөн гүлдүү ак көйнөгү, бутундагы мурду кесик модалуу патинкеси менен айыл чарба жумушуна барып, үлпүлдөгөн ак көйнөгү дал-далынан айрылганча, кара шымы капталынан сөгүлгөнчө, кесик мурун патинкеси апкытынан ажырагыча Кары бригадир кубалап иштетип, айыл чарба жумушу аяктап, Фрунзеге кайтаарда энеден туума караманча жылаңач калган Жаңыбайга Букен аттуу өңдүү-түстүү, адамкерчиликтүү курсташ кызыбыздын ашык шейшебин карызга сурап алып, кадимки Индиянын президенти Неруданын стилине салып ак шейшепти мойнунан чатына чейин чалып, жат көзүнөн далдаа, кызыл виного тойгузуп, индиянын ырларын боздотуп ырдатып аман-эсен алып келгенибизде жыпжылаңач калса да, айрылып-тытылып талаада калган “импортный” кийимдерине ичи күйбөй, Ошко барбай, окуудан чыкпай айыл чарба жумушунда иштеп келгенине ыраазы болгон.

… Кара тоголок Кары бригадир тамак жасаганга эки гана ашпозчу кызды жана суу ташып, отун жарып, от жакканга күндө бир дежур жигит калтырып, калганыбызды чөпкө кууп чыгат. Күндөрдүн бир күнүндө мен дежур болуп калдым.

Ашпозчу кыздардын айткан жумуштарын алеки саатта аткарып коюп, жылаңайлак бутума жалаңкат кайыш тапичке илип, тарпылдатып ары-бери басып жүрсөм, чатырда көлөкөлөп жата берип жедеп эриккенби, айтор, демейде дымы чыкпаган Асанкан агай ичкериден үн салып чакырып калды. Айткан тапшырмасын аткара салайын деген ойдо учуп жетип барсам, жумшагыдай түрү жок. Кара купайкеге башын жөлөп, кайдыгер чалкасынан жатат. “Атың ким эле” деп тактап сурайын деди окшойт, “а – ат” деп баратып, астыңкы-үстүңкү жаактарын тогосунан тайып кетчүдөй кере карыш чоюп, оозун аңырдай ачып эстегенде, эки көзүнөн жашы булактап куюлуп кетти. “Жаздыгынын” астында жаткан көк жээк ак бет аарчысын бүктөй кармап, эки көзүнөн куюлуп барып токтоп калган жашын аарчып, көк жээк ак бет аарчысын кайрадан бир оодарып кургактап бүктөп, кычышкан кырдач мурдун жанып-жанып алды да:
– Атың ким эле, иним? – деп тактап сурады.
– Нуралы.
– Эмне жазасың?
– Ыр, – дедим бир аз уялгансып.
– Жатка айтасыңбы же кагаз карап окуйсуңбу?
– Кээсин жатка, кээсин кагаз карап…
– Кана, окучу…
Мындай сунушту күтпөгөн жаным толкундай түштүм.
– Уялба, оку, – деп кошумчалап койду.

Айыл чарба жумушунда жүргөн элүү курсташымдын жыйырма беши акын, он беши жазуучу, үчөө драматург, экөө сынчы, калганы кара макала жазган журналист. Күндө болбосо да күн алыс кечкисин поэзия кечесин өткөрүп, бирибизден бирибиз кезек талашып ыр окуйбуз. Как эткен каргасы, кук эткен кузгуну жок Тянь-Шандын ээн жайлоосунда карманганыбыз эле ушул жалгыз Асанкан агай. Дабырап жол талашып ыр окуганда биз бири-бирибиз үчүн эле эмес, көбүнчө ушул Асанкан агайга жагыш үчүн окуйбуз. Кокустан Асанкан агай ким-бирөөнүн ырын “бали, азамат!” деп сүрөп койсо, бүттү, ал күнкү жеңиш ошонуку. Ошондой чоң абройлуу адам маңдайына чакырып алып ыр оку деп суранып турганы чоң жоопкерчилик сыяктандыбы, айтор, эң жакшы ырларыман окуюн деген ниетте колумдагы күрөң блокнотумдун барактарын биринин артынан бирин ооштуруп издей берип, ырларымдын жакшы менен жаманын айырмалай албай, таптакыр буйдалып калдым.

– Оку, окуй гой, – деп Асанкан агай дагы бир ирет кичи пейил жумшак үн менен сүрөп койду.

(Уландысы бар)

Нуралы КАПАРОВ, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 26.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.